Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:23

"Эгер камабасаңар өткөрүп берели". Курманбек Бакиев Кыргызстанга келеби?


Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиев жана Максим Бакиев. Коллаж.
Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиев жана Максим Бакиев. Коллаж.

Президент Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын айтты. Президенттин бул билдирүүсү соцтармактарда "Максим Бакиев Кыргызстанга келди" деген сөз жүрүп жаткан учурга туш келди.

Кыргызстандан чет өлкөгө күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров жеке булактарына шилтеме берип, “Максим Бакиев Кыргызстанга учуп келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн” Фейсбуктагы баракчасына өткөн аптада жазган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул маалыматты четке каккан.

Январь айынын башында да интернет айдыңында “мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга келгени” тууралуу маалымат тарап, Ички иштер министрлиги аны төгүндөгөн.

Шейшембиде президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, Максим жана Жаныш Бакиевдер Кыргызстанга келе турган болсо дароо камаларын билдирди:

“Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Эгер камабасаңар өткөрүп берели» деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. «Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз» дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаны бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиарддаган акчаны ушундай жолдор менен эле кайтардык го. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон. Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. «Кантип эле ушул турган Москва менен Минскден алып келе албай жатасыңар» деп, 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы”.

  • Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.


Бул окуяда жабыркагандар президенттин соңку билдирүүсүнө нааразы болуп жатышат. Алардын бири Апрель революциясында башына ок тийип, бирок аман калган акын Кубанычбек Көкөтаев "Бакиевдер Кыргызстанга келет" деген сөз оор тиерин билдирет:

Кубанычбек Көкөтаев
Кубанычбек Көкөтаев

"Укканда бир чети намыстанабыз. Ошол күнү канча баланын жаны кетти, каны кетти. Алар бекер чыгышкан жок да. Биз го аман-эсен жүрөбүз. Ушул төрт жылдан бери "Бакиевдерди алып келет экен" деген ушак сөздөрдү угуп жүрчүбүз. Буга мен каршымын. Келбеши керек. Бакиевдер келсе, мыйзам чегинде жооп бериши керек, камалышы керек".

"Айкөл Ала-Тоо" уюмунун өкүлү Кубанычбек Шаршембаевдин бутуна революция маалында ок тийген. Кулагынан да жараат алган. Ошондон бери жакшы укпай калганын айтат:

Кубанычбек Шаршембаев
Кубанычбек Шаршембаев

"87 кишини аткан, миңге жакын кишини жарадар кылган президентти алып келүү аракетине биз каршыбыз. 7-апрелде эл чыккан. Буга эл нааразы болот. Жалаң эле жаракат алгандар эмес, өлгөндөрдүн туугандары эле эмес, эл чыккан да. Мен ойлойм эл дагы өзүнүн терс мамилесин көрсөтөт. Мунун арты жаман бүтөт деп ойлойм".

Минскинин шарты

"Беларус иликтөөчүлөрүнүн альянсы" долбоору Курманбек Бакиевге беларус лидери Александр Лукашенконун атайын буйругу менен 2010-жылы август айында жарандык жана паспорт берилгенин аныкташкан.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматында Беларуска Бакиевдин үй-бүлөсүнүн 20дай мүчөсү барган жана алардын баары жарандык алган. Бир тууган иниси Жаныш Бакиев, анын уулу Асылбек Салиев дагы экиден паспорт алганы баяндалат.

Беларус иликтөөчүлөрү белгилегендей, Бакиевдин өзү жана туугандары беларус документтери менен КМШ эле эмес, Европа өлкөлөрүнө да чыгып, эс алып жүргөн. Айрымдары беларус паспорттору менен Кыргызстанга да келип кеткен.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Субаналиев расмий Минск «камабагыла» деп, эгемен мамлекетке талап кое албайт деп эсептейт:

"Беларус бизге жанагындай талап койгону туура эмес. Анткени Курманбек Бакиев 30 жылга кесилген киши. Жогорку сот аркылуу анын өкүмү күчүнө кирген. Ошон үчүн алар экстрадиция кылышы керек эле. Алардын "камабагыла" деп айтканга укугу жок. Укуктуу мамлекетте мыйзам алдыда болушу керек. Эч кандай президент же өкмөт башчылары же Жогорку Кеңеш эч кандай таасир этпеши керек. Эмитен эле айта берсе, элди көндүрүп атат да кийинчерээк алып келебиз деп".

Садыр Жапаров 2023-жылы жазында Дубайда мурунку президенттердин башын кошкон жолугушуу уюштурган.

Ага Курманбек Бакиев дагы катышкан. Көп узабай мамлекет башчы “Кабар” агенттигине маек берип, "эгер Бакиев Кыргызстанга келсе, дароо камалат" деп билдирген эле.

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

"Оор кылмыш жасаган адамды президент башы менен алып келем деп атканы - бул деген адам укугун тебелегендик да. Бакиевди алып келем дегени өзү туура эмес. "Бакиев келгенде камалат" деп айтпаганы туура эмес. Мындан үч жыл мурун Дубайда жолуккандан кийин келип, "Кабарга" маек берип, камалат деп айткан. Ошол сөзүнө туруш керек да. Анткени ал кылмышкер. Соттун чечими бар. Алып келгенге акысы жок анын. Алып келип камаш керек. Анан алып келип, сүйлөшүү жүргүзүүгө акысы жок", - дейт укук коргоочу Турсунбек Акун.

"Бакиевдин фабрикасы"

Былтыр “Манас” аэропортуна кетип бараткан жолдо “апрелчилерге” делген тигүү фабрикасынын курулушу башталган. Анын жерин мамлекет бөлсө, Бакиевдер 1 млрд сом бере турганы айтылган эле. Президент Садыр Жапаров "7-апрель ынтымагы" коомуна бир гектардан ашык жер бөлүп берилгенин билдирген. Ал жерге 200 кишиге жумуш бере турган ишкана курулары, анда Апрель окуясында жабыркагандар, алардын жакындары эмгектенери айтылууда.

Ал окуя кызуу талкууга алынып, айрым "апрелчилер” Бакиевди алып келүү аракети күчөгөнүн айтып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине 2024-жылы 22-июнда курган маегинде 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Президент “апрелчилердин” алгачкы кайрылуусун четке какканын кошумчалаган:

“Арадан бир топ убакыт өтүп, былтыр күз айларында дагы келишти. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылды. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз” деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты. Кыскасы, эски жараны козгобой эле койгула, өткөн өттү, кеткен кетти, унуталы дедим. Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим”.

“Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.

"Бакиевди акташ оңой, анткени азыр Бакиевге каршы көрсөтмө бере турган адамдын баарынын үнү басылган. Жок калганы жок калган, калгандарынын баары басылган. Ошон үчүн Бакиев тынч эле келет. Аны сот бир түндө эле актап коет. Бизде принциби жок саясий режим болгону үчүн ушундай чоң саясий каталар бар да", - дейт саясат талдоочу Турат Акимов.


  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

Тектеш

XS
SM
MD
LG