Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Быйыл дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө шайлоолор, референдумдар жүрүп жатат, дагы чоң шайлоолор өткөнү турат. Боло келген, боло бермекчи деңизчи. Бирок соңку окуяларга караганда, ар кайсы мамлекеттердеги шайлоолорго сырттагы оюнчулардын кийлигишүүсү күч алган сыяктуу. Ар кандай баяндамалар, билдирүүлөр, маалыматтар бул көйгөй эл аралык саясаттын күн тартибинен чыкмак тургай, сап башынан түшпөй турганын далилдеп турат.
Бир-эки аптанын ичинде эле ушуга байланыштуу маалыматтар саясатчылардын оозунан түшпөй, медиа мейкиндикте негизги темалардын бирине айланды.
Молдовада президенттик шайлоого жана Европа биримдикке кирүү боюнча бүткүл элдик добуш берүү жараянына тышкы күчтөр катуу киришкенин айтып, “уюшкан кылмыштуу топтор чет өлкөлүк күчтөр менен биригип алып, болуп көрбөгөндөй чабуул койду, алар өлкөбүздөгү демократиялык процесстерди жокко чыгаруу үчүн 300 миң добушту сатып алууга ондогон миллион евро жумшады” деп жар салды президент Майа Санду.
Орус медиасы болсо Европа баш-оту менен киришкенине карабай, Санду айым биринчи турда толук жеңе албады, референдумдун жыйынтыгы шектүү деп чуулдады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Молдовадагы президенттик шайлоонун 3-ноябрда өтө турган экинчи туруна Орусиянын тийгизер таасиринен кооптонуп жатканын айтты.
2016-жылдагы шайлоодо Дональд Трамп жеңгенде, Американын демократтары Орусия колдоду, болбосо утат элек деп Москваны күнөөлөгөн. Эми президенттикке кайрадан аттанган Трамптын штабы Британиянын лейбористтик партиясынын аракеттерин чет өлкөлүк мыйзамсыз каржылоо, сырттан кийлигишүү катары тезинен иликтенишин суранып, Федералдык шайлоо комиссиясына даттанды. Андан тышкары, Трамптын штабы перстер маанилүү документтерибизди уурдап, атаандаштарыбызга берди деген айыптоолорду жарыялады.
Кийлигишүүгө күнөөлөгөн билдирүүлөр талапкерлер менен чектелбеди. АКШнын атайын кызматтары Трамптын дооматын бекемдеп, Ирандын аралашканы куру сөз эмес экендигин далилдөөгө аракет кылды. Муну дароо четке кагып, Тегерандын БУУдагы өкүлү "былжырак кеп" катары баалады.
Андан бир аз өткөн соң Американын чалгын кызматы 5-ноябрда өтө турган шайлоодо айрым чет өлкөлөр, мисалы, Орусия, Кытай, Иран шайлоонун өзүн бузуп, чыр чыгарып, жапырт баш аламандыкты уюштурганы жатат маанисиндеги кепти адегенде жылжытты, анан расмий баян катары жарыялады.
Арийне, Москва да Батыш шайлоолорубузга орой кийлигишип, ички иштерибизге ыксыз аралашат, кастыгын койбоду деп дайыма айыптап келет. Бийликке жакпаган ар бир окуя же терс көрүнүш үчүн сырткы күчтөрдү, айрыкча АКШ менен Европаны күнөөлөйт.
Маселен, былтыркы президенттик шайлоодо Батыш агрессивдүү кийлигишип, шайлоочуларды коркутуп, ар кандай диверсияларды уюштуруп, психологиялык басым-кысымдын түрдүү ыкмаларын колдонгонун орус саясатчылары дамамат белгилейт.
Эски атаандаштар бири бирин күнөөлөп жатканы өнөкөт нерсе. Бирок Европанын ичинде да ушундай ыйкы-тыйкылар болууда. Венгриянын премьер-министри, өлкөнүн оппозициясы тарабынан орусиячыл катары күнөөлөнүп келаткан Виктор Орбан Евробиримдиктин жетекчилиги төңкөрүш уюштуруп, өкмөттү алмаштырганы жатат деп ачууланып, сөөмөй кезеди. Эл аралык мамилелерде опуза сөздөр арбый баштады.
Келерки жылы январда Беларуста президенттик шайлоо өтөөрү анык болду. Беларус авторитардык лидери А. Лукашенко шайлоолорго сырттан кийлигишип, өлкөнү дестабилдештирүүгө кызыккан тышкы күчтөр бар экенин дайыма какшап келген. Эми да ошол тезис өктөм айтыла баштады. Кокус сырттан, маселен, Батыш тараптан андай шек билинсе, Орусия эч аянбасын, дароо жардамга келе турганын баса белгиледи Минскидеги орус элчиси Борис Грызлов.
Юридикалык жактан караганда ички иштерге кийлигишүүгө болбойт, бирок шайлоого байланыштуу түзүлгөн ички саясий кырдаалда башка өлкөгө аянбастан жардам берем дегени кызык.
Балким, Союздук мамлекеттер ортосундагы келишимдердин кай бир жобосуна таяндыбы же Москва менен Минск кол коймокчу болуп камданып жаткан орус-беларус коопсуздук кепилдиги аталган жаңы документте камтылабы, айтор, непада бир нерсе болсо, коңшусунун короосуна ат бастырып киргенден кайра тартпачудай.
Шайлоого тыштан кийлигишүү өнөкөтү
Мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү - эзелки проблема, эски дарт. Сырткы күчтөрдүн шайлоолорго таасир этүү аракети - универсал көрүнүш, тилекке каршы. Тарыхта андай мисалдар арбын.
Ири жана күчтүү мамлекеттер ар дайым тигил бул өлкөдө өз кызыкчылыгы үчүн шайлоосуна кийлигишмек тургай, ар кандай кутумдарды уюштуруп, жакпаган өкмөттөрдү ийге келтирип, тизелетип же тактан силкип түшүрүп, алмаштырып ийгенине дүйнө нечен ирет күбө болду.
Мисалы, СССР империясынын андай тажрыйбасы мол эле. Социалисттик лагерь же блок деп эсептелген, болбосо лоялдуу, СССРдин колдоосуна муктаж мамлекеттердин ички ишине кийлигишүү КПСС үчүн кадыресе көрүнүш болчу.
Саясий гана эмес, аскерий күч менен кийлигишүнүн “чектелген суверенитет доктринасы” же Батыш “Брежневдин доктринасы” деп атаган концепциясы, саясий-идеологиялык негиздемеси да бар эле.
1956-жылы Венгриядагы, 1968-жылы Чехословакиядагы антикоммунисттик акциялардын кандуу басылышы, башка өлкөлөрдөгү ушуга үндөш же окшош окуялар, социалисттик лагердеги мамлекеттерге өз эркин, эрежесин таңуулоонун түркүн ыкмалары СССР тарабынан кеңири колдонулган.
АКШ да бай андай терс тажрыйбага. Карнеги-Меллон университетинин окумуштуусу Д. Левиндин АКШнын чалгын кызматтарынын ачыкталган документтерине таянган изилдөөсүнө ылайык, 1946-жылдан 2000-жылга чейинки аралыкта АКШ 45 өлкөдөгү шайлоого жалпысынан 80 ирет кийлигишкен. Ошончо аракеттин 59% ийгиликтүү ишке ашып, Вашингтон максатына жеткен экен, чиркин. Демек, кайсы бир өлкөнүн тагдыры, андагы саясий жана финансылык бийликтин алмаштырылышы - ошол купуя операциялардын жыйынтыгы.
Демек, кайсы бир өлкөдөгү бийлик - өз өлкөсүнүн эмес, бийликке алып келген тышкы күчтөрдүн бери болгондо ишенимдүү адамы, ары болгондо кол баласы. Демек, ошол мамлекеттердин суверенитетине оңбогондой доо кетиптир. Демек, ошол мамлекеттерде шайлоо элдин эркине жараша болбой, сырттан таңууланыптыр. Демек, ошол мамлекеттердин бийлиги легитимсиз болгон тура. Булар тарыхка айланганы менен, ала турган сабагы арбын, анткени кайталанмагы анык көрүнүштөр.
Кызыгы, башкалар кийлигишкен узун тизмеге "банан" республикалардагы же кен байлыгы мол, эли жакыр, бийлиги коррупциялашкан башка өлкөлөрдөгү төңкөрүштөр, аскерий козголоңдор жана “түстүү революциялар” кирбейт экен. Аларды кошкондо мындан да арбын көрүнбөйбү.
Эми ачыкталган ошол документтерде жашыруун операцияларга шайлоо кампанияларын, керектүү кандидаттарды, протесттик акцияларды, массалык иш чараларды каржылоо, дезинформация жана пропаганда, өкмөттөргө экономикалык, саясий, моралдык кысым көрсөтүү, моюн толгогон саясатчыларды дискредитациялоо, кызматтан кетирүү же ийге келтирүү, лоялдуу адамдарды көчөгө чыгаруу, элди манипуляциялоо, шайлоочулардын башын айлантуу, кыскасы, түркүн технологиялар, ар кандай ыкмалар кирет.
АКШнын “Маалыматтын жеткиликтүүлүгү жөнүндө” мыйзамына шайкеш ачыкталган купуя документтердин негизинде жазылган Д. Левиндин бул баяндамасы кезинде чоң чуу жаратып, 2018-жылы “Нью-Йорк Таймс” гезити сымал абройлуу медиа басылмаларда кызуу талкууланган.
Кубаттуу жана трансулуттук корпорациялар, аларман-жуларман ишкерлер таба турган пайдасы үчүн өзүнө ылайыктуу, лоялдуу же сатылма адамдарды саясатка аралаштырып, бийиктикке чыгарып, бийликке алып келүүгө аракеттенип келгени анык. Мисалы, биздин медиа мейкиндиктен дале кеткиси келбеген “Вагнер” менчик аскер компаниясы Африкада ээн-эркин жойлоп, кай бир өлкөнүн кен байлыктарын тартып алууну көздөгөн айрым мамлекеттердин же фирмалардын тапшырмасы менен кутумдарды же төңкөрүштөрдү уюштуруп, баш ийбеген азоо бийлигин серпип ыргытып же ансыз деле коррупциялашкан аткаминерлерин кол жоолуктай алмаштырганы кеңири белгилүү. Мындай мисалдар жетиштүү.
Суверенитеттин, намыстын, коопсуздуктун сынагы
Кыргызстан да андай кийлигишүүлөрдү нечен ирет баштан кечирген. Эркиндикти жана көз карандысыздыкты калыбына келтирген жылдардагы шайлоолор сырттан ачык кийлигишүүлөр менен коштолду. Андайга көнүп, болмогу анык мыйзам ченемдүүлүк катары тааныгандан бетер моюн суна түшкөн элек. Жогоруда саналган окуялар бизде да ар кандай учурда ар кандай формада жана деңгээлде болду. Бирок биздеги көрүнүштөр жогорудагы мисал кылган сырткы кийлигишүүлөрдөн эмнеси менен айырмаланат?
Албетте, мазмуну жана демилгечи субъекттери менен айырмаланат. Эгерде башка өлкөлөрдө шайлоого тыштан кийлигишүү негизинен чет мамлекеттердин демилгеси менен ишке ашса, бизде андай кийлигишүүлөрдүн демилгечиси өзүбүз болдук.
Тарыхый романистиканын алпы Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы балтанын сабы жөнүндөгү икаядагы жыгач сап ошол кездеги бизге куп жарашкыдай.
Шайлоо дегенде эле бата сурап Москвага же башка борборлорго тынбай каттап, эшик сагалаган ким? Өзүбүздүн кыргыз саясатчылары. Кремлге барып, батасын алып келиптир, демек, өтөт бул кандидат же партия деп жарыш баштала электе мөрөй ыйгарган ким эле? Өзүбүздүн эл, биз болчубуз.
Жолукпай келиптир, жолу болбойт деп көзү ачыктык кылган ким эле? Биз - жүзүн үйүргөн электорат, жармашып өтсөм деп коштоп жүрүп, башка партияларга өтө качкан саясатчылар, ошол кезде ооз ачканга жарабаган коомчулук. “Ат чуркабайт, тап чуркайт, тап чуркабайт, бак чуркайт” дейт көөнө кыргыз.
Сырттан колдоосу жок экен, ай, бечара, өтпөйт го деп жарышка кире электе шагын сындырган, чуркап келаткан күлүктүн багын кескен ким эле? Албетте, кыргыз аталган эмки журт, биз, ошондо добуш бербеген же добушканага келбеген кокуй шайлоочулар. Башка мамлекеттерден каражат алып, шайлоого күпүлдөп кирген жана уткан партиялар кайсылар эле? Биздин саясатчылардын партия аталган уюшма топтору болчу. Чет өлкөлүк уюмдардын каржылык колдоосу менен каршылык акцияларына жабыла чыккан ким эле? Биздин жарандар болчу.
Өткөн доордо кой, болбойт, жарабайт, токтот деп бекем айткан учурлар сейрек экен. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү айткандай электораттын 3% гана араң колдогон “досу” С.Жээнбековду күчтөп шайлатарда дүбүртү чыгып калган талапкер Ө.Бабановду кабыл алды деп казак президенти Н.Назарбаевге ачык каяша кылганы эсибизде. Тике айтпасак да нааразычылыгыбызды каймана же абдан сылык түрдө сыйпалата билдирген учурларыбыз болгондур.
Бирок жогорку деңгээлде расмий адамдын андай катуу реакция кылганын учурата албадым. Балким, билбейт чыгармын, жабык нота же башка каналдар аркылуу биздин үлкөн жетекчилер тиешелүү тараптарга нааразычылыгын билдиргендир. Мүмкүн, мамилесин каймана туюнткандыр же жеке жолукканда бекем айткандыр. Анда ак чөп башта.
Ошентип, бир-эки учурду жана коомчулуктун айрым нааразы кептерин эске албаганда, өткөн мезгилде сырткы күчтөрдүн шайлоого кийлигишүүсүнө расмий форматта жана/же жетиштүү түрдө жооп кайтарбаптырбыз. Албетте, башка жагдайларга байланыштуу айтылса керек, бирок президент Садыр Жапаровдун Кошмо Штаттарды жана айрым чет өлкөлүк уюмдарды Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырганы - чечкиндүү кадамдардын бири.
Эгерде тышкы күчтөр, сырткы субъекттер же чет мамлекеттер шайлоого кийлигишсе, өзүн сыйлаган ар бир мамлекет сөзсүз реакция кылат: бетине айтат, айыптайт, сындайт, эл-журтка кайрылат, көпчүлүккө жарыялайт, кескин билдирүү жасайт, эскертет, мындайыңды токтот деп чакырат, опузалайт, каршылык нотасын же кат жолдойт, дипломатиялык демарш жасайт, өз элчисин консультацияга шылтап чакыртып алат, кийлигишкен мамлекеттин өкүлүн өлкөдөн чыгарып жиберет, кыскасы, шартка жараша адекваттуу жооп кайтарып, позициясын билдирет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 2-беренесинде, Эл аралык укуктун принциптери жөнүндө Декларацияда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык кеңешинин Жыйынтык актысында (Хельсинки актысы), БУУнун Мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө Декларациясы сыяктуу эл аралык башкы документтерде мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө деген негизги принцип так, конкреттүү жана даана белгиленген. Ар кандай жол менен кийлигишүүгө жол берилбейт. Мыйзам, эреже ушундай.
Ички иштерге кийлигишпөө жана мамлекеттердин суверенитетинин кол тийбестиги - эл аралык мамилелердин эң негизги баалуулуктардын бири. Бул принциптер адамзат башынан кечирген согуштардын натыйжасында, асыресе Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардан кийин биротоло иштелип чыгып, баары чогулуп кабыл алган, баары макул болгон, баары сактайбыз деп милдеттенме алган, сөздүн чыныгы маанисинде кан жана тер менен жазылган.
Өзүн сыйлаган, суверенитетин жогору туткан мамлекеттер мындай кийлигишүүлөргө жол бербөөгө болгон күчүн үрөйт. Демек, бул эл аралык мамилелерде сынала турган суверенитет маселеси. Элдин эркине койбой, өз оюн таңуулап жатса, ага туруштук бере албасак, кадырга доо кетет. Демек, бул эл аралык аренадагы намыс маселеси.
Сырттан бирөөлөр өздөрү каалаган күчтөрдү сүрөсө, алар ошол сырткы күчтөр алдында милдеткер. Эгер сырттагылардын колдоосу менен шайлоодо жеңишке жетип, бийликке келсе, саясий, укуктук, финансылык ачкычтар колуна тийсе, мөрөй үчүн милдеткер жактын кызыкчылыгын эске албай койбойт. Бери дегенде лоялдуу болуусу абзел.
Сырткы күчтөр алдындагы милдеттенме менен өлкөнүн кызыкчылыктары дайыма эле дал келе бербейт. Демек, шайлоого сырткы күчтөрдүн аралашканы - мамлекеттин коопсуздугунун проблемасы. Дээрлик бардык өлкөлөрдүн мыйзамдарында сырткы күчтөрдүн шайлоолорго кийлигишүүсү - оор кылмыштардын бири, андай аракеттерге тыюу салынган. Демек, бул мыйзамдын сакталышын сынаган маселе.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жакындап калды. Андан ары президенттик жана парламенттик шайлоолор келатат.
Жакындагы жана келечектеги шайлоолор талапкерлерин багынын гана сыноосу эмес, жогоруда айткандай, суверенитеттин, намыстын, коопсуздуктун жана мыйзамдуулуктун оор сыноолору экенин көңүлгө бекем түйгүдөйбүз.