Кыргызстанда эмдөөдөн өтпөгөн эки наристе кызылчадан чарчап калды. Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында кызылча жугузуп алган 52 бала дарыланып жатат. Дарыгерлердин айтымында, алардын биринин абалы оор. Ооруканага түшкөндөрдүн дээрлик баарынын ата-энелери убагында эмдөөдөн баш тарткан.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жаштагы наристелер кызылча жугуп, чарчап калганын, алардын ата-энелери диний ишенимден улам балдарга вакцина сайдыруудан баш тартканын билдирди.
Расмий маалыматка караганда, жыл башынан бери кызылча жуккан 1704 учур катталган. Бейтаптар негизинен балдар жана басымдуу бөлүгү - эмделбегендер.
"Жыл башынан бери кызылча жуккан 1704 учур катталган. Алардын көбү Ош облусу (609 учур) менен Бишкек шаарында (277 учур) болгон. Кийинки орундарда Ош шаары (277 учур), Чүй облусу (165 учур), Жалал-Абад облусу (94 учур), Баткен облусу (89 учур), Талас облусу (74 учур), Ысык-Көл облусу (59 учур) турат. Нарын облусунда учур катталган", - деп жазылган мекеменин маалыматында.
Министрлик ата-энелерди балдарын убагында эмдетип турууга чакырып, антпесе кесепети оор болорун эскертүүдө.
Кызылча - аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.
"Балдары ооругандан кийин вакцина алабыз деп калышты"
Учурда Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында кызылча менен 52 бала жатат.
Алардын биринин абалы оор экенин клиниканын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди:
"Акыркы күндөрү оорунун көбөйгөнү байкалды, бирок тездик менен көбөйүп жатат деп да айтууга болбойт. Бир күндө орто эсеп менен кайрылгандардын саны бешке жакын. Учурда ооруканада кызылча жугуп жаткандардын саны 52. Алардын ичинен бирөө оор, калгандары орточо оор. Негизинен булар эмделген эмес, ага ата-энелери каршы болгон. Эми балдары ооругандан кийин вакцина алабыз деп калышты. Биз дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", - деди Алиев.
Дарыгер өлкөдө эмдөөдөн өтпөгөндөрдүн саны көбөйүп жатканына кабатыр.
Вакцинадан жабыркаганын айтып, анын сапатынан күмөн санаган ата-энелер дагы бар. Бишкек шаарынын тургуну, төрт балалуу Айсезим Керимова кичүү баласын эмдеткен эмес. Ал мунун себебин мындайча түшүндүрдү.
"Үч балам эмделди. Төртүнчү балам коронавирус пандемиясынан кийин төрөлдү. Ошондон кийин вакцинанын курамы өзгөрдү, терс таасирин тийгизет деген маалыматтарды алып, жолдошум экөөбүз ушундай чечимге келдик. Азыр ай сайын текшерүүгө барганда дарыгерлер вакцина алуу керектигин айтышат. Балама жети ай болду, баары жакшы", - деди Керимова.
Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова мектепке же бала бакчага эмделбегени үчүн кабыл алынбаган балдардын ата-энелери прокуратурага арызданган учурлар бар экенин айтты.
"Азыр мектепке, бала бакчага кабыл алууда эмдөө картасы талап кылынат. Анан эмдөө албагандарды мугалимдер токтомго ылайык кабыл албай койгон учурлар бар. Муну туура түшүнбөгөн ата-энелер арызданып, прокуратурада каралып жаткан иштер бар", - деди Ишенапысова. Анын айтымында эмдөөдөн баш тарткандар көбүнчө 25-30 жаштагы ата-энелер.
Муфтияттын жообу
Дарыгерлердин билдирүүсүндө, диний ишенимге байланышуу эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер да көп. Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы эмдөөгө эч качан тыюу салбаганын айтууда.
"Биринчиден, ден соолукту кароо - шарияттын, исламдын талабы. Ошол себептен динде адам оорубай таза жүрүү керек деп каралган. Шарият адам ооруп калса дарыланууга чакырат жана дарыланууну тыйбайт, кайра үгүттөйт. Биз дайыма ушул пикирди айтып келебиз. Шарият эмдөөгө да тыюу салбайт, бул тууралуу атайын фатва чыккан. Эгер кимдир бирөөлөр күмөн санаса, шектенсе, өздөрү чечет", - деди муфтийдин орун басары Самидин Атамбаев.
Кыргызстанда 2022-жылы эмдөөдөн баш тарткандардын расмий саны 12 миң болсо, 2023-жылдын алты айында эле 7 миңге жеткен.
Адистер эмдөөдөн баш тартууга вакцинанын курамы, таасири жөнүндө жетиштүү маалыматтын жоктугу себеп болууда деген тыянакка келишкен.
2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жыл сайын 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган.