Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Зеленский ок атышууну токтотуу келишимин кубаттады


Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдеги маалымат жыйында. 12-март, 2025-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдеги маалымат жыйында. 12-март, 2025-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Арабиясында өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШ сунуштаган 30 күндүк ок атышууну токтотуу келишимин кубаттады. Анын айтымында, бул келиши кийин кеңири масштабдагы тынчтык макулдашуусунун негизине айланышы мүмкүн.

"Эми кийинки кадамдар Орусиядан көз каранды. Алар Украинага каршы агрессиясын улантабы же жокпу өздөрү чечиши керек", – деди ал 12-марттагы маалымат жыйынында.

Зеленский украин элин "катуу маалыматтык басымга" даяр болууга чакырып, "Орусия Киев менен Вашингтонду уруштуруунун бардык мүмкүн болгон жолдорун издеп жатканын" эскертти.

Азырынча Москва 30 күндүк ок атышууну токтотуу сунушу боюнча комментарий бере элек.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул боюнча чечим кабыл алганбы же жокпу азырынча белгисиз.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Вашингтондон толук маалымат күтүп жатканын айтты.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бүгүн "биз орусиялыктар менен байланышабыз" деп билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп жакынкы күндөрү Путин менен сүйлөшүп, Вашингтондун сунушуна макулдугун алууга аракет кыларын айтты.

Ошол эле учурда, Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин 11-марттын кечинде АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Жон Рэтклифф менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

Шерине

XS
SM
MD
LG