Ош облусундагы Чоң-Алай районунда бала бакчанын отканасында 40 жаштагы киши 14 жаштагы уулу менен иске ууланып көз жумду.
Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, окуя 8-март күнү болгон.
Милицияга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган тургуну жана анын 2011-жылы туулган уулу иске ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ата-бала мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болгон.
Маркумдардын жакындары эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.
Милиция учурда текшерүү уланып жатканын, анын жыйынтыгында мыйзамдуу чечим кабыл алынарын кошумчалады.
Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) элди сак болууга чакырып келет. (ZKo)
Шерине