Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди. Сапардын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо келишимине кол коюлат. 2021-2022-жылдардагы эки тараптан жүздөн ашуун өмүрдү алган жаңжалдардан кийин эки тараптын алакасы солгундап кенткен. 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору колдоо тапкан.
Бишкекте көк бөрү турниринде бир улакчы каза болду
12-мартта Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы ат майданда көк бөрү боюнча Нооруз турниринде Сокулук районунун “Бөрүлү” командасынын оюнчусу 45 жаштагы Мирлан Сражидинов каза болду.Биринчи лигада Сокулук районунун “Бөрүлү” жана Оштун “Бүркүт” командаларынын оюнунда “Бөрүлүнүн” номур биринчи катардагы оюнчусу жерден улакты көтөрүп жатканда каршылаш команданын оюнчусу келип ат менен сүздүргөн. Окуяны милиция териштирип жатат. Нооруз турниринин 12-марттагы калганоюндары жылдырылды.
Кыргызстанда 2,5 айда 17 окуучу каза болду
Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына шилтеме берип, 2,5 айдын ичинде Кыргызстанда 17 мектеп окуучусу ар кандай жагдайда каза болгонун билдирди. Февраль айында эле тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болуп, алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атаса, үчөө курбуларынын зомбулугунан көз жумганы айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган.
Сариев Москвада ЕАЭБ талаптары аткарылбай жатканын айтты
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Москвада өткөн бизнес-форумда Орусияга кирүүдө чек арада тоскоолдуктар бар экенин билдирип, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) негизги талаптары аткарылбай жатканын айтты.Ал ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын тоскоолдуксуз жүрүшү экенин эскертти. Соңку жылдары кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүү күч алды. Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.
Орусия менен Украина бири-биринин аймагына абадан чабуул койду
Сауд Арабиясынын Жидда шаарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Киев АКШнын 30 күнгө ок атышууну токтотуу сунушуна макул болгондон көп өтпөй, орус армиясы Украинанын аймагына абадан ракета жана дрондор менен чабуул койду. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Кривой Рог шаарына эки ракета менен сокку урулганын Днепропетров облусунун губернатору Сергей Лысак 12-мартта билдирди. Бул чабуулда бир кишинин өмүрү кыйылды. Андан тышкары Одессага жакын жайгашкан жүк ташуучу кемеге жасалган чабуулдан экипаждын төрт мүчөсү набыт болду. Баш калаа Киевдин мэри Виталий Кличко абадан коргонуу системасы иштеп, чабуулдардын мизи кайтарылганын билдирди. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 12-мартка караган түнү алты дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
АКШ Украинага аскердик жардамды жандантканы кабарланды
АКШнын Украинага аскердик жардам көрсөтүүсүн кайра жандантып, курал-жабдык Польша аркылуу өтө баштады. Бул тууралуу 12-мартта Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский билдирди. Ал Жиддадагы сүйлөшүүдөн кайтып келген украин тышкы иштер министри Андрей Сибига менен чогуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Польшанын түштүк-чыгышындагы логистикалык борбор аркылуу курал-жабдык өтө баштаганын ырастады. Вашингтон өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү ачык кайым айтышуусунан кийин жардамды убактылуу токтоткон.
Грузиянын камактагы экс-президенти Михаил Саакашвили дагы тогуз жылга кесилди
Айыптоонун версиясына караганда ал 9 миллион лари же болжол менен 3,2 миллион доллар уурдаган деп табылды. Саакашвили менен бул иш боюнча соттолуп жаткан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы мурдагы Теймураз Жанашия 300 миң лари же 107 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Буга чейин Саакашвили кызматтык ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган деген кине менен сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчы 2021-жылдын 1-октябрынан бери түрмөдө отурат. Ал чет өлкөдөн мекенине кайтып келери менен кармалган. Судьянын түшүндүрмөсүнө ылайык, калган үч жыл алты айдын ордуна Саакашвили дагы алты жыл алты ай түрмөдө жазасын өтөш керек.
Пакистанда согушкерлер барымтадагы 50дөй туткунду өлтүргөнүн билдирди
"Белужистан боштондук армиясы" уюму (АКШда террордук деп таанылган) Пакистандын коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн аскердик операцияга жооп катары барымтадагы 50 туткунду өлтүргөнүн билдирди. Топ калган 150 жүргүнчү да өлтүрүлөрүн эскертип, өкмөт алардын туткун алмашуу боюнча сунушуна 20 сааттын ичинде жооп бериши керектигин айтты. Ал эми Пакистандын армиясындагы булактары операция аяктаганын жана бардык туткундар бошотулганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиришкен. Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө жикчил уюмдун отуздан көп мүчөсү жок кылынган. Бирок поезд шарты катаал, тоолуу аймакта токтоп тургандыктан бул билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Пакистанда согушкерлер 11-мартта поездге кол салып, ичиндеги жүргүнчүлөрдү барымтага алган. Пакистан темир жол башкармалыгынын расмий өкүлдөрү билдиргендей, Jafar Express поездинде болжол менен 500дөй жүргүнчү бараткан.
Шерине