Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Кремль ок атышууну токтотуу келишими тууралуу маалымат күтүп жатканын билдирди


Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Украина менен Американын делегациялары Жиддадагы сүйлөшүүдөн кийин биргелешип жарыялаган ок атышууну токтотуу тууралуу келишим боюнча Орусия расмий билдирүү жасай элек. Болгону Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москва Вашингтондон келишим тууралуу кошумча көбүрөөк маалымат күтүп жатканын кабарлады.

11-мартта Сауд Арабиясында өткөн сүйлөшүүдө Украина АКШнын 30 күнгө ок атышууну токтотуу тууралуу сунушуна макул болгон. Эми кезек Орусияда.

"Биз бул сунушту эми орусиялыктарга сунуштайбыз жана алардын макул болоруна, тынчтыкты колдой турганына үмүттөнөбүз. Эми чечим кабыл алуу алардын колунда", – деди АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Жиддада журналисттерге.

Маалыматтарга караганда, Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц ушул жумада орус кесиптеши менен жолугушууну пландап жаткан. Ал эми Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф да Москвага барып, мүмкүн болгон жолугушууларды өткөрүп, анын ичинде Путин менен сүйлөшүүнү караштырып жаткан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча расмий комментарий берген жок, бирок мекеменин өкүлү жакынкы күндөрү америкалык өкүлдөр менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин билдирди.

Ал арада Кремлге жакын маалымат булактар бул келишимди Орусия үчүн оң жыйынтык катары сыпатташты. Орусиянын Федералдык Кеңешинин мүчөсү Константин Косачев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы толугу менен АКШ тарабынан чечилгенин айтып, муну Зеленскийдин алсыздыгынын белгиси катары баалады.

Кремлдин мурдагы кеңешчиси Сергей Марковдун пикиринде, Москва дагы өз сунушун киргизиши мүмкүн. Анын айтуусуна караганда, орус бийлиги АКШдан жана анын европалык өнөктөштөрүнөн Киевге курал-жарак жеткирүүнү 30 күнгө токтотууну демилгелеши ыктымал.

28-февралда Ак үйдө Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышынан кийин Вашингтон Украинага аскердик жардам берүүнү жана чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү токтоткон. Жиддадагы сүйлөшүүлөрдөн кайра баары өз ордуна келтирилгени кабарланды.


Шерине

XS
SM
MD
LG