Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:16

"Орусча билсе да сүйлөшпөйт". Литвадагы мигранттардын турмушу


Литвада жашаган борбор азиялыктар.
Литвада жашаган борбор азиялыктар.

Литванын баш калаасы Вильнюста борбор азиялыктардын чакан району пайда болду. Бир кезде Орусияны миграциянын негизги багыты катары караган борбор азиялыктар акыркы жылдары Балтика боюндагы өлкөгө агылып, Литва аркылуу Европанын башка мамлекеттерине кетүүнү көздөп жатышат.

Орусиядан Литвага оогон мигранттар

Кыргызстандык айдоочу Мурат Журабаевдин Литвага келгенине эки жыл болгон. Адегенде Орусияда жарым жылдай иштеп, ал жактагы мигранттарга карата терс мамиледен улам Балтика өлкөсүн тандаганын айтып берди.

"Орусияга караганда бул жер жакшы. Ал жакта көп деле жүргөн жокмун. Бирок төрт-беш ай ичинде эле баарынан түңүлүп, кетиш керек деп ойлодум. Азыр мен чакан шаарда турам. Акыркы кезде Кыргызстан, Тажикстан же Өзбекстандан келгендердин агымы өстү. Башында фурага келип, кийин таксиге өтүп кеткендер көп. Мен да ошондой болгом. Каденция бүткөндөн кийин машине күтүп, бош отуруп каласың. Ал учурда таксиге иштегенге чыгабыз".

Литвадагы такси айдоочулары үчүн жергиликтүү тилди билүү абдан маанилүү. Бир кезде Советтер Союзунун курамында болгон Литванын элинин бир бөлүгү орус тилин билгени менен өзгөчө Орусиянын Украинадагы согушунан улам бул тилде баарлашууну анчейин жактырбайт.

"Орусча билсе да сүйлөшпөйт. Согуштун кесепети... Биз келгенден кийин үн катпай турабыз. Өзүлөрү сүйлөп баштагандан кийин гана сүйлөйбүз. Кээ бири өз тилинде, айрымдары англис тилинде сүйлөйт. Кээ бири бизди көрүп эле орус тилине өтүп кетет".

Мурат Журабаев жана Нурсултан Калыев.
Мурат Журабаев жана Нурсултан Калыев.

Вильнюста такси кызматтары эле эмес тез тамактануучу жайларда, өзгөчө суши ресторандарында иштеген борбор азиялык ашпозчулар арбын. Биз Мурат менен кыргызстандык мигранттар көп жашаган районго келдик.

Нурсултан Калыев бир нече жыл Орусияда иштеп, көпчүлүк жердештериндей эле суши даярдоо ыкмаларын Москвада үйрөнгөн.

"Бул жерде жети адам жашайбыз. Алты кыргыз, бири тажик жигит. Кыргызстандын желегин минтип илип койгонбуз. Бул Орусиядан кийинки экинчи өлкө болду. Мен өзүм Орусияда иштеп жүрүп, суши жасаганды үйрөнгөм. Бул жакка досум айтып калып, келип калдым. Келгениме жарым жылдай болуп калды".

Нурсултан 2022-жылы Орусиядан мекенине кайтып келген. Кыргызстанда жүргөндө Литвадагы иш боюнча сунуш түшкөн. Ал эки өлкөнүн мигранттарга болгон мамилесин бул жакка келип көп салыштырат.

"Менин ВНЖ карточкамды мени менен жашаган балдар менен банк кызматкери эле кармап көргөн. Башка эч ким көргөн эмес. Эч ким бул жакта текшербейт экен. Мыйзам бузбасаң, сени текшербейт деле. Бул өлкөгө киргенде эле мыйзамдуу киресиң. Иш берүүчү баарын даярдайт. Алар жоопкерчиликти өзүнө алат экен. Полиция болсо сенин документиңди текшербейт".

Литванын борбору Вильнюс.
Литванын борбору Вильнюс.

Литва - Европанын түндүк-чыгышында жайгашкан Балтика боюндагы мамлекеттердин бири. Латвия, Беларус, Польша жана Орусиянын Калининград облусу менен чектеш. Калкынын саны 3 миллионго жетпеген чакан өлкөнүн борбору - Вильнюс шаары. Бул өлкөдөгү борбор азиялыктардын басымдуу бөлүгүнүн турмуш-тиричилиги дал ушул калаага байланган.

Биз андан ары Литванын баш калаасындагы Смоленск жана Наугардук көчөлөрүнүн кесилишине багыт алдык. Жергиликтүү калк бул көчөлөрдү борбор азиялыктар көп отурукташкан шаардын району катары билет.

Борбор азиялыктар ачкан ашкана.
Борбор азиялыктар ачкан ашкана.

Каз-катар тизилген, адал азык саткан дүкөндөр, өзбек, тажик тамагын сунуштаган ашканалар, алардан анча алыс эмес борбор азиялыктар жашаган жатакана да жайгашкан.

Бул көчөлөрдө Борбор Азиядан келген мигранттардын отурукташа баштаганы мындагы Ислам борборуна байланыштуу. Жума күндөрү намазга келген мекендештер арбын. Жума намаздан кийин борбор азиялыктар алардын жердештери ачкан ашканаларга түштөнүүгө жөнөшөт.

Тажикстандык мигрант.
Тажикстандык мигрант.

"Мен дайыма биздин улуттук баш кийимди кийип жүрөм. Анткени Борбор Азиядан экенимди башкаларга ушуну менен айткым келет. Ар бирибиз унааларыбызга желектерибизди илип койобуз. Бири-бирибизди көргөндө дароо учурашып, ынтымактабыз", - деди ашканага келген Ромиз.

Литвадагы борбор азиялыктар өзүнүн түпкү тегин, кайдан келгенин ушинтип көргөзгүсү келет. Тажикстандык Ромиз соңку жылдары Литвада анын да жердештери көбөйгөнүн айтты:

"Менин классташтарымдын дээрлик 60% бул жакта иштейт. Баарыбыз бир компаниянын айдоочуларыбыз. Литвага Тажикстандан келген экинчи агымбыз. Бул өлкөгө алгачкы жолу келген 15 тажик мигранттын аты-жөнүн жатка билчүбүз. Анткени биздин өлкөдө Литвага келүү жол-жобосу жеңилдеди. Биз башында жумуш визасы менен келчүбүз. Бирок элчилик жоктугунан документтер башка өлкөдөрдө жасалчу. Азыр бардык документтерди Тажикстанда эле бүтүрсө болот".

Соңку жылдары Литвада эмгек мигранттарына муктаждык өсүп, бул өлкөгө Орусиядан оогон борбор азиялыктардын катары калыңдаганын бул жактагы кыргыз диаспорасынын лидери Белек Айдаров да белгиледи.

"Орусиядагы мигранттарга мамиле дагы бир себеп болушу мүмкүн. Ошол эле кезде Европада жумушчу күчүнө муктаждык бары себеп".

Белек Айдаров.
Белек Айдаров.

Европа Биримдигинин эшигин ачкан Литваны борбор азиялык мигранттар көп учурда Батышка карай жол катары эсептешет. Литвадагы профсоюздун өкүлү Донатас да муну тастыктады:

"Барган сайын Европа өлкөлөрүндө бул маселе курчуп жатат. Албетте мигранттардын санынын өсүшү бир гана согушка байланыштуу эмес. Бирок алардын көбөйүшү айдан ачык. Ал эми борбор азиялыктар үчүн Литва абдан ыңгайлуу өлкө. Сен бул жакка келип, орус тилинде Европадагы иш тартиби менен таанышып, андан ары кете аласың. Анткени, Батыш мамлекеттери үчүнчү өлкөлөрдөн келген мигранттарга муктаж жана аларды чыдамсыздык менен күтөт".

Борбор азиялыктар ачкан ашкана.
Борбор азиялыктар ачкан ашкана.

Деген менен чет өлкөлүк мигранттардын, анын ичинде борбор азиялыктардын санынын көбөйүшү Литва өкмөтүндө миграция саясатына байланыштуу талкууларга жол ачкандай.

Калкынын саны үч миллионго жетпеген өлкөдө иммигранттардын жалпы саны 200 миңден ашуун. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, өлкөнүн коопсуздук департаменти өзгөчө мусулман мигранттардын санынын өсүшүнө кооптонуусун жашырган эмес.

Дариус Яунишкис Мамлекеттик коопсуздук департаментинин жетекчиси жергиликтүү медиага берген маегинде буларды белгилеген:

“Борбор Азиядан келген мигранттардын агымына күбө болуп жатабыз. Алардын саны өлкөдө 2021-жылдан бери 14 эсе жогорулады. Радикалдашууга ыктаган учурлардан улам бул чөлкөмдөн келген мусулман мигранттар кайсы бир кооптонууларды жаратпай койбойт”.

Бирок бул билдирүүдөн кийин Литванын премьер-министри Ингрида Шимоните үн катып, украин жарандарынын согушка көбүрөөк тартылышынан улам Литвада борбор азиялык мигранттарга муктаждык жаралганын, бирок алардын саны кабатырлануу жараткандай деңгээлде көбөйбөгөнүн айтты.

Кантсе да Литвада мыйзамсыз мигранттарды аныктөөнү көздөгөн текшерүүлөр көбөйө баштаганын Белек Айдаров да белгилеп өттү:

"Мигранттарга карата мамиле тууралуу айта турган болсок, эсимде бар мурун полиция жокпу деп сурашчу. Азыр эми борбор азиялык мигранттардын акыбалы жакшы эмес. Бул жерде Украина согушунда ким кайсыл тарапта деген маселе да себеп".

Литвага кыргыстандыктардын алгачкы агымы 2000-жылдардын башына туура келет. Анда кыргыз жарандары Европа өлкөлөрүнөн автоунаа айдап келүү үчүн Балтика боюндагы мамлекеттерге каттай баштаган.

Азыр Литвада жашоого уруксат кагазын алган чет элдиктердин көбү Украина же Белорустун жарандары. Бирок соңку бир жылда Литвада Борбор Азиядан келген мигранттардын саны 3-4 эсеге көбөйгөн.

Март айындагы маалыматтарга караганда, Литвада 9700 өзбек жараны катталган. Былтыр январь айында өзбекстандыктардын расмий саны 2 миңге жеткен эмес. Кыргызстандыктар ушул тапта 7 миңге жакын болсо, өткөн жылдын башында 2 миң кыргыз жараны каттоодон өткөн. Азыр бул өлкөдө тажикстандыктардын саны 8 миңге жетип, 4 миңден ашуун казак жараны жашап жатат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG