Ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бул реформаны ишке ашыруу үчүн өкмөт башчынын убактылуу орун басары дагы болуп турат. Бийликтин дымактуу планын ишке ашыруунун башында турган Аяз Баетов деген ким? Мамлекеттик чыгымды кыскартуу деген кезектеги убадага айланбайбы?
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик башкаруудагы реформанын жаңы этабы башталганын жарыялады жана президент Садыр Жапаровдун буга байланыштуу атайын жарлыгы да чыкты.
Анын негизинде бири-бирин кайталаган түзүмдөрдү жоюп, чечимдерди тез кабыл алып, иштин натыйжалуулугу жогорулатылары айтылды. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, юстиция министри Аяз Баетов Министрлер кабинетинин төрагасынын убактылуу орун басары болду. Ошондой эле Стратегиялык демилгелер улуттук институтун дагы жетектейт.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 10-мартта Ынтымак-Ордодогу кеңешмеде Баетов бул реформаны көзөмөлдөй турганын айтты:
"Аяз Батыркулович, сизге чоң ишеним көрсөтүлдү. Жаш, реформа кылам деп турган кандидат. Ага алты ай убакыт берилди. Кандайдыр бир укуктук-нормативдик актыларды кабыл алып, алдыга жылышыбыз керек. Чындыгында абдан чоң үч багыт турат. Биринчиси, мамлекеттик органдардын ишиндеги бюрократияны азайтуу. Биздин аппараттан, бардык министрликтерден колдоону суранам, экинчи жагынан талап кылам. Реформалардан коркпой, бардык колдообузду көрсөтүшүбүз керек. Азыр бизде чоң мүмкүнчүлүк турат. Мамлекеттик органдарда ашыкча түзүмдөр бар. Көп кызмат көрсөтүүнү коркпой эле аутсорсингге беришибиз керек. Үчүнчү маселе, мамлекеттик кызматкерлерди коргоо. Бул маселе дагы бүгүнкү күндө эң орчундуу. Министрлер, алардын орун басарлары "кийин менин үстүмдөн иш козгоп салабы" деп коркпой реформа жасашы керек. Түз реформа жасайм деп жаңылышып кетсеңиздер, сиздерди биз, мамлекет коргоп алышыбыз керек. Бүгүн биз президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик башкарууну реформалоонун жаңы, фундаменталдык этабын баштайбыз".
Өкмөт жетекчиси бул катардагы демилге эмес, өлкөнүн мындан аркы багытын аныктоочу иш болорун кошумчалады:
"Бул жөн эле кезектеги демилге эмес – бул өлкөбүздөгү бардык өнүгүү процесстерин тездетүүгө багытталган чечкиндүү, алтургай, радикалдуу кадам. Дүйнө тездик менен өзгөрүүдө, мамлекеттер глобалдык атаандаштыктын жаңы этабына киришти. Кыргызстан бул чакырыктарга жооп бериши керек жана биздин негизги милдетибиз – экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берүү үчүн президенттин реформаларын ишке ашырууга тоскоолдук кылгандардын бардыгын жоюу. Биз узакка созулган талкууларга убакыт коротпойбуз – биз кечиктирбестен конкреттүү чечимдерди талкуулап, ишке ашырууга киришишибиз керек. Эртең Кыргызстан-2030 стратегиясын талкуулоонун алкагында биз бул реформаларды өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасына киргизебиз. Президент бул процессти тезинен баштоону чечти, ал реформаны ойлонуп гана тим болбостон, кыска мөөнөттө конкреттүү чечимдерди сунуштай турган команданы дайындады. Бир айдын ичинде биз алгачкы кадамдарды көрүп, алты айдын ичинде олуттуу натыйжаларга жетишибиз керек. Бул жөн эле кагаз жүзүндөгү өзгөртүүлөр эмес – бул президент кабыл алган чечимдердин масштабына жана динамикасына ылайык келген мамлекеттик башкаруунун ийкемдүүлүгүн, ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун камсыз кыла турган реалдуу реформалар" - деди Касымалиев.
Кеңешмеде мамлекет кайсы бир кызматтарды көрсөтүүдө жедеп монополист болуп алганы, анын негизинде бюрократия күчөп, коррупция кошул-ташыл болуп, иш илгерилебей жатканы айтылды жана бир катар мисалдар келтирилди. Маселен, Адылбек Касымалиев жалпы баасы 420 миллион сомду түзгөн, өндүрүлүшү керек деген соттордун 270 миң токтому сот аткаруучулар жетишпей жатат деген негизде аткарылбай токтоп турганын белгиледи.
Аяз Баетов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып аутсорсингге берүү керек деген кызматтардын арасында сот аткаруучулар дагы бар экенине токтолду.
"Эки жуманын ичинде ар бир министрлик менен консультация жүргүзөбүз. Алар өздөрү дагы сунуштарын айтышы керек жана эксперттер дагы карап чыгат. Ошондо биз кайсы кызматтар аутсорсингге даяр же санариптештирүүгө барышы керек дегендерди ачык айтып беребиз. Ушундай маалыматты биз эки-үч жуманын ичинде берет окшойбуз. Биз ар бир министрлик менен консультация, эксперттик иш алып барабыз. Мисалы, сот аткаруучулар боюнча Юстиция министрлиги 2023-2024-жылдары мыйзам даярдаган. Ал өтпөй калды. Биз азыр Жогорку сот менен иштеп жатабыз, биргелешкен жумуш тобу түзүлдү, алар эки-үч жума ичинде жаңы мыйзам жазып чыгат деп ойлойм. Аны чындап эле аутсорсингге чыгарыш керек. Кайсы бир органдардын функциялары бир болуп калса же ал функциялар кереги жок болуп калса кызматкерлердин саны азайышы мүмкүн. Бирок биздин максатыбыз ал эмес, биздин максатыбыз системалуу бюрократияны жоюу. Биз азыркы кезекте мамлекеттик механизм бат иштеши керек деп жатабыз. Биздин президентибиз дагы бюрократия болбошу керек деп айтып келген".
Кеңешмеде чукул жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуунун заманбап үлгүсү деп АКШдагы миллиардер Илон Маск жетектеген Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча министрлик (DOGE) менен Бириккен Араб Эмираттарынын "Өкмөттүк акселераторлор" программасы мисал келтирилди.
"Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаевдин пикиринде, Баетовго Илон Масктыкындай милдет жүктөлүп жатат. Ал буга чейин кыргыз өкмөтү түзгөн, бирок иши натыйжасыз болуп калган мамлекеттик мекемелерди, уюмдарды мисалы кылды.
"Бийлик бүгүн АКШда Трамп Илон Маскка жүктөгөн милдетти Аяз Баетовго жүктөдү. Вице-премьер-министр статусун да берди. Мамлекеттик органдарда бюрократияны жоюп, элди жана бизнести ыкчам тейлей турган шартты түзөсүң деди. Бирин бири кайталаган мекемелерди жоюп, кабинетте уйкусурап же чымын коруп отурган кызматкерлерден арылуу тапшырмасын койду. Бул туура да. Акыркы эки-үч жылда эле бюджети миллиарддан кем эмес, бирок пайдасы жокко эсе мамлекеттик мекемелер түзүлүп кеткен. Улуу Көчмөндөр Мурасы 3 миллиарддан ашуун каражат - жыйынтык нөл, Кыргызиндустрия - 1 млрд, Туризмди өнүктүрүү фондуна 1 млрд берилген. Убагында түзбөгүлө, мамлекет шарт эле түзүп берип, ошол миллиарддарды жеке ишкерлерге берсеңер натыйжа жүз эсе мыкты болот деп Жогорку Кеңештен дагы айтканбыз. Азыр да кеч эмес. Аяз Баетов жаш. Илимдин доктору. Жапонияда да билим алган, популизмден алыс. Жүктөлгөн милдеттен натыйжа чыгат деп үмүт кылып, ишенип турам. Дебюрократизацияга кол кабыш да кылабыз. Элди справка үчүн улам убара кылган, сааттап кезек күттүргөн көрүнүш тып токтошу керек, - деп билдирди Акаев.
Аяз Баетов 40 жашта, 2006-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин аяктаган. Ошол эле маалда Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде студенттердин алмашуу программамсы алкагында окуп келген. Жапонияда, АКШда дагы билим алган.
Эмгек жолун 2005-жылы баштаган жана Jessup Mot Court уюмунун улуттук координатору, "Эл аралык укук мектеби" коомдук фондунун аткаруучу директору болгон. Ошол жылдардан тарып 2016-жылга чейин Улуттук университеттин Юридикалык институтунда сабак бере баштаган.
Баетов 2011-2013-жылдары Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) Эл аралык-укуктук департаменттин 3-катчысы болгон. 2013-2014-жылдары Конституциялык палатанын эл аралык бөлүмүн жетектеген. 2008-2010 жана 2014-2018-жылдары Америкалык юристтер ассоциациясынын (ABA ROLI) Борбор Азия өлкөлөрү үчүн соттук мониторинг программасынын аймактык координатору болгон.
Баетов 2016-2018-жылдары Эл аралык университеттин кафедра башчысы, биринчи проректору болуп иштеген.
Ал 2018-2019-жылдары Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун директору кызматында турган.
2019-2021-жылдары Америкалык юристтер ассоциациясынын мыйзамдуулук боюнча программасы ABA ROLI эл аралык бирикмесинин аймактык программаларынын директору болгон.
Аяз Баетов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Республика" партиясынын тизмеси менен катышкан. Ал юстиция министри болуп 2021-жылы дайындалган.
Айрым бир булактардын билдиришинче, ал президент Садыр Жапаровдун көзүнө Кумтөргө байланыштуу кыргыз өкмөт өкүлдөрү канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан маалда илинген.
2023-жылы ал Кумтөрдү улутташтырып, элге кайтарууга кошкон салымы үчүн деген негизде үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Министр болуп турганда анын айрым чечимдерине, демилгелерине байланыштуу нааразылык дагы жаралган. Кемпир-Абад ишине байланыштуу айып тагылгандарга жактоочу болгон Эркин Булекбаев, Акин Токталиев өңдүү айрым адвокаттардын лицензиялары токтотулган жана бул басым-кысым катары дагы бааланган.
Аяз Баетовдун атасы Батыркул Баетов дагы убагында бир топ жыл мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал кезинде Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары, президенттин энергетика боюнча атайын өкүлүнүн орун басары, Энергетика министрлигинин статс-катчысы өңдүү кызматтарда турган.
Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Аяз Баетовду ишбилги, кесипкөй адис катары баалады. Ал ошол эле маалда мындай маанилүү реформа ачык-айкын жүрүшү керектигине токтолду:
"Бул туура эле кадамдар. Азыр дүйнө жүзүндө жасалма интеллект, жалпы эле технологиянын өнүгүшү менен мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу зарылчылыгы келип чыкты. Мисалы АКШда Илон Масктын DOGE деген уюму аркылуу оптималдаштыруу жүрүп жатат. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан кубулуштар бизге дагы таасирин тийгизет. Мен Аяз Баетовду жеке тааныйм. Юстиция министрлигинде наториат боюнча, өздөрүнүн министрлигиндеги мамлекеттик кызматты көрсөтүү жагынан бир топ оптималдаштырууну жасады. Көп санариптештирүү иштери жасалды. Бул жакшы жаңылык. Аяз Баетов эмес башка бирөөлөр дайындалса, балким, менде күмөн ой жаралмак. Аяз жаш кадр. Эгер өкмөттө ага окшогон кадрлар көп болсо анда команда күчтүү эле болмок. Эгерде саясий эркти аягына чейин кармаса, мамлекеттик органдар бюрократиялык каршылык көрсөтпөсө анда мамлекеттик башкарууну реформалоо натыйжалуу болот. Ушундай реформалардын баары ачык-айкын жүршү керек, мунун баары бирөөлөрдүн "кормушкасына" айланып калбашы керек. Ошол жагынан журналисттер, жарандык коом жакшы көзөмөлдөп, карап, кабарлап турушу керек. Ой-ниет аябай жакшы, бирок кептин баары аки-чүкүсүндө деген сөз бар эмес беле. Ошондуктан ачык-айкындуулук деген өтө маанилүү. Мисалы, мамлекеттик сатып алуулар атайын портал аркылуу, баарына түшүнүктүү эреже менен жүрөт дешкени менен кийинчерээк анын баарын жабык кылып коюшкан, артка кеткен учур болгон. Ачык атаандаштыкка жол бербей, кээ бир күмөндүү процесстер жүргөн. Мамлекеттик органдардын бир катар функцияларын аутсорсингге бериш керек, анан ошол жакта коррупциялык элементтерге жол ачылган жокпу деп көзөмөлдөп туруу керек".
Жогорку Кеңештин депутат Элдар Абакиров реформа үчүн маанилүү деп эсептеген айрым жагдайларды атады:
"Реформада кадрлардын билимдүүлүгү, кесипкөйлүгү маанилүү. Ал үчүн эмне керек? Биринчиден, албетте, жакшы айлык керек. Экинчиден, ошол адамдар жакшы иштеши үчүн ошол жерде жакшы атмосфера болушу керек. Алар бир нерсеге умтулуп, стимул болушу зарыл. Жакшы, адилеттүү система болсо ошол жерде умтулуу, стимул болот. Анан коррупцияга жол ачылбашы үчүн адамдык факторлорду мүмкүн болушунча жокко чыгаруу зарыл. Эгер адам кайсы бир жерден туура эмес иш кылса ошол дароо эле системадан билинип калгандай механизм керек. Ошондо гана жыйынтык болот".
2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик мамлекеттик башкарууну реформалоо тууралуу убадаларды берген жана мындан улам айрым бир министрлик-мекемелер кыскарган, өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөн.
Деген менен жакында эле Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кайра министрлик болуп түзүлгөн.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти агенттик болуп өзгөрүп, өкмөткө түз карап калган.
Өлкөдөгү санариптик тармактагы башкы оператор саналган “Инфоком” ишканасы Президенттин иш башкармалыгына өткөн жана ал "Кызмат" деп өзгөртүлүп, өлкөдөгү калкты тейлөө жагынан бир нече функцияны аткарып келет. Ага чейин бул башкармалыкка Мамлекеттик ипотекалык компания дагы берилген жана карамагында дагы бир топ мемеме, уюмдар бар. Мындан улам өлкөдө кош өкмөт түзүлүп калды деген дагы сөздөр чыккан.
Шерине