Ал тапта Бишкек шаардык соту Temirov Live медиасынын кызматкери Махабат Тажибек кызынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызын кароодон баш тартты.
"Сот гумандуулук принцибин карманды"
Төрт айдан бери Бишкектеги №21 тергөө абагында отурган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин соту бүгүн, 30-октябрда Биринчи май райондук сотунда уланды.
Алгач анын адвокаты Акынбек Ногоев Карабаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп берүү өтүнүчү менен судьяга кайрылды. Судья анын өтүнүчүн канааттандырып, Карабаевди эч жакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына бошотту.
Абакта арыктап, ден соолугу начарлаган Жоомарт Карабаев бийликти күч менен басып алуу ниети болбогонун айтты:
"Сыртка чыкпоо тилкаты менен бошотту, сот гумандуулук принцибин карманып туура чечим чыгарды деп ойлойм. Ал эми сот иштери боюнча алдыда көрө жатарбыз. Айта кетчү нерсе, мен эч кандай бийликти күч менен басып алууга же массалык башаламандыкка чакырган эмесмин. Андай оюм да болгон эмес. Ден соолугум азырынча канааттандырарлык. Жакында толук текшерүүдөн өтөм".
Жоомарт Карабаев үй камагына чыккан процесске анын апасы катышкан жок. Дамира Карабаева ден соолугу начарлап, ооруканага түшүп калганы белгилүү болду.
Адвокат Акынбек Ногоев Карабаевди үй камагына чыгарууга дал ушул жагдайда себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.
Уулун жалгыз бой тарбиялаганын айткан эне бийликтерден эркиндикке чыгарууну суранып жүргөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 27 жаштагы Жоомарт Карабаевди быйыл 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.
Карабаев камалганга чейин Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунда илимий кызматкер болуп алты ай эмгектенген. Дал ушул учурда бул институттун айрым адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.
Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
Ал эми Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги буга чейин Карабаевдин айткандарын толук четке кагып, анын кылмыш ишине мекеменин байланышы жок экенин айтып келет.
Карабаев камакка алынгандан кийин ага козголгон кылмыш иши боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалып, аны өзү бир кезде сындаган институттун кызматкерлери жүргүзгөн. Дал ушул эксперттер сотто көрсөтмө бериши керек.
Жоомарт Карабаев жана анын адвокаты Акынбек Ногоев аталган эксперттердин бейтарап жүргүзүлгөнүнө ишеним артпай келет.
"Өткөндө эксперттер суралат делген эле, бүгүн Сагбаев деген бир эксперт келди. Бирок соттун иш тартибине байланыштуу бир сааттын ичинде жетишпей калды. Ошондуктан кийинки отурумда суралат", - деди адвокаты Акынбек Ногоев.
Журналисттердин арызы каралган жок
Ал тапта Бишкек шаардык соту Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча алардын адвокатынын арызын кароодон баш тартты.
Буга чейин Бишкектин Ленин райондук соту 26-сентябрда Махабат Тажибек кызын жана Азамат Ишенбековду 2-декабрга чейин камакта калтырган. Бул токтомго каршы адвокат Улан Сейитбеков шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
Бишкек шаардык соту шектүүлөргө мурда эле райондук сот өкүм чыгарган деген негиз менен арызды караган жок дейт адвокат Улан Сейитбеков:
"Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 26-сентябрдагы журналисттердин соту болуп турган учурда аларга карата бөгөт коюу чарасын 2-декабрга чейин узарткан токтомуна камактагы отурган журналисттердин бөлүгүндө мен апелляциялык даттануу келтиргем. Бүгүн ошол апелляциялык даттанууну кароосуз калтырды. Соттук коллегия бул иш боюнча өкүм чыгып калыптыр деп ишти кыскартты".
“Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган 11 журналистке Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда өкүм чыгарып, Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Учурда алардын адвокаты Улан Сейитбеков бул өкүмгө каршы кийинки инстанцияга арыз даярдап жатканын билдирди.
Ал эми ошол эле райондук соттун өкүмү менен “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган.
Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
11 журналистти ушул жылы 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.
Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.
Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, 11 журналисттин экөө гана журналисттик билими болгонун, калганы 11-класс билими бар деп, аларды жалган маалымат тараткан деп айыптаган.
Буга чейин укук коргоочулар Кыргызстанда журналисттер, блогерлер, активисттер соттук-лингвистикалык эксперттердин туура эмес корутундусунан улам айыпсыз абакка кесилген учурлар көп кездешип жатканын билдиришкен.
"Кылым шамы" укук коргоо уюму өткөргөн талкууда Улуттук илимдер академиясынын (УИА) укуктук суроолор боюнча соттук-экспертиза жүргүзүүсүнө Академия тууралуу мыйзам да, мекеменин уставы да жол бербей турганы айтылган.
Жарандык коом соңку жылдары Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү - "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар", 327-беренесинин 1-бөлүгү - "Бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар" жана 330-беренеси - "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" деген оор беренелер менен айыпталган жарандар көбөйгөнүн айтып келишет.
2023-жылы биринчи соттук инстанцияларда ушул үч берене боюнча 19 кылмыш иши каралып, 30 адам соттолгон.
2024-жылдын биринчи жарымында биринчи баскычтагы сотторго жогорудагы беренелер менен 71 кылмыш иши түшкөн. Анын ичинен 40 иш каралып бүтүп, 28 адам соттолгон.