"Камерага түшүп калып кармап кетишти"
Коопсуздугуна байланыштуу "Азаттык" бул жигиттин аты-жөнүн жарыялай албайт. Шарттуу түрдө Самат деп атадык.
Ал Фарида Мырзаеванын жалгыз уулу. Ата-энеси мурда Орусияда иштеп жүрүп, ал жактын жарандыгын алган. Кыргызстанда төрөлгөн Самат Аксы районунда мектепте окуп, 9-классты аяктаган соң Орусияга кетип 14 жашында паспорт алган экен. Апасынын айтымында, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралына чейин армияда кызмат өтөгөн. Согуш башталгандан кийин Кыргызстанга баса берген.
Орус бийлиги ага карата “аскердик бөлүктү өзүм билемдик менен таштап кеткен” деген айып тагып, кылмыш иши козголгон жана издөө жарыяланган. Быйыл 12-октябрда Саматты Бишкектин Свердлов райондук милициясы кармап, соттун чечими менен эки айга №1 тергөө абагына камалды.
Фарида Мырзаева кыргыз тарап аны Орусияга өткөрүп берип коет деп санаа тартып отурат.
"Дароо эле кармап берип салат деп эч ойлогон эмесмин. Ишемби күн болчу, 12-октябрда кармады, ошол жакка жолдош балдарына барган экен, камерага түшүп калыптыр. Азыр тергөө абагында кармалып турат. Орусиянын издөөсүндө жүргөн экен. Камерага түшүп калып, Орусияга өткөрүп беребиз деп кармап отурушат. Балам Кыргызстанда төрөлгөн. Кыргызстанда окуган, Кыргызстандын жараны. Өзүм Кыргызстандын жаранымын. Жалгыз эле уулум бар", - дейт көз жашын тыя албаган эне.
Анын айтымында, уулу орус армиясына 2019-жылы чакырылып, Москванын четиндеги Мытищи шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Мөөнөтү бүткөн соң ошол эле бөлүктө келишимдик негизде иштей баштаган:
"Алар балама келишим менен кызмат өтөп калышы үчүн жакшы сунуштарды берген. Балам мага кайра-кайра айтып, “бул жакта баары бир иштейм да, үч жылга кала берейин, көнүп калдым” дей бергенинен “макул” дегем. Эгер шарт жакпай калса, каалаган учурда баш тартып кете берсең болот, буга укугуң бар дешет экен. Өргүүгө чыкканда Кыргызстанга келип кеткен. Келгенде атамдар анын келишим менен кызмат өтөшүнө каршы болду, "энең жалгыз бой, келип жанында бол, кара" дешти.
Самат Кыргызстандан өргүүдөн баргандан кийин аскердик келишимди мыйзамдын негизинде токтотууга аракеттенген. 2021-жылдын августунан 2022-жылдын январына чейин аскердик келишимден баш тартып, Кыргызстанга келүүгө далалаттанганы менен аскердик бөлүк буга уруксат берген эмес.
Көшөрүп арыз жазган жигиттин тиешелүү документи колуна тийгенче согуш башталып кеткен.
"Уулум баргандан кийин беш ай катары менен баш тартуу тууралуу арыз жазганын айтты. Бирок аны жазганда эле тытып салышат экен, "эч кай жакка кетпейсиң" дей беришти дейт. Ошентип балам февралды күтүп жүргөн, буйрук чыкса документти алып чыгып кетем деп... Февралдын 22синде согуш чыгып кетти. Баламда эч кандай далил жок болуп калды. Командири да согуштан кайтпай калды. Уулум эч нерсе кыла албай калды. Булардын бөлүгүнөн 94 адам келбей калыптыр".
"Согуш бүтүп калар деген үмүт менен жашады"
2022-жылдын февралында Орусия Украинага согуш ачса, Самат Кыргызстанга ошол жылы марттын башында качып келген. Ошондон бери көчөгө көп чыкпай үйдө отурган:
"Уулум бул жакта согуш бүтүп калаар деген үмүт менен жашады. Өзү деле уктабай чыгып атты. "Апа, мени бир күнү алып кетип калат окшойт, кантип алып каласыз?" деп сурап жатты. "Мени азыр согушка алып кетет, же келишимдерге кол койдурат. Согушка бар дей турган болсо, мен барбайм, ал жактан өлүгүмдү деле таппайсыңар, өлсөм да Кыргызстанда эле өлгөнүм жакшы" деп атат". Эми эмне кылышты билбей турам".
Фарида Мырзаева жолдошу менен мигрант болуп иштеп жүрүп, 2011-жылы Орусиянын паспортун алышкан экен. Ошол эле кезде Кыргызстандын жарандыгынан чыккан эмес. Уулу Самат жана төрт кызы Аксыда, таятасынын колунда калган.
"Ким эле баласын апаатка жибере койгусу келет. Бөтөн эл, бөтөн жер үчүн... Өзү кыргыз, кыргызстандык болсо... Ким эле башка жакка барып согушуп, ошол жакта өлгүсү келсин", - деди таятасы Орозбек Мырзаев.
"Төрөлгөндөн баштап Кыргызстандын жараны"
Саматтын укугун адвокат Эрланбек Токтосунов коргоп жатат. Ал жигитти Орусияга өткөрүп берүүгө мыйзам уруксат бербей турганын айтууда:
"Кыргыз Республикасынын "Жарандар" жөнүндөгү мыйзамынын 12-беренесинде так көрсөтүлүп турат. Ар бир жаран жарандыкты төрөлгөн мезгилден баштап алат деп. Тактап айтканда, мыйзам чегинен алып караганда, бул бала төрөлгөн кезден баштап Кыргызстандын жарандыгын алган болуп саналат. Аны өзүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү тастыктайт. Конституцияда жазылып турат: Бир дагы адам өзүнүн жарандык келишимди аткарбай койгону үчүн кылмыш жообуна тартылбайт. Армияда коюлган келишим жарандык-укуктук келишим болуп саналат. Ошонун шарттарын аткарбадың деп соттоп жиберген болбойт. Ошондуктан бул баланы Орусияга берүүгө биз каршы турабыз".
Согуш башталгандан кийин Самат Орусиянын аймагынан чыгарылбай тургандардын тизмесине кирген.
Миграция боюнча юрист Мирлан Токтобеков Кыргызстан Орусиянын талабынын негизинде жарандарды өткөрүп берген учурлар бар экенин эске салды:
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги да өзүнүн аймагында жүргөн, Орусиянын аймагында кылмыш кылган адамдарды кармап, өткөрүп берүүгө милдеттүү. Биз эл аралык келишимдин нормаларынан чыга албайбыз. Мындай учурлар болгон. Буга чейин дагы 1-2 учур болду. Орусия ушинтип өзүнүн аскердик кызматынан качкан, мурун Кыргызстандын жарандыгын албаган 2-3 баланы алып кеткен".
Жигиттин жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, аны Орусияга өткөрбөөнү суранып жатышат.
"Мен кыргыз бийлигинен суранат элем, кагылайындар! Президенттен суранам. Биздин жалгыз бой энеге, жалгыз балага күйсөңөр, жибербей алып калгыла. УКМКнын төрагасы Ташиевден дагы суранам. Кыргызбыз, кагылайындар. Алып калгыла баламды. Алып калгыла", - деди калчылдап өзүн араң карманган таятасы Орозбек Мырзаев.
Милициядан сөз болгон жигиттин кармалганын жана ага жакындары айткандай айып коюлуп жатканын "Азаттыкка" ырасташты.
Саматка окшоп согуш башталгандан кийин Орусиядан Кыргызстанга качып келгендердин канчасы кармалып, экстрадиция болгону тууралуу так маалымат жок.
Кыргыз тарап буга чейин коопсуздугунан улам Кыргызстанга келип, башпаанек сураган орусиялык эки активистти көчөдөгү видеобайкоочу камералар аркылуу Бишкектен кармап, Москвага өткөрүп бергени белгилүү.
Былтыр Кыргызстан, Казакстан жана Орусия менен жеке маалыматтарды алмашуу боюнча макулдашуу түзүлгөн.
Келишим мобилизациядан улам орусиялыктар чет өлкөлөргө качып, анын ичинде Кыргызстанга келип жаткан маалга туура келген. Бийлик бул документ мигранттардын маселесин жеңилдете турганын айтса, жарандык коом мунун арты менен аңдуулар, тоталитардык аракеттер күч алышы мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.