Америка Кошмо Штаттары Service Fly Bishkek деп аталган кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салды. Аталган компания өнүккөн өлкөлөрдөн учак тетиктери менен жабдыктарын сатып алып, аларды санкциялык тыюуларга карабай Орусияга жеткирип турган.
Батыш өлкөлөрү кыргыз бийлигин сөз эркиндигин сактоого чакырып жатканда Бишкекте социалдык медиадагы билдирүүсү үчүн дагы бир жаран кармалды.
Баткенде жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде "Кызыл өрүк" аттуу толук метраждуу көркөм тасма тартылууда. Актан Арым Кубат режиссерлук кылган тасманын актерлорунун көбү элеттик адамдар.
Литванын баш калаасы Вильнюста борбор азиялыктардын чакан району пайда болду. Бир кезде Орусияны миграциянын негизги багыты катары караган борбор азиялыктар акыркы жылдары Балтика боюндагы өлкөгө агылып, Литва аркылуу Европанын башка мамлекеттерине кетүүнү көздөп жатышат.
Бишкектин Ленин райондук соту жарандык активист Афтандил Жоробековду күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айыпка жыкты. Ал мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан соң бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого айыпталып кармалган. Жоробеков алты айга чукул абакта жатып, кийин үй камагына чыккан.
Бишкекте 1-ноябрда кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси шаан-шөкөт, парад менен белгиленди.
Грузиянын Башкы прокуратурасы шайлоодогу бурмалоолор тууралуу маалымат бөлүшсүн деп президент Саломе Зурабишвилини чакырып, бирок мамлекет башчы көзөмөл органына барбай турганын билдирди. Өлкөнүн демократиялык багыты үчүн олуттуу сыноо катары каралган өнөктүктөн кийин саясий климат кыйла кызыды.
Испанияда суу ташкындан набыт болгондордун саны 200дөн ашты. Ондогон адам дайынсыз. Баарынан көп Валенсия аймагы жабыркады. 29-октябрда катуу жааган жамгырдан улам башталган суу ташкын бир нече саат ичинде көчөлөрдү каптап, автоунааларды, турак жайларды агызып кеткен.
Адистердин маалыматында, остеопороз дүйнөдө жүрөк-кан тамыр, кант диабети жана рак ооруларынан кийин төртүнчү орунда турат. Сөөктү морт кылып, сынууга жеткирген бул кандай дарт? Сөөк бекемдигин жоготкондон кийин кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Украинаны алыска атуучу курал менен камсыздоо жагынан жардам берүүгө чакырды. Орусия Украинага каршы согушуна Түндүк Кореяны да аралаштырып жатканы БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланды, орус бийлиги мындай айыптоону четке кагууда.
Кыргызстанда санариптик тармактагы башкы оператор саналган “Инфоком” ишканасы Президенттин иш башкармалыгына өттү. Ал "Кызмат" деп өзгөртүлүп, өлкөдөгү калкты тейлөө жагынан бир нече функцияны аткарат. Буга чейин президенттин иш башкармалыгына Мамлекеттик ипотекалык компания да өткөн.
Мамлекеттик экспертизанын кемчиликтерин айтып чыккан соң камакка алынган илимий кызматкер Жоомарт Карабаев үй камагына бошотулду.
Дагы жүктөңүз