"Белужистан боштондук армиясы" уюму (АКШда террордук деп таанылган) Пакистандын коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн аскердик операцияга жооп катары барымтадагы 50 туткунду өлтүргөнүн билдирди.
Топ калган 150 жүргүнчү да өлтүрүлөрүн эскертип, өкмөт алардын туткун алмашуу боюнча сунушуна 20 сааттын ичинде жооп бериши керектигин айтты.
Ал эми Пакистандын армиясындагы булактары операция аяктаганын жана бардык туткундар бошотулганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиришкен. Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө жикчил уюмдун отуздан көп мүчөсү жок кылынган.
Бирок поезд шарты катаал, тоолуу аймакта токтоп тургандыктан бул билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Пакистанда согушкерлер 11-мартта поездге кол салып, ичиндеги жүргүнчүлөрдү барымтага алган. Пакистан темир жол башкармалыгынын расмий өкүлдөрү билдиргендей, Jafar Express поездинде болжол менен 500дөй жүргүнчү бараткан. Алардын канчасы бошотулуп, канчасы барымтада экени так белгисиз. Бийлик жүздөн көбүн бошотконун 12-мартта билдирген.
Поезд Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарынан түндүктөгү Пешавар шаарына бараткан. Өкмөттүн өкүлү Шахид Ринд бул окуяны “теракт” деп атап, поезд учурда тоолуу, шарты катаал аймакта токтоп тургандыктан, ал жакка жетүү кыйын болуп жатканын билдирди.
Кол салуу үчүн жоопкерчилик алган "Белужистан боштондук армиясы" өкмөт алардын түрмөдөгү жоочуларын бошотууга макул болсо барымтадагыларды коё берүүгө даяр экенин билдирген.
Өкмөт өкүлдөрү бул сунуш боюнча дароо жооп беришкен жок, бирок мурда мындай сунуштар кабыл алынган эмес.
Президент Асиф Али Зардари жана премьер-министр Шахбаз Шариф өз-өзүнчө билдирүү таратып, кол салууну айыпташты.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бул кол салууну кескин айыптап, барымтадагыларды дароо бошотууга чакырганын уюмдун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
Шерине