Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

"Цензураны дагы күчөтөбү?". Фейк маалымат тууралуу экинчи мыйзам


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жалган маалымат таратууга айыппул салуу тууралуу жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келди. Анда мамлекеттик кызыкчылыктарды бузууну көздөгөн жалган маалымат чыгарган адамга 20 миң сом, жарыялаган медиага 65 миң сом айып салуу сунушталууда.

Мунун алдында эле жалаа жабууга жана мазактоого айыппул салуу каралган мыйзам кабыл алынган. Анда да айыппулдун өлчөмү ушундай эле суммада көрсөтүлгөн.

Кезектеги мыйзамдын укуругу

Буга чейин кабыл алынган мыйзам менен “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүү 1071-берене деп кошулган. Азыр парламентке келген жаңы мыйзамдын долбоорунда ушул эле кодекске 1093-беренени кошумча киргизүү сунушталууда.

Эки мыйзамдын тең мааниси окшош эле – жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга айыппул салуу максатын көздөйт. Болгону жекелик жана жалпылык жактан айырмачылыктарга ээ.

Күчүнө кирген мыйзамда (1071-берене) кайсы бир адамды “мазактоого, кадыр-баркын кемсинтүүгө” же “жалаа жабууга, ал жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таратууга” тыюу салынып, ага айыппул каралган.

Азыр сунушталып жаткан мыйзамда (1093-берене) болсо “коомдук тартипти, жарандардын, уюмдардын укуктарын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарын бузууга” алып келүүчү “анык эмес (жалган) маалыматтарды” таратууга тыюу салынып, аны тараткандарга айыппул салуу каралууда.

Күчүнө кирген мыйзамдын негизинде киргизилген берене жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда келтирилген берене.
Күчүнө кирген мыйзамдын негизинде киргизилген берене жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда келтирилген берене.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Лицензиялык көзөмөл жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов “Азаттыкка” экинчи мыйзам долбоорду алып чыгуунун зарылчылыгы жөнүндө буларды айтып берди:

Маданият министрлигинин имараты
Маданият министрлигинин имараты

“Өткөндө кабыл алынган мыйзамда мазактоого, жалаа жабууга жана жалган маалымат таратууга тыюу салынганы” чын. Бирок анда адамдын жеке ар-намысына шек келтирген жалган маалыматтар жөнүндө кеп болуп жатат. А жаңы сунушталып жаткан беренеде коомдук коопсуздукка, коомдук тартипке тиешелүү. Ошол менен айырмаланат. Биринчи мыйзамды талкуу учурунда ушундай сунуштар айтылып, ошол себептүү муну да тактап, мыйзамга киргизип коюу керек экен деп чечилип, ошондуктан экинчи долбоор чыкты”.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги иштеп чыккан биринчи мыйзам 2024-жылдын 1-апрелинде коомдук талкууга чыгарылган. Атайын порталда бир айча илинип туруп, кийин парламентке киргизилген. Узак талкуудан соң Жогорку Кеңеш аны былтыр 19-декабрда кабыл алган. Мыйзамга президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда кол койгон.

Экинчи мыйзам долбоору былтыр 27-августта коомдук талкууга чыгарылып, быйыл 4-мартта Жогорку Кеңешке киргизилип олтурат. Муну иштеп чыгууга Юстиция министрлиги эмес, Ички иштер министрлиги тартылган.

Эки мыйзам долбоорунда тең алгач жалган маалымат тараткан адамдарга 100 миң сом, маалымат каражаттарга 200 миң сом айыппул салуу сунушталган эле. Бирок депутаттардын катуу каршылыгынан кийин айыппул өлчөмү жеке адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом болуп калган.

Кеп болуп жаткан алгачкы мыйзам долбоору жарыяланган маалда эле бул сөз эркиндигин чектөөгө алып келет деген камтамачылык айтылган. Парламентте да ага байланыштуу көп пикир айтылды. Эми айыппул салына турган түшүнүктүн кеңейтилиши бул цензураны күчөтүү катары кабылданууда.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков буларга токтолду:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Биздин коом тигил же бул маселе боюнча өз пикирин билдирүүдө ансыз да өзүн чектеп калды. Өлкөдөгү социалдык, саясий окуялар боюнча кызуу талкуу деле жок. Эл өзүн чектеп, укук коргоо органдарынан цензура да азыр күчүндө деп так кесе айта алам. Албетте, мен азыр Түркмөнстан болуп калдык дей албайм, бирок ошол багытка карай кетип баратканыбыз анык”.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалган маалыматтарга алгач маданият министрлигинин алдындагы Мониторинг борбору байкоо жүргүзүп, айыппулду да аталган министрлик салары сунушталган. Бирок катуу талаш-тартыштан соң бул функция Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүлгөн.

Жабыркаганын айткан тарап министрликке арыз жазышы керек. ИИМ арызды караган соң айыппул салуу же салбоо маселесин сот чечет. Эми коомдук маанидеги маалымат үчүн айыппул салууну да ушундай жол менен ишке ашыруу каралууда.

Маданият жана юстиция министрликтеринин өкүлдөрү кабыл алынган жана сунушталып жаткан мыйзамдагы чектөөлөр сөз эркиндигине кедергисин тийгизбей турганын билдирүүдө.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков күчүнө кирген мыйзамды чечмелеп жатып “Азаттыктын” тиешелүү суроосуна мындайча жооп берди:

Орозбек Сыдыков
Орозбек Сыдыков

“Бул жерде кеп укук бузуу жөнүндө гана болуп жатат. Анын кесепеттери кылмыш-жаза жоопкерчилигине, же, соттуулукка алып келбейт. Буга чейин кармалган же суракка алынган кишилер балким Кылмыш-жаза кодексинин же башка мыйзамдардын алкагында болсо керек. Мен ал иштерге комментарий бере албайм. Жаңы мыйзам киргизген ченемде болсо, жогоруда белгилегенимдей, жалган маалымат же жалаа жабуу аракеттери укук бузуу катары гана каралат. Эң негизгиси сөз эркиндигине, адамдын ой-пикирин маданияттуу эркин билдирүү укугуна чектөө болбойт. Кандайдыр иш, кайсы бир жумуш аткарылбагандыгы жөнүндө айтканда анда жалаа жабуу же мазактоо болбойт”, – деди Сыдыков.

Сөз эркиндиги жана жалган маалымат

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ал социалдык тармактарда фейктерге каршы иштей турганы айтылган. Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.

Аталган мыйзамдын алкагында кезинде бир нече медианын сайты бир канча убакыт бөгөттөлүп, кайра ачылды. Кээлери дале жабык турат.

Мындан сырткары башка мыйзамдардын негизинде соңку 4-5 жылдан бери ансыз да социалдык тармактардын ондогон колдонуучулары кармалып, камалышты.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жарандын ишин тизмектеди. Kloop.kg басылмасы пикири үчүн соңку төрт жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыкты (анын ичинде 38 активист, 34 саясатчы, 21 журналист, 20 соцтармактардын колдонуучусу бар).

Мына ушул жагдайлар жергиликтүү жана эл аралык коомчулукта сөз эркиндигине байланыштуу камтамачылык жаратып келет.

Айталы, Европа парламенти былтыр жыл соңунда Кыргызстандагы адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына байланыштуу өкмөттүн аракеттерин айыптаган резолюция кабыл алган. Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегация быйыл февралда Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров, жергиликтүү депутаттар, чет мамлекеттердин элчилери, укук коргоочулар, журналисттер менен жолугуп кеткен.

Иш-сапарынын жыйынтыгында Мунир Сатури “Азаттыкка” да учкай маек куруп, буларга токтолгон эле:

Мунир Сатури
Мунир Сатури

“Биз Кыргызстандын адам укуктары боюнча жетишкендиктери менен сыймыктанып келгенбиз. Сиздер эгемендикти алгандан бери адам укуктарын коргоодо чындап эле оң жылыштарга жетишкенсиздер. Бирок кайра артка кадам таштадыңар. Кээ бир нерселер туура эмес болуп калды. Биз саясий лидерлердин “туруктуулук керек” деп айткандарын толук түшүнөбүз, бирок, биздин көз карашыбызда, мыйзамдын үстөмдүгү жана адам укуктары туруктуулукка кедерги болбойт”, – деген Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури.

Freedom House (FH) эл аралык уюму быйыл февралда жарыялаган жаңы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлдү.

“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ), Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) да активисттерге жана журналисттерге козголгон кылмыш иштерин айыптаган билдирүү таратышкан. Human Rights Watch (HRW), CIVICUS Monitor жана башка уюмдар да Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин, саясатчы, активист, укук коргоочу жана журналисттерге куугунтук күчөп жатканын эскертип келишкен.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндигин, адам укугун чектөө жок экенин билдирип келишет. Алар кармалган жана камалган адамдардын ар биринин ишин өзүнчө кароо керектигин айтып, айыптоолордо тиешелүү далилдер бар экенин белгилеп жүрөт.

Ошол себептүү бийлик жаңы мыйзамдарды ал иштер менен байланыштырбоого чакырып келет. Аткаминерлер бул документтерде каралып жаткан чектөөлөрдү зарылчылык катары түшүндүрүп жүрүшөт.

Президент Садыр Жапаров "жеке адамды мазактоого, жалаа жабууга жана ал жөнүндө жалган маалымат таратууга айыппул салган" мыйзам жөнүндө кеп кылып жатып буларга токтолгон эле:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95% интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип, анан тынчып жатышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап, ал маалыматты өчүрүшөт”, - деген Жапаров 2024-жылы сентябрь айындагы интервьюсунда.

Кыргызстанда соңку жылдары журналисттердин абалы да жеңил эмес. Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров өлкөдөн чыгарылып, 11 журналисти кармалган. Алардын жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулду. Мындан сырткары "чет өлкөлүк өкүл" сыяктуу мыйзамдар кабыл алынып, аны жарандык коом өкүлдөрү чектөө катары сыпаттап келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG