Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров тосуп алды.
Мамлекет башчылары кыргыз жана тажик музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.
Кыргызстандын президенттик администрациясынын маалыматына караганда, мамлекеттик сапардын алкагында 13-мартта өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү талкуулашат. Эки тараптуу документтерге кол коюлат.
Бул чек ара чырына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси начарлап кеткенден бери Эмомали Рахмондун Кыргызстанга биринчи сапары. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
Садыр Жапаров 2024-жылы декабрь айындагы маегинде Кыргызстан Тажикстан менен чек ара бекеттерин эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишин жыйынтыктаганда ачарын билдирген.
Ушул эле маегинде кыргыз-тажик чек арасын тактоодо талаш болуп келген жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн, айрым тилкелер боюнча да ушундай эле алмашуулар болгонун айткан. (ZKo)
Шерине