Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

АКШ Украинага аскердик жардамды жандантканы кабарланды


Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбиха менен Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский. 12-март, 2025-жыл. Варшава.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбиха менен Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский. 12-март, 2025-жыл. Варшава.

АКШнын Украинага аскердик жардам көрсөтүүсүн кайра жандантып, курал-жабдык Польша аркылуу өтө баштады.

Бул тууралуу 12-мартта Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский билдирди.

Ал Жиддадагы сүйлөшүүдөн кайтып келген украин тышкы иштер министри Андрей Сыбиха менен биргеликте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Польшанын түштүк-чыгышындагы логистикалык борбор аркылуу курал-жабдык өтө баштаганын ырастады.

"Ясионка аркылуу курал жеткирүү мурдагы деңгээлге кайтканын бышыктай алам," – деди Сикорский.

Вашингтон өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү ачык кайым айтышуусунан кийин жардамды убактылуу токтоткон.

Бул чечим Украинада жана Евробиримдикте чоң тынчсызданууну жараткан.

11-мартта Сауд Арабиясында өткөн АКШ менен Украинанын делегацияларынын тогуз сааттык сүйлөшүүсүнөн кийин Вашингтон аскердик жардам көрсөтүүнү жана чалгын маалымат менен бөлүшүүнү кайра калыбына келтирерин билдирген. Ал эми Украина ок атышууну 30 күнгө токтотуу боюнча Американын сунушуна макул болгон.

"Эгерде бул келишим макулдашылса, биз аны ишке ашыруу боюнча жол картасын түзө турган тиешелүү команданы даярдоого даярбыз," – деди Сыбиха Варшавада.

Орусиянын расмий өкүлдөрү Жиддадагы сунуштарга жооп кайтара элек. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 12-мартта: "Биз алдыдагы күндөрдө америкалыктар менен байланышууну пландап жатабыз, ошондо толук маалымат алууга үмүттөнөбүз", - деди.

Шерине

XS
SM
MD
LG