Башкармалыктын карамагында мындан сырткары дагы ондогон мамлекеттик мекемелер бар экени маалым. Соңку аракет да башкармалыктын функциясы тууралуу суроолорду кайра козгоду.
“Инфоком”
Президент Садыр Жапаровдун калкты каттоо жана документтештирүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн “Кызмат” мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча жарлыкка кол койгону 25-октябрда маалым болгон.
Президенттин сайтына жарыяланган маалыматта жаңы ишкана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлүп, Президенттин иш башкармалыгынын карамагында турары жазылган. Документте “Кызмат” ишканасы иш жүзүндө “Инфоком” ишканасынын укук улантуучусу катары иштей турганы белгиленген.
29-октябрда Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Инфокомду”, кайрадан уюшулуп жаткан “Кызмат” ишканасына караштуу Калкты тейлөө борборлорун текшергенин маалымдады:
“Президентибиздин тапшырмасына ылайык, бүгүн калкты тейлөө борборлорун кыдырып, абалы менен таанышып чыктым. Чындыгында кезек күткөндөр көп экен. Нааразы болгон жарандарыбызды дагы жолуктурдук, алар менен сүйлөшүп, көйгөйлөрдү аныктап алдык. Эми шартын оңдоо боюнча ыкчам чараларды көрөбүз. Алдыңкы убакта жарандарыбызды кезек күттүрүп отурбай эле, документтерди үйүнөн буюртма берип тапшыруу шартын түзүп беребиз. Санариптик кызмат көрсөтүүнүн алкагында документтер, тастыктама (справка) ж.б. тиешелүү маалыматтарды жеткирүү кызматы менен ала тургандай кылабыз. Каалоочулар мына ушундай кызматтарды дагы пайдалана тургандай шарт түзөбүз. Биз реформаларды ишке ашырууга командабыз менен кириштик”, – деп жазган Туманбаев Фейсбукта текшерүүсүнүн видеосун да жарыялады.
Президенттин иш башкармалыгы өз жобосуна ылайык, президенттин, Министрлер кабинетинин төрагасынын, Президенттик администрацияын ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук жана медициналык жактан камсыздап турат. Бирок соңку эки жылдан бери, тагыраагы, башкармалыктын жетекчилигине Каныбек Туманбаев келген 2022-жылдан бери анын функциясы кеңейип, мекемеге баш ийген ишканалардын саны да көбөйө баштаган.
Президенттин иш башкармалыгынын сайтындагы маалыматта жазылгандай, учурда ага Бишкектеги, Ысык-Көлдөгү, Оштогу жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик резиденциялар, “Клиникалык оорукана” жана “Спорттук комплекс” мекемеси, “Автотранспорттук ишкана”, “Мамлекеттик имараттар департаменти”, “Кыргыздипсервис”, “Кыргыз Куршевель”, “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы”, “Кыргызстройсервис” курулуш ишканасы, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Манас” оркестри, “Кыял”, “Алтын-Көл”, “Кыргыз деңизи”, “Мурас” ишканалары, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы, “Учкун” басмаканасы жана башка бир типография карайт.
Мындан сырткары “"Асман" экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция”, “Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилердин ишин башкаруу боюнча дирекция”, “Алтын-Балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борбору, “Ысык-Көл Аврора санаторийи” жана “Жыргалаң” санаторийи, эки бала бакча жана башка мекемелер башкармалыкка баш ийет.
Булардын айрымдары мурдатан эле Президенттин иш башкармалыгынын карамагында болсо, кээ бирлери президенттин жарлыгы менен өткөрүлгөн. Тизмеде ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө иштеринен соң мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр да бар. Ал тургай Министрлер кабинети Кесиптик кошуундар федерациясына карап турган санаторийлерди мамлекет башчынын башкармалыгына өткөрүүнү сунуштап, Социалдык фондду эмгекчилердин эс алуусуна жумшалчу каражаттын бир бөлүгүн да ошол мекемеге которууну тапшырган.
Быйыл 8-августта Президенттин иш башкармалыгынын 30 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында өткөн салтанатта президент Садыр Жапаров мекеме саясаттан тыш иш алпарып жатканын белгилеп, мекеме иш чөйрөсүн өнүктүрүү жана сапаттуу кеңейтүү боюнча бир топ иштерди жүргүзө алганын айткан:
“Бүгүнкү күндө бийлик бутактары өз-өзүнчө иш алпарганы менен, бир мүдөөнү көздөп элибиздин бакубаттуулугун камсыз кылууга, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформаларды жүргүзүү аракетинде экенин жакшы билесиздер. Бул өз кезегинде биздин ишибизге кошумча талаптарды белгилеп, алдыбызга жаңы максаттарды жана жаңы милдеттерди коюп келет. Мындан улам, буга чейин Президенттин администрациясы менен кыргыз өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуу максатында өз-өзүнчө иш алпарып келген эки иш башкармалыкты бириктирүү менен көп тармактуу чоң уюмга айландыруу чечимин кабыл алганбыз. Жоопкерчиликти мойнубузга алган соң, айрым түзүмдөрдү Иш башкармалыктын карамагына алуунун өзү дагы логикага туура келди. Тагыраак айтканда, ортодогу ортомчуларды четтетип, түз иштешүү маселеси колго алынды, натыйжасын жалпы элибиз көрүп атат”.
Мамлекет башчы ошондой эле өлкөдөгү ири курулуштарды жана реконструкциялоо иштерин да өзүнүн иш башкармалыгы аткарганын сыймыктануу менен атап өткөн. Анын ичинде президенттин жаңы администрациясынын имараты – “Ынтымак Ордонун” курулушу да аталган.
Мындан сырткары президент Изибаев атындагы мамлекеттик циркти, Гареев атындагы ботаникалык бакты, “Каракол” аэропортун, “Жылуу-Булак” ден соолукту чыңдоо комплексин, “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборун, “Жыргалаң” санаторийин, Кыргызстан-Азербайжан достук сейил багын жана башка социалдык объектилерди аталган мекеме оңдоп-түзөгөнүн да тактаган.
Өкмөт эмне кылат?
Президент Садыр Жапаров да, Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев да өз билдирүүлөрүндө мекеменин ийгиликтүү аракеттерине мисал катары “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” жаңы көрсөткүчтөрүн айтып келишет.
Айталы, “Мамлекеттик ипотекалык компания” 2015-жылдан 2020-жылга чейин 9 жарым миңдей турак жай сатып алып берсе, андан бери 4 миңдей кишиге үй алып берилгени жана учурда 42 миңден ашуун батир салынып жатканы маалымдалды. Бул Кыргызстан эгемендик алгандан берки эң масштабдуу курулуш өнөктүгү катары мүнөздөлүүдө.
Кантсе да президент быйыл мартта Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 100% акциясын Министрлер кабинетинен алып, президенттин иш башкармалыгына өткөрүү жарлыгын чыгарган маалда да талкуу болгон. Мекемеге “Инфоком” ишканасы өткөрүү жарыяланган соң да башкармалыктын функциясы тууралуу талкуулар күчөдү.
Кезинде Убактылуу өкмөттүн аппаратын, Роза Отунбаеванын тушунда Президенттин администрациясын жетектеген Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” берген комментарийинде аткаруу бийлигинде түзүмдү өзгөртүү нормалдуу көрүнүш экенин айтты:
“Азыркы Конституцияга ылайык мамлекеттик түзүмдө президент, өкмөт - баары эле аткаруу бийлиги катары каралат да. Ошону үчүн азыр кайсы бир кызмат кимисинин карамагында экени маанилүү эмес болуп калды. Министрлер кабинети деле, Иш башкармалык деле президенттин кол алдында. Айырмасы жок. Негизинен алганда, башкармалык чарбалык иштерди жүргүзүүчү мекеме катары уюшулган, ага жаңы функциялардын берилиши, кеңейтилиши деле ошонун эле уландысы болуш керек. Мисалы, ошол эле паспорт берүү иши министрликтин алдында деле иштей берсе болмок, бирок жанагы паспорт сатуулар, тейлөөнүн начардыгы тууралуу чыккан маселелерден улам "көзөмөлдү күчөтөлү" деген аракеттер болушу мүмкүн. Бул тажрыйба кандай жыйынтык берет - аны убакыт көрсөтөт. Туура же туура эмес болгонун ошонун жыйынтыгы менен гана айта алабыз. Албетте, мунун баары мыйзамга карама-каршы келбейт, бирок дүйнөлүк практикада мамлекеттик башкаруу түзүмдөрүнө анча коошпогон нерсе. Себеби миңдеген жылдык тажрыйбалар көрсөткөндөй, президенттин, аткаруу бийлигинин жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин ортосунда кандайдыр бир тең салмактап кармап туруучу механизмдер болушу керек. Азыр бизде андай бир да механизм жок, бир киши башкарып жаткандан кийин, ал баарын каалагандай жасайт”.
Президенттин иш башкармалыгынын таржымалы
Президенттин иш башкармалыгы 1994-жылы 8-августта биринчи президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен уюшулган. Кийинки президенттердин тушунда түзүмдүн функциялары бир кыскарып, бир кеңейип жүрүп отурду.
2021-жылы президент Садыр Жапаров мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө жарлыгынын негизинде Жогорку Кеңештеги айрым каржылар кыскартылып, парламенттеги тиешелүү жумушту да Президенттин иш башкармалыгы аткарып калган.
Иш жүзүндө Президенттин иш башкармалыгы “Учкун” басмаканасы аркылуу паспорт басуу, “Кызмат” ишканасы аркылуу паспорт берүү, “Кыргызстройсервис” ишканасы аркылуу ири курулуштарды куруу, “Мамлекеттик ипотекалык компания” аркылуу үй берүү жана башка ушул сыяктуу жумуштар менен алектенүүдө.
Мунун баары Министрлер кабинети, ага баш ийүүчү министрлик, агенттик, комитеттер жасай турган жумуштар. Анда эмне үчүн аталган жумуштар өкмөттөн алынып, Президенттин иш башкармалыгына берилүүдө?
Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Мелис Төлөгөнов ушул тууралуу ойлорун ортого салды:
“Менимче, мында бийликтин баарын бир жерге топтоп алайын деген ой болуп жатат окшойт. “Инфоком”, “Мамлекеттик ипотекалык компания” жана башкаларды өкмөт деле аткарып жаткан да, анан анын баарын президент өзүнө үйүп алып эмне кылат? Министрлер кабинетинин башчысы ансыз деле Президенттин администрация башчысы болуп эсептелет. Президент функциялар кайсы гана мекемеде болбосун ансыз деле түз көзөмөлдөй берсе болот да. Бул, сыягы, катуу иштеп жатканын көрсөтүүчү имитация окшойт. Мында Акылбек Туманбаев Акылбек Жапаровдон бийлик талашкансып калып жатат. Функциялардын баарын эле Президенттин иш башкармалыгы ала берип, ал Министрлер кабинетине параллель өкмөт болгону калды. Президенттин иш башкармалыгы президенттин өзүнүн иштерине тиешелүү жумуштарды, резиденцияларды, протоколдорду караш керек. Туманбаевдин өзүнүн деле түз милдеттери толтура, ошолорду кыла берсин да. Болбосо баары эле аткаруу бийлигинде, баары эле президентке түз баш ийет”.
Баса, Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев быйыл 25-мартта Бишкекте өткөргөн брифингде иш башкармалыктын кадыры артып баратканы тууралуу суроого жооп берүүдөн карманган. Ал аткаруу бийлигиндеги бардык иштерди президент өзү түз башкарып жаткандыгын кошумчалап, айрым функциялардын башкармалыкка өткөрүлүп жатканын саясатташтырбоого чакырган.
Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP), Temirov Live жана “Клооп” басылмалары быйыл май айында Кыргызстандагы курулуш жана башка багыттагы ири долбоорлор жөнүндө биргелешкен иликтөө жарыялаган. Иликтөөдө мамлекет ишке ашырып жаткан 11 долбоор тууралуу айтылып, анын ичинен алтоону каржылоонун суммасы 137 млн долларды түзөрү, калган бешөөнө канча акча бөлүнгөнү белгисиз экени баяндалган.
Долбоорлордун ичинде Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин салынып жаткан темир жол үчүн шпал даярдоо, чек ара жаңжалынан кийин Баткен облусунда турак жайларды салуу, президенттин администрациясынын жаңы имаратын куруу, Караколдун аэропортун жаңылоо, “Асман” шаарын куруучулар үчүн жатакана салуу, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында үйлөрдү салуу, Ысык-Көлдөгү балдардын реабилитациялык борборун оңдоо, “Ала-Арча” улуттук паркына конок үйлөрдү салуу, Ысык-Көлдөгү Жыргалаң курортун реконструкциялоо жана Бишкектеги ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча эки долбоор аталган.
Иликтөөчү журналисттер аталган долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компаниянын аталыштарын жана кожоюндарын аныктап чыгышкан. Материалдарда алардын баары бири-бири менен байланышта экени, Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге катышы бар экени баяндалган.
Материал жарыяланган соң Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков медиалардын иликтөөсүн “каралоо жана манипуляция” деп атап, айыптоолорду четке каккан.