Кыргызстанда балдар үйүндө чоңойгон жаран Орусияда мажбурлап согушка барууга кол койдурушканын айтып берди. Ал "Азаттыкка" Орусиядагы аскердик полигондо машыгып жаткан жеринен байланышка чыкты.
Президент Садыр Жапаров беш генералды наамынан ажыратканы белгилүү болду.
Тажикстандын алыскы аймактарынын бири Ягноб өрөөнүнүн жашоочулары алардын байыркы тили жок болуп кетүү коркунучунда турганын айтып, тынчсызданышууда.
Соцтармактарда абакта жети жылдык жазасын өтөп жаткан Мелис Аспековдун видео кайрылуусу жарыяланды. Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон Садыр Жапаровго берилди деген каражат тууралуу сөз кылган. Бирок ага далилдерди көрсөткөн эмес. Анын буга чейинки айткандарын бийлик өкүлдөрү четке каккан.
Израил армиясынын Газанын түндүгүнө жасалган бүгүнкү аба соккуларынан 90дой киши набыт болду. Арасында ондогон аялдар жана балдар бар экенин анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.
Жети айдан бери атайын кызматтын тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташов өзүнө кол салганы белгилүү болду. Ага Бишкектеги төртүнчү шаардык ооруканадан операция жасалып, кайра камакка киргизилген.
Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган 22 жаштагы келин оор абалда ооруканага түштү. Милиция кылмышка шек саналып келиндин күйөөсү кармалганын билдирди.
Орусияда аскер кызматынан качты деп айыпталган теги кыргызстандык жигит Бишкекте кармалып, азыр тергөө абагында отурат. Жакындары Кыргызстандын укук коргоо органдары аны Орусиянын талабы менен кармаганын айтып, экстрадиция болушу мүмкүн деп тынчсызданууда.
Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн “Дордой” жана “Орто-Сай” базарындагы 8 гектар жери мамлекетке өттү. Атайын кызмат мэриянын менчигине берилген мүлктүн наркын 3,8 млрд сомго баалап жатат.
Шайлоого тыштан кийлигишүү өнөкөтү боло келген. Кыргызстанда эркиндикти жана көз карандысыздыкты калыбына келтирген жылдардагы шайлоолор сырттан ачык кийлигишүүлөр менен коштолгон. Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси менен коомчулуктун талкуусун, өзү жана ишмердиги жөнүндө сөздөрдү жандантты.
Дагы жүктөңүз