Кара-Кулжа районунун 60 жаштагы тургуну Нурийла Балтаева IT курска окуп, жаңы кесипти өздөштүрдү. Ал мектепте иштеп, пенсияга чыккан соң үйдө олтуруп каражат табууну көздөп жатат. Жаштар менен жарыша программа жасоого киришкен Нурийла окуп- үйрөнүүнүн эрте-кечи жок деген көз карашта.
«Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму Баткенде чек арага жакын жашаган айыл тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө. Адистер ар кандай чыр-чатактарды баштан кечирип, коркуп жашагандарга тийиштүү жардам берилбесе жалпы саламаттыгы жабыркашы мүмкүн экенин белгилешет.
Балыкчы шаарына эки жыл мурун "Бактылуу эне" кризисттик борбору ачылган. Бул маалда 80ден ашык аялга ар кандай жардам көрсөткөн. Азыр дагы зомбулуктан улам кайрылган аялдардын саны аз эмес. Балыкчыда психолог адистер жок. Ал эми борбор мындай адистерге абдан муктаж.
Талас облусундагы 1976-жылы ишке берилген Киров суу сактагычында быйыл суунун көлөмү эң төмөнкү чекке түштү. 550 млн метр куб суу баткан суу сактагычка топтолгон суунун 80% коңшу Казакстан, 20% Кыргызстан колдонот.
Кыргызстандык хоккейчи Султан Исманов канадалык "Нортумберленд Старс" хоккей командасы менен бир жылга келишим түздү. Исманов Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу жана хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын III дивизионунун эки жолку чемпиону.
Орусиядан бир катар дүйнөлүк ири бренддердин чыгып кетиши Кыргызстандагы тигүү тармагынын өсүшүнө негиз берүүдө. Тармактын кирешеси былтыр 9,5 млрд сомдон ашкан.
Чүйдүн Лебединовка жана Көк-Жар айылынан жер тилкесин алган жүздөй тургун жер мунапысына байланыштуу 10-августта облустук акимчиликтин алдына митингге чыкты. Алар "жер мунапысы тууралуу мыйзам тандалма жүрүп жатат" деп нааразы болууда.
Дагы жүктөңүз