Тажикстандын түндүгүндөгү Ягноб өрөөнүндө 500дөй адам жашайт. Өрөөндөгү айылдардын көбү бош калган. "Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосунун кабарчысынын маалыматы боюнча, 25 айылдын 12си ээн турат, калганында бирин-серин гана үйлөр бар.
Ягнобдо убагында төрт миңдей киши жашачу, бирок 1970-жылдары совет бийлиги айылдыктардын басымдуу бөлүгүн пахта өстүрүү үчүн Зафаробод облусуна мажбурлап көчүргөн.
Көбү 1990-жылдары Ягнобго кайтып келгени менен, тоолуу аймактагы жумушсуздуктан жана күнүмдүк турмуштун оорчулугунан улам кайра көчүп кетишкен.
Ягноб тилинде билим берген мектеп жок
Ээн калган айылдын жашоочулары байыркы чыгыш Иран тилдеринин бири - ягноб тили жоголуп кетүү коркунучунда турганын айтышат. Бул тилде сүйлөгөндөр оболу өздөрү жана тажик өкмөтү аны сактап калуу үчүн чара көрүшү керектигин белгилешет.
Ягнобдуктар өз эне тилин жергиликтүү мектеп программасына киргизүүнү да каалашат.
Бирок чөлкөмдө учурда бир да мектеп жок. Балдар Анзоб шаарынан 40 чакырымдай алыстыкта жайгашкан мамлекеттик мектеп-интернатына барып, тажик тилинде билим алышат.
Балдардын дээрлик көбү өз эне тилин унутуп калышкан, анткени алар окуу жылы башталганда кышы ызгаардуу, дүйнөдөн обочолонгон айылдан алыска кетишет.
"1990-жылдары балдар үчүн башталгыч мектептерде ягноб тили окутула баштаган жана ал үчүн окуу китептери да жазылган, - дейт ягноб тилин изилдеген филолог Рустам Рамазанони. - Тил үйрөтүү абдан маанилүү, анткени эне тилинде сүйлөгөндөрдүн саны азаюуда".
Деген менен 2000-жылдардын башында тажик бийлиги бул программадан баш тартып, ягноб балдардын эне тилинде билим алуусу чектелип калган.
Айыл тургундары күнүмдүк жашоодо ягноб тилинде сүйлөшүшөт, ал эми мектепте жана соода сатыкта тажик тилин колдонушат.
"Балдарыбыз мектепке чейин ягноб тилинде сүйлөп чоңоюшат", - дейт "Азаттыкка" жергиликтүү тургундардын бири.
"Kетсек, эне тилибиз жоголот"
Ягнобдуктардын улуу мууну өкмөт пахта эгилген аймактарга көчүрүү программасын токтоткондо, Зафарободдон ээн калган айылдарына кайтып келишкенин азыр да унутушпайт.
Пискон айылынын тургуну Сафарали Бокиев айылынан эч жакка кетпей турарын чечкенде 20 гана жашта болчу.
"Мен 1988-жылы аскер кызматын өтөп, Ягнобго кайтып келдим. Ушул жерде үйлөндүм. Жети балабыз бар, - дейт Бокиев. - Биз азыр эптеп жашап атабыз, мен эч жакка кетким келбейт, анткени кетсек, эне тилибиз жоголот".
Бирок ягнобдуктардын көбү жол, оорукана, эс алуу жайлары жок ээн өрөөндө тургусу келбейт.
Аталган өрөөндө жумуш орундары жок, жергиликтүүлөр негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет.
Ягноб өрөөнүн кышында жети ай бою кар басып, жолун муз каптап турат. Эл ооруп калгандарды ооруканага эшекке мингизип жеткирүүгө мажбур.
Киорте айылынын тургуну Феруза Мухаррамова үч баласын тең үйүндө төрөгөн. Ага жардам бере турган дарыгер же акушер болгон эмес.
Ягнобго электр жарыгы да тартылган эмес. Акыркы жылдары тургундар кароосуз калган суу түтүктөрүн пайдаланып, өздөрүнүн чакан электр станцияларын куруп алышкан.
Өрөөндү уникалдуу туристтик жайга айландыруу боюнча долбоорлор ишке кирген, ал тургай айрым ыктыярчылар бул жаңыдан өнүгүп келе жаткан тармакты андан ары өнүктүрүүгө жардам берип жатышат. Жергиликтүү тургундар мындай долбоорлор жумуш орундарын түзүп, өрөөнгө инвестиция тартат деген үмүттө.
Бирок мындай жылыштар айылдыктардын, өзгөчө жаштардын шаарга көчүп кетүүсүнө тоскоол боло албайт.
"Биз жаштарыбыздын Ягнобдо калышын каалайбыз, анткени алар кетсе тилибиз да жоголот. Тилибиз өлөт, бул айдан ачык, - дейт айыл тургуну Бокиев. - Бирок биздин балдар бул жерде такыр жашагысы келбейт".
Ягнобдун кыштактары кирпичтен салынган үйлөp жана эски, кароосуз калган уранды тамдар менен курчалган.
Улуу муун кетсе, тил жоголобу?
Ал эми өрөөндү таштап, көчүп кеткендер үйдөн алыс жашаганда эне тилин сактап калуу кыйын экенин моюнга алышат.
Зафаробод шаарындагы ягноб жамаатынын мүчөлөрү алардын тили жана бүтүндөй маданияты жоголуп баратканына кейип турганын жашырышпайт.
"Биздин тойлорго келсеңиз, 95-98% ырлар тажик тилинде", - дейт Зафаробод шаарынын тургуну Мирзо Рамазонов.
"Зафарободго көчүп келгенден кийин биз салт-санааларыбыздын көбүн жоготтук, - дейт ягнобдук акын Саидмурод Холов. - Ягноб тилинде сүйлөгөндөр да аны тажик сөздөрү жана сөз айкаштары менен аралаштырышат".
Шарофат Шарифова бир нече жыл мурун үй-бүлөсү менен Ягноб өрөөнүнөн баш калаа Дүйшөмбү шаарына көчүп келген. Ал Дүйшөмбүдөгү ягноб жамаатынын өкүлдөрү азыр деле өз эне тилинде сүйлөшөрүн белгилейт, бирок улуу муун карыган сайын бул тил да жок болуп кетет деп кооптонот.
Ягноб тили байыркы согд тилинин диалектилеринин бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Тажикстанда бул тилде 10-12 миңдей адам сүйлөйт.
"Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчылары Муллоражаб Юсуфи, Фарзон Мухаммади жана Мирзонаби Холикзоданын материалдарынын негизинде жазылган.