"Кыргыз элим, бул биздин согуш эмес"
"Мен түрмөдө отургандан көрө согушка барган артык деп ойлогом. Түрмөдө отуруп чыктым деп айтканды намыс көрдүм. Бирок мен качып кетем, согушка да барбайм деп ойлогом. Келишимге кол коё баштаганда эле коркуп, колум титиреп, жазгым келген эмес".
Бул кыргызча, орусча аралаштырып сүйлөп жаткан кыргыз жараны Володя. "Азаттык" белгилүү себептерден улам Володянын өз атын ачык жаза албайт. Анын жашы 25те. Октябрдын ортосунда Орусияда кармалып, согушка барууга макул болуп, келишимге кол койгон:
"Росгвардия жолдон кармап кетти. Чынын айтсам, катталган дарегим туура эмес болчу. Алар бул мыйзамсыз экенин айтып, үч жылга камаларымды айтышты. Аябай корктум. Ошол учурда камалгым келбесе, келишимге кол коюу керектигин айтышты. Мен кол коюп бердим, бирок качып кетем деп ойлогом. Кол койгондон кийин алар мени коё беришти. Эртеси келип, кан тапшырдым. Анткени алар менин документтеримди алып калышкан. Ошондон кийин аларга кайра согушка барбайм деп айттым. Себеби туугандардын баары каршы болушту. Бирок мени коё беришкен жок. Менин андан аркы тагдырымды сот чечет - же депортация болосуң, же камаласың дешти. Мени тергөө абагына киргизишти. Ал жакта отурганымда мени менен балдар үйүндө чоңойгон бала келип, кайра согушка көндүрө баштады. Эшикке чыкканда качып кетүүнү ойлогом. Бирок мени эшикте кызматкерлер күтүп туруптур. Алар же "келишимге кол койбосоң, кайра камап коёбуз" дешти, айла жок кол коюуга туура келди".
Володя "Азаттыкка" кол койгон документтердин үлгүсүн жиберген.
Володя жана ал өңдүү согушка барууга келишимге кол койгон башка жарандар "Авангард" аскердик даярдыктан өтүү борборуна жеткирилген. Ал журналисттер менен борбордо машыгуу өтүп жаткан жеринен байланышкан.
"19-октябрда бизди аскердик полигонго саат кечки беш, алтыларда автобус менен алып келишти. Бизге эч нерсе беришкен жок. Эмне кийимибиз болсо ошону менен даярдыктан өтө баштадык. Бул жакта таңкы алтыда турат экенсиң. Тамактанган соң, машыгуу башталат. Эгер сен жарадар болсоң же жаныңдагы адам жарадар болсо, эмне кылуу керектигин көрсөтүшөт. Мылтык кармаганды, андан атканды үйрөтөт экен. Дрондон качканды, аскер терминдерин да айтышат экен. Бул жакта жагдай жакшы же жаман деп деле айтпайм. Орточо. Шарттары жатаканага окшош. Эки кабат керебеттерде жатабыз. Кыргызстандыктарды көргөн жокмун, бирок Тажикстан, Өзбекстан, Ирандан келгендер бар. Болжол менен 500 адамдай жүрөт. Бир топто эле 80ден ашык адам. Мен бул жактан кетким келип атат. Мен өзүмдү коопсуз сезбей турам. Курал кармагым келген жок. Жаккан жок. Мунун баары ишке орношом деп туура эмес документ даярдаганым үчүн болду. Негизи бизге үч айдай даярдыктан өтөсүңөр дешкен. Бирок мени менен келгендер арасында бүгүн кеткендер болду. Менин оюмча, аларды согушка алып кетишти. Бул жактан качып кетиш мүмкүн эмес экен. Туш тарабы камера менен курчалган, формачандар кайтарып турушат. Мен азыр аларга практика кылайын деген шылтоо менен кетип, силер менен сүйлөшүп атам".
Володя сүйлөп жаткан маалда анын артынан мылтык атылганы маал-маалы менен угулуп турду.
Володя Ош шаарында төрөлүп, ал жактагы балдар үйүндө чоңойгон.
"Мен өзүм Ошто төрөлүп өскөм. Үч жашымда Оштогу балдар үйүнө түшкөн экенмин. Анын себебин жакшы билбейм. Бирок ата-энемди ата-энелик укуктан ажыратышканы маалым. Атам азыр Орусияда, аны менен катташып турам. Апам 2010-жылы Ошто июнь окуяларында каза болуп калган. Казакстанда жашаган туугандарым да бар, паспорт алгандан кийин алардын да колунда болдум. Мен балдар үйүнөн чыккандан кийин жашай турган жерим жок болду. Паспортту да өзүм чуркап жүрүп алдым. Мага Оштогу балдар үйүнүн тарбиячыларынын бири Раиля эже жардам берген".
Володя тарбияландым деп айтып жаткан балдар үйү "Боорукердик үй-интернаты" деп аталат.
"Азаттык" бул үй-интернатынын кызматкерлери менен байланышканда, алар архивден Володянын документтерин таба алышкан жок. Ошол эле кезде каарманыбыз айтып жаткан тарбиячы буга чейин мекемеде иштегенин тастыкташты.
"Боорукердик" үй-интернатынын социалдык кызматкери Насиба Матисакова буларды айтып берди:
"2019-жылдан баштап иштейм, ошол убактан кийин тарбияланган балдарды билем. Ага чейинкилерди тактасам, чыккан жок. Биздин имарат күйүп кеткен, ошого байланыштуу да мен сакталып калган документтерден анын аты-жөнүн тапкан жокмун".
"Азаттык" 2009-жылы аталган балдар үйүндө болуп, анда тарбияланган балдардын сүрөттөрүн жарыялаган. Володя өзүн бир нече сүрөттөн тааныды.
Володя согушка баргысы келбегенин кайталап, алтургай көзүнө жаш алып, жардам сурады:
"Балдар үйүндө мени адам кылып чоңойтушкан. Эгер ал жакта чоңойбогондо, тагдырым кандай болору белгисиз эле. Бул жактын акчасынын деле кереги жок. Мен бул акчаны сыртта деле тапмакмын. Кыргыз элим (ыйлап), бул биздин согуш эмес. Бул Орусия менен Украинанын согушу. Акча үчүн адамдарды өлтүрбөгүлө. Акчаны башка жол менен тапса болот. Бул жакта ким ким менен согушуп жатканы түшүнүксүз. Ар кандай адамдар бар экен. Абакта отуруп чыкканы да бар. Эч кимге ишенүүгө болбойт. Эч ким силерди сактап калбайт".
Володя Москвада кыргызстандык башка балдар менен бир бөлмөдө жашаган. Анын жакын досу Мурат Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине, юристтерге жардам сурап кайрылган.
"Муну Росгвардиянын кызматкерлери кармаган. Өзүн жалгыз тергөө абагына камап, кийим-кечесин алып коюп, муздак жерде кармашкан. Алар кыйнап кол койдуруп алышкан. Негизи өзүнүн укуктарын билбегени үчүн болду. Бул миграциялык кагазы менен үч ай жүрө алмак. Бирок ал кагаз туура эмес болуп калганы үчүн үч жылга камап салуу деген эч жерде жок. Айып пул салып же Сахарового депортацияга жибериш керек болчу. Булар дароо полигонго жиберип салышты".
Володя Кыргызстандын жараны болгондуктан, анын иши дароо Москвадагы элчиликке жеткен.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова буларды билдирди:
"Кыргыз Республикасынын 2001-жылы төрөлгөн Р.В. аттуу жараны менен элчиликтин кызматкерлери байланышкан. Анын жүрүшүндө аталган жаран атайын аскердик операцияга катышууга өз макулдугу менен кол коюп бергени аныкталган. Элчилик окуянын бардык жагдайларын тактоо жана жарандын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүүдө".
Материал даярдалып жаткан маалда Володя аскердик полигондон чыгарылып, Москвага жеткирилгени белгилүү болду.
"Важные истории" басылмасы федералдык бюджеттин чыгашаларына таянып, бир жылда орус армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзгөндөрдүн саны алты эсеге өскөнүн жазган.
Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын биринчи жарымында 26 700 адам келишим түзгөнү үчүн бир жолку төлөм алса, быйылкы жылдын ушул мезгилинде алардын саны 166 миңге жеткен.
Келишим түзгөн аскерлердин санынын кескин өсүшү биринчи кезекте аларга төлөнүүчү акчанын көбөйүшүнө байланыштуу экени белгиленген.
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 25и Кыргызстандын жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийин кыргыз жарандыгынан баш тарткан.