Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

"Жыгылса эле сөөгү сынат". Аялды тооруган остеопороз


Коллаж (Эрлан Жумакадыров)
Коллаж (Эрлан Жумакадыров)

Адистердин маалыматында, остеопороз дүйнөдө жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана рак ооруларынан кийин төртүнчү орунда турат. Сөөктү морт кылып, сынууга жеткирген бул кандай дарт? Сөөк бекемдигин жоготкондон кийин кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

“Сергек жашоо” подкастында бүгүн адамды майыптыкка жеткирген остеопороз дарты жана анын пайда болуу себептерин кеп кылабыз. Бул дартка чалдыккан бейтаптарды тыңдайбыз. Эндокринолог дарыгер Дилбар Саттарова менен маек курабыз.

"Жыгылсам эле омурткаң сынат дешти"

Бишкектин тургуну Гүлназ ушу тапта апасын догдурга көргөзүп жүрөт. 72 жаштагы аялга алты жыл мурда остеопороз деген диагноз коюлган.

“Апам Баткенде жашачу. Айылда бели ооруганда догдурга барган экен. Ал жактан укалашып, ысыкка какташыптыр. Көрсө, антип дарылаганга болбойт экен. Баспай калганда Бишкекке алып келип, остеопороз болгонун билдик. Алты бир тууганбыз, кезек менен карадык. Апам азыр сыртка өзү кирип-чыгат, корсет кийип жүрөт. Омурткасында жарака бар, чыдатпай оорутат. Жакында эле догдурга көргөздүк, операция кылып, темир койсо болот дешти. Бирок ал деле кепилдик эмес, башка омурткасы сынып кетиши мүмкүн деп айтышты. Апам эрте, 40 жашында климакс болуптур. Көрсө, остеопороз гормоналдык системага байланыштуу оору турбайбы. Аялдар менопауза курагында өзүн карашы керек экен”, - дейт Гүлназ.

Остеопорозго чалдыккан адамдын көбүнчө жамбаш сөөгү, омурткасы, билеги жабыркайт.
Остеопорозго чалдыккан адамдын көбүнчө жамбаш сөөгү, омурткасы, билеги жабыркайт.

Остепороз медицинада “үнсүз ажал” деп аталат экен. Травматолог дарыгерлердин айтымында, Кыргызстанда бул дарт көп учурда адам сөөк-саагынан жаракат алгандан кийин гана аныкталат.

Бишкектин тургуну Гүлазат Туратбекова 47 жашта. Ал остеопорозго чалдыкканын буту катуу ооруп, рентгенге түшкөндө гана билген.

“Бала бакчада тарбиячы элем. Кароолчу болуп да иштеп жүрдүм. Бир жолу гүлдөрдү сугарып жатканда бутумдун кетменине резина түтүк тийип кетип, тырс дей түштү. Андан кийин аксап, чыдатпай ооруганынан рентгенге бардым. Ал жерде орус улутундагы улгайган аялдар иштейт экен, “жапжаш туруп, эмне келдиң?” деп жатышкан. Рентгендин жыйынтыгын көрүп эле “остеопороз болупсуң, муну менен 80 жаштагылар ооруйт” дешти. Ошол кезде 35тен жаңы өткөм. Жакшы дарыланганга деле чамам жеткен жок. Кальций ичип, дары май сүйкөп койгом. Азыр аксап басам, бутум ооруйт. Догдурга жаткан жокмун. Бирок сүт-айран ичем, этсиз турбайм. Кээде шаар четине эс алып келебиз. Төрт баламды чоңойтуп алсам, барып дарыланам деп жүрөм”.

Гүлазат төрт баласын кесарево жолу менен жарыкка алып келген. Ал остеопороздун пайда болушун дал ушул операция коштогон төрөттөн көрөт.

Дарыгерлер остеопорозду майыптыкка жеткирүүчү дарт катары мүнөздөшөт. Кальций жетпегендиктен сөөк борпоң тартып, жыгылса эле чорт сынып кетиши мүмкүн. Илимпоздор кальций жетишпесе, остеопороз жаш организмди деле аябай турганын эскертишет.

Нарындын тургуну, 29 жаштагы Самара оору азабын сегиз жылдан бери тартып келет. Дарыгерлер ага остеопороз кальций жетишпегенден улам пайда болгонун айткан.

“22 жашымда биринчи баламды төрөгөндөн кийин эле баспай калдым. Көрүнбөгөн жерим калган жок. Башында бирөө бөйрөктөн берип жатат десе, бирөө грыжа деп так диагноз коё алышкан эмес. Сколиоз болуп түз баса албай калдым. Рентгенге түштүм. Анан бир укалоочу эже “дагы төрөп көрбөйсүңбү, балким, белиң түзөлөт” деп кеңеш берди. Жаштык кылган экем, дагы төрөдүм. Мурдагыдан жаман болду, баспай калып дагы дарыландым. Балама алты ай толгондо, буттары кыйшык экенин байкадым. Таканчыктап тура албайт. Догдурга алып барсак, кальций жетпегендиктен жамбаш сөөгү өспөй калганын айтышты. Өзүмдү Бишкекке, “Кортекске” жиберишти, ошол жерден остеопороз болгонумду уктум. Көрсө, менде кальций башынан аз экен. Дарыланбай туруп экинчи төрөткө барып жаңылыпмын. Баламды дагы кыйнап коюпмун, ал дарылангандан кийин жакшы болуп кетти. Өзүмө бир жылдай "Бонвива" деген дары сайышты. Бир ампуласы 100 доллар турат экен. Андан бери беш жыл өттү. Азыр эки омурткамда жарака бар. Сексендеги ападай эле бүкүрөйүп калдым. Догдурлар "абайлап бас" деп эскертишкен. Кокус жыгылсам эле сөөк сынып кетиши мүмкүн экен”.

"Остеопороз - системдик оору"

Илимпоздордун маалыматында остеопороз дүйнөдө 45 жаштан өткөн аялдарда көп кездешет. 50 жаштан өткөн айрым эркектер да оорушу мүмкүн. Сейрек учурда балдардан да аныкталат. 2000-жылдардын ортосунда остеопороз дүйнөдөгү коркунучтуу дарттардын катарына кошулуп, ага каршы күрөш жарыялаган. Алдыда мунун себебин эндокринолог дарыгер Дилбар Саттарова айтып бермекчи.

- Дилбар айрым, остеопорозго чалдыгып, сөөгү сынган адамдарды негизи травматолог, ортопеддер дарылайт эмеспи. Ошол себептүү дарт тууралуу сизден маек алганым айрым окурмандарда суроо жаратышы мүмкүн. Сөөк дартынын эндокринологияга кандай тиешеси барын түшүндүрө кетсеңиз?

Дилбар Саттарова.
Дилбар Саттарова.

- Остеопороз - бул бир органдын иши бузулса, башкасына таасир эткен системдик оорулардын бири. Бул дартты пайда кылган себептердин башында эндокриндик системанын бузулушу турат. Остеопороз эки түргө бөлүнөт. Биринчиси – менопаузалык остеопороз. Муну менен көбүнчө төрөт курагынан өткөн аялдар ооруйт. Экинчи түрү - кээ бир ооруларга байланыштуу келип чыккан остеопороз. Мисалы, бейтаптын ичеги-карыны же ашказаны сезгенсе, эндокриндик системасы бузулса, бөйрөгү катуу ооруп, гемодиализге түшүп калса, остеопороз пайда болушу мүмкүн.

Биз адамда жогоруда санаган тобокелдиктер болсо, андан тышкары психотроптук жана онкологиялык дартка каршы дарыларды ичсе, остеопорозго күмөн санашыбыз мүмкүн. Гормоналдык дарыларды узак убакыт ичкен кишилер да остеопорозго чалдыгышы мүмкүн. Себеби алар кальцийди жууп, сөөктүн минералдык тыгыздыгын азайтат.

- Мисалы, кайсы гормоналдык дарылар?

- Калкан безинин аутоиммундук тиреодит деген оорусу бар. Мында без жакшы иштебей калат же операция болгон болот. Ошол учурда биз тиреоиддик гормонду жазабыз. Гормон ичкенде дагы кальций жуулуп чыгып кетет. Андыктан бейтап дарыгердин көрсөтмөсү менен кальций ичип турат.

- Кечиресиз, менопаузалык остеопороз деп жатпайсызбы. Оору аялдын тукум улоого жооптуу гормону – экстроген бөлүнүп чыкпай калганда пайда болобу ошондо?

- Экстроген - бир эле тукум улоого эмес, психикалык процесстерге да жооптуу, сөөктүн ичиндеги минералдарды сыртка чыгарбай кармап турган гормон. Ал аялдын жашы өйдөлөгөн сайын азайып отуруп, менопауза курагына жеткенде бөлүнүп чыкпай калат. Кармай турган гормон жок болгондон кийин кальций азайып, сөөк морт боло баштайт. Бирок кальций организмден бир эле экстроген жоктугунан чыгып кетпейт. Буга башка факторлор да себепчи болушу мүмкүн. Мисалы, менопауза курагындагы аял тамеки тартса, ичкиликке жакын болсо, гормоналдык таблеткаларды ичсе, аз кыймылдаса андан остеопорозду издеш керек. Остеопороздун бар-жогу денситометрия деген ыкма, анан рентгенография менен аныкталат. Бул ооруда көбүнчө омуртка, жамбаш сөөгү жана билек жабыркайт. Эгер адам бою 20-30 жаштагыга караганда бир жылда 1-1,5 сантиметрге кыскарып кеткенин байкаса, сөзсүз кандагы кальцийдин өлчөмүн текшерткени оң. Эгер дарыгер ооруга шек санаса, дарылана башташы керек.

- Кальцийдин сөөктө сакталышына экстрогенден башка гормондор дагы таасир этеби?

- Калкан безинин жанында организмде кальцийдин алмашуусуна жооптуу төрт без бар, паратгормон деп аталат. Эгер организмге D витамини жетиштүү кирбесе, паратгормон сөөктөгү кальцийди сууруп чыгат да, анын кандагы, кан тамырдагы өлчөмүн нормага салат. Андан тышкары, баштапкы гиперпаратиреоз деген оору бар. Бул ошол төрт бездин шишип кетиши. Мындай учурда да паратгормон көп бөлүнүп, сөөктүн ичиндеги кальцийди чыгара баштайт. Баштапкы гиперпаратиреоз хирургиялык жол менен дарыланат.

- Остеопороз коркунучу тооруп турганын билүү үчүн кандай анализдерди тапшыруу керек?

- Бизде айрымдар кандагы кальцийдин өлчөмүн текшерет да, менде баары жайында турбайбы деп жүрө берет. Бирок ал туура эмес. Организмде иондошкон кальцийдин, D витамининин өлчөмүн, паратгормонду кошо текшерүү керек. Ошондо гана адамда остеопорозго чалдыгуу коркунучу бар-жогу билинет. Остеопороз эрте аныкталса, сөөктөрдү сынууга жеткирбей кармап калса болот.

- Менопауза курагындагы аялдар остеопороз бар-жогун билүү үчүн кайсы адиске кайрылышы керек?

- Адегенде гинекологго. Ал бейтапты көргөндөн кийин кимге жиберишти өзү чечет. Ички органдары бузулган болсо гастроэнтерологго, бөйрөгү ооруп жатса нефрологго барууну сунуштайт. Эндокриндик система бузулса, бизге багыттама берет. Эгер анализдин жыйынтыгы остеопорозду көрсөтсө, ревматологго, ортопедге же травматологго жиберет.

- Жашы өтүп калган апалар тайып жыгылып кетсе эле колу-бутун сындырып алышат го, бул демек остеопороздун белгилери турбайбы?

- Тилекке каршы, ошондой. Бул дарттан көбүрөөк аялдар жабыркайт. Анткени биз бала төрөйбүз. Курсакта жаткан балага өзүбүздө болгон микроэлементтерди өткөрүп беребиз. Ошон үчүн 45 жаштан өткөн аялдар остеопорозго текшерилип коюшу керек. Кээ бир аялдар бул куракка чейин эле менопаузага кабылат, андай учурда дагы текшерүүдөн өтүшү керек. Бизде күнүмдүк тамак-аш менен кальций алынбайт. Көбүбүз эле кыймылсыз жашоого өтүп калдык. Ошонун баары остеопорозго чалдыгуу тобокелдигин жогорулатат.

- Кыймыл болгондо кальций сөөктөрдө айланып турабы же кандай?

- Кыймыл – бул туура тамактануу, анткени ичеги-карын иштей баштайт. Кыймыл - бул түшкө чейин сейилдеп, күндүн нурун алуу. Күндүн нуру менен териге D витамини кирет. Ал активдешкенде, ичеги-карынга кирген кальцийди сиңирүүгө жардам берет. Бул витаминдин жардамы менен сөөктөгү кальций толукталат. Остеопороз болгондо сөөктүн минералдык тыгыздыгы азаят деп жатпайбызбы. Мындайча айтканда, сөөк аарынын уясына окшошуп калат. Акыркы кезде ошол тешиктерди толуктай турган дарылар чыккан. Ошолор менен дарылашат.

- Демек, аялдар кальцийди ичип турушу керек турбайбы?

- Кальцийди баары эле ичүүгө шарт эмес. Аны тамак-аштан алганга аракет кылышы керек. Мисалы, кальцийге бай сүт-айран, жашылча-жемиш жеш керек. Өспүрүм курактагы балдардын сөөгү тез өсөт. Ошол учурда педиатрга көргөзсө, алар балага суткасына канча доза кальций керектигин аныктап берет. Ал эми кичине балдарды күнгө чыгарып, сейилдетүү керек. Анткени күн нурунан ала турган D витамини жок болсо, организмге кальций сиңбей турганын жогоруда айттык. Кальций сиңбесе балдар итий менен ооруйт, чоңдордо остеопороз пайда болот. Бирок дарыгер катары айтып кетким келет, кайсы бир витаминди, минералды же биологиялык активдүү кошулмаларды (БАК) ичүүдөн мурда сөзсүз анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүш керек. Өз алдынча алып иче бергенге болбойт. Анткени кальций бөйрөгүндө, өтүндө ташы бар адамдарга жакпай, терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

- Кичине балдар остеопорозго чалдыгышы мүмкүнбү?

- Сейрек учурларда гана кездешет. Балдар кальций жетпегенде көбүнчө итий болушат. Ошол себептүү биз балдарды түшкө чейин сыртка чыгарып, күндүн алдында сейилдетүүнү сунуштайбыз да.

- Эткел, сөөк-саактуу кыз-келиндер арыктаганда “кичирейип кеткенсиңби?” деп сурашат го. Демек ал сүйүнө турган жаңылык эмес турбайбы?

- Адамдын боюн өлчөгөндө моюну ченегичке түз турбай калса, омурткасы кыйшайып баратса, остеопороз бар деп билсе болот. Андан тышкары тырмагы сынып, тиши бузулса, чачы түшө баштаса, сөзсүз кальцийге, анан D витаминине анализ тапшырышы керек.

Кантип остеопороздун алдын алуу керек?
Кантип остеопороздун алдын алуу керек?

- Сиздерге күнүнө остеопорозго чалдыккан канча адам кайрылат?

- Күнүнө 20-25 киши көрсөк, 10-15ин остеопорозго күмөн санайбыз. Бирок көбү атайын текшерүүгө макул болбойт. Анткени денситометрия кымбат, жеке медициналык мекемелерде гана жасалат. Анализдер деле арзан эмес. Бирок биз гормоналдык дарыларды дайыма ичкен бейтаптарга кальций жазабыз.

- Остеопороз 2000-жылдардын башында эле дүйнөдө адамды майыптыкка андан ары өлүмгө жеткирчү дарт деп табылган экен. Кыргызстанда ооруга каршы күрөшүү күнү белгиленип, түшүндүрүү иштери жүрүп турабы?

- Эндокринологиялык оорулардан бизде кант диабетинин көйгөйү курч. Ошол дартка анан калкан сымал бездин оорусуна каршы иш-чараларды ноябрь-май айларында өткөрүп келебиз. Остеопорозго каршы дүйнөдө иш-чаралар өтүп турат экен. Бирок бул системдик оору болгондуктан биз белгилей элекпиз. Анткен менен бейтаптар көрүнгөнү келгенде бул дарт тууралуу айтып турабыз.

Макаланын аудиосун бул жерден уга аласыз.

XS
SM
MD
LG