Кыргызстандын ар бир шаар-кыштагында жалпы тарыхтан тышкары чөлкөм таануу жана инсан таануу багытында сабактар, музейлер жана саякаттар уюштуруу зарыл. Болбосо жаш муундар өз жергесиндеги тарыхый окуялар жана инсандар жөнүндө үстүрт билип калышат. Тарыхчынын блогу.
Токонаалатка калуудабыз
Бир жолу айтылуу кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог адиси, алиппечиси, сөздүкчүсү, тил илимдеринин кандидаты (1944), профессор (1966), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1992), жумуриятыбыздын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Кусейин (Хусейин) Карасаевдин (1901–1998) торколуу 95 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Көлдөгү салтанатка барып калдык.
Түп районундагы Кең-Суу айылында туулуп-өскөн, ал эми айдыңдык жарыгы бүткүл кыргыз улутуна тийген бул даңазалуу аксакалдын тою маалында анын бир айылдашы менен чогуу отуруп калдым.
Ал киши:
– Эми бул аксакал биздин айылыбызга эмне жарытылуу иш жасап койду дейсиз? – деп алиги тойду жактырбай айтып калды.
Сыртынан билим-таалимдүү эле көрүнгөн бул кишиге абдан таң калдым.
Ошол тапта Кыргызстандын басылмаларынын бардыгында, сыналгыда жана “Азаттык” сыяктуу маалымат каражаттарында Кусейин атабыздын руханий салымдары тууралуу байма-бай айтылып жаткан. Албетте, анын сталиндик доордо жазыксыз жерден “эл душманы” катары жумуштан айдалып, запкы чеккен жылдары тууралуу Кыргызстанда эгемендик доорунда гана ачык айтылып калбадыбы!
Бирок даңазалуу сөздүкчүнүн өмүрү жана салымдары жөнүндөгү арбын билги (маалымат) анын өз жердешинин көөдөнүнөн кайып өтүп кетип жатканы кейитти...
Кийинчерээк ушундай эле “айылыбызга эмне эмгеги өттү эле!” дегендей бир беткей айың сөздү кайсы бир шекердик тургун залкар жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовдун дарегине каратып айтканын да айрымдар жазып жүрүшөт.
Чынында, залкарлардын эмгектерин калыс баамдай албаган айрым кишилердин айынан жалпы муунубуз токонаалат кепке калып жатабыз.
Акыбалдан кантип чыгабыз?
Кыргызстан тарыхы жана дүйнө тарыхы боюнча окутуу сааттары кыскартылып жаткан азыркы кезеңде (албетте, аларды кыскартууну таптакыр колдобойбуз) мектептердеги бардык эле айдыңдарды окуучуларга чөлкөм таануу багытында кошумча билги (маалымат) бере жүргүлө, деп өтүнөөр элек.
Инсан таануу – бардык мугалимдердин орток жүгү
Ар айылда жана шаарда мектептерде инсан таануу сабактарын кошумча өткөрүү зарыл.
Кыргызстандын ар бир шаар-кыштагында жалпы улутубузга жана өлкөбүзгө, ошондой эле өзүнүн чакан журтуна мугалим, айдың, адис, өнөрпоз, уста, уз, саяпкер катары же коомдук турмушка жигердүү катышкан жаран катары опол тоолдой салым кошо алган инсандар арбын.
Маселен, Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин) проректору кызматында турганда, жогорку математика боюнча окуу китептерди кыргыз тилинде жарыялаганы үчүн ошол кездеги совет бийлиги тарабынан "улутчул" катары куугунтукталган инсан – математик Ракым Усубакунов (1929–1982).
Бул залкар агартуучу жана окумуштуу тууралуу тарыхчылар гана эмес, математиктер да кеп кура алышат. Ал Ысык-Көл өрөөнүндөгү Чок-Тал айылында туулган.
Ал эми укук илимдери жаатында кыргыздын туңгуч илим доктору болгон профессор Кубанычбек Нурбеков (1928–1985) Кыргызстандын эегемендиги жобосун андан ары чыңдап, бул жумурият СССРден чыгып кетүүгө конституцияок жактан акылуу, деп жар салган.
Ал адилетсиз куугунтуктун айынан жапа чегип, эрте көз жумган. Анын кичи мекени – Таластагы Кум-Арык айылы.
Кыргыз элинин белдүү физик окумуштуусу Дүрбөлөң Мамбетов (1931–1970) да ири ачылыштар жасаган. Ал “мирабилит” делген жана илимде “глаубер тузу” деп да аталган кристаллдашкан минерал өз курамындагы суу бууланып чыгып жаткан кезде өзүнөн өзү электронду чыгарып салаарын (эмиссия жүрүмү жүзөгө ашырылаарын) илимий жактан негиздеген. Акыры, суудан толук бошогон соң, бул криталл тек гана ак упага айланган.
Электрондлук эмиссия жаатындагы бул илимий тыянак “Мамбетовдун эффекти” деген аталыш менен илимий чөйрөгө киргизилген.
39 жашында (кыргыздардын ичинен алгачкы болуп физика илимдери жаатында доктордук диссертациясын коргоого 20 күн калганда) кайтыш болгон бул физик окумуштуунун сөөгү өз айылына – Нарын районундагы Таш-Башат айылына коюлган.
Ал эми советтик доордо ири ачылыштар жасаган геолог, геохимик, академик Муса Мырзапаяз уулу Адышев (1915–1979) Теңир-Тоонун геологиялык, биогеохимиялык, палеогеографиялык жана башка өңүттөрдөн заманбап изилденишин илимпоз жана жетекчи катары жүзөгө ашырган.
Муса Адышев Алайдагы Гүлчө кыштагында туулган (анын ата-теги айтылуу Алымбек датка менен Курманжан даткага барып такалат).
Учурда көзү тирүү жана өрнөктүү далай айдыңдарыбыз бар.
Алардын бардыгын санап өтө албайбыз.
Жогорудагы чакан мисалдар аркылуу ар бир өрөөндө инсан таануу боюнча дарстарды ар кыл илим тармактарынын окутуучулары өз алдынча жана өтө кызыктуу мултимедиалык ыкмалар менен өткөрө алышат.
Ар бир дубанда жана айылда жалпы улут тарыхына жана жергиликтүү тарыхка байланыштуу музейлер же музейлик бурчтар уюштурулушу, ар бир мектепте жарандык кошумча сабактар инсан таануу жаатында өткөрүлүшү ылаазым.
Бир жолу Нарында эл аралык университетте бир так илимдер жаатында дурус окуган жергиликтүү студенттен Тайлак Баатыр Ырыскул уулу (1796–1838) тууралуу англисче сурамжылоого туура келди (сынак белетинде жазылыптыр).
Анан аны сүйөмөлөө үчүн:
– Ушул окуу жайга келе жатканыңда үч кошкон көчөдө аргымак чылбырын кармап турган бир баатырдын айкели турат, ошол эстелик кимге таандык? – деп да сурадым.
– Агай, жанынан көп эле өтөм, бирок кимдики экенине этибар берген эмес экенмин! – деп жан кашайткан жооп алсам болобу!
Албетте, Барсбек, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, Мухаммед Кыргыз, Тайлак Баатыр, Ормон хан, Алымкул аталык, Алымбек датка, Курманжан датка, Арстанбек, Полот хан, Молдо Нияз, Зиябидин Максым, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Тыныбек, Сагынбай, Саякбай, Төрөкул Жанузаков, Абдыкерим Сыдыков, Эшенаалы Арабай уулу, Осмонаалы Кыдык уулу, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Жаныбек казы, Искакбек Монуй уулу, Белек Солтоноев, Кусейин Карасаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Ракым Усубакунов, Кубанычбек Нурбеков, Муса Мырзапаяз уулу Адышев, Бүбүсара Бейшеналиева, Динара Асанова, Бегималы Жамгырчинов, Кушбек Үсөнбаев, Өмүркул Караев, ж.б. бабаларыбыз тирилип келип, ар бир айылга жылкы союп, өзүнө өзү аш өткөрө албайт.
Байыркы жана соңку тарыхтагы жалпы улут үчүн баалуу тарыхый инсандарыбыз жөнүндө гана эмес, тийешелүү айылдагы агартуучулар, манасчылар, төкмөлөр, кошокчулар, өлөңчүлөр, акын-жазуучулар, уздар, усталар, саяпкерлер, экологдор, илимпоздор, укук коргоочулар жана башка эмгеги сиңген инсандар тууралуу окуучулар эссе, көркөм баян жазып, ал түгүл даректүү сүрөт жана видео баян даярдап (азыр ар бир айылда буга мүмкүнчүлүк бар), айтор, эстутумубузду улам жаңыртып турушубуз зарыл.
Ошондо “бул киши биздин айылга бери дегенде тоок союп бериптирби?” дегендей көрпенделик түшүнүктөрдөн акырындап арылабыз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.