Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

"Сын китеп" кыргыз адабиятына жаңы дем береби?


Жыргалбек Касаболот
Жыргалбек Касаболот

Акын жана публицист Жыргалбек Касаболоттун “Сын китеп” аталышындагы жаңы эмгеги жарыкка чыкты. Бул жыйнакта анын кыргыз адабиятындагы жана публицистикасындагы бир катар авторлордун эмгеги тууралуу адабий талдоосу, ой толгоолору камтылган.

Автордун бул эмгектери жарыкка чыга электе эле социалдык тармактарда, басылмаларда жарыяланып, адабият ышкыбоздорунун кызыгуусун жараткан.

"Муктаждык жаралса сын боюнча дагы эмгек чыгарам"

Шар мүнөз атуулдук ырлары, сергек адабий сын макалалары менен белгилүү Жыргалбек Касаболоттун сын багытындагы жаңы китеби жыл жаңырары менен эле жарык көрдү. Бул эмгек боюнча автор менен жолугушуу кечеси болорун угуп эле жетип бардым. Себеби калемгер бир топ мезгилден бери социалдык тармактарга да кирбей, обочолонуп кеткен жайы бар эле.

Бул саамалык борбордун чок ортосунан орун алган Жоомарт Бөкөнбаев атындагы чакан шаардык китепканада өттү. Китепкананын чакан бөлмөлөрүнүн биринде жыйырмага жетпеген киши чогулуптур.

Алардын катарында Касаболоттун калемдештеринен Толук Бек Байзак, Марат Токоев, Кыял Тажиева баш болгон акындар, бирин-экин адабият сүйүүчүлөрү жана китепкананын жаш окурмандары чогулган экен.

Жолугушуунун катышуучулары
Жолугушуунун катышуучулары

Жолугушуу эркин форматта өткөндүктөн Жыргалбек Касаболот окурмандарынын суроолоруна да жооп берип, ара чолодо ырларынан да окуй калып жатты.

Акын, публицист Жыргалбек Касаболот (ортодо)
Акын, публицист Жыргалбек Касаболот (ортодо)

Калемгер менен бул жолугушууга себепкер болгон “Сын китеби” башынан эле кызык болуп турган. Ыңгай келген жерде анын өзүн кепке тартып, автордон эмгеги тууралуу мындайча жооп алдым:

“Былтыр мен адабий сын боюнча “Алтын калем” сыйлыгын алганга чейин эле ниет кылып койгон элем, "эгер ушул сыйлыкты утуп кала турган болсом ушул эмгекти моюнга жүк кылбай чыгарып коёюн" деп. Анан сыйлыкты жеңип, бул эмгек ушинтип чыгып олтурат. "Сын китепке" кызыккандар эми адабият чөйрөсүнөн, студенттерден, дегеле адабият ышкыбоздорунун арасынан чыгат болуш керек деп турам. Мында бир топ авторлордун чыгармалары бар. Прозаиктердин, акындардын, анан кээ бир изилдөөчүлөрдүн китептерине карата талдоо бар. Эгерде муктаждык болуп калса алдыда дагы ушул сын багытында эмгектерди чыгарам деп турам”.

Аныгында эле акыркы кездери адабиятчылардын арасында “Алтын калем” сыйлыгы абройлуу аталып, кээде чуу жаратып да турганы ырас.

Жыргалбек Касаболот бул сыйлыкты былтыр 2024-жылы сын багытында жеңип алып, 100 миң сом акчалай сыйлыгына да ээ болгон. Ушул жеңиштен кийин, минтип, ал өзү көптөн максат кылган сын багытындагы китеби жарык көрүп турат. Буга чейин калемгердин адабий талдоолору, сын макалалары социалдык тармактарда гана жарыяланып келген эле.

Поэзия, проза, фильмге чейин талдаган "Сын китеп"

“Сын китептин” ички мазмунуна үңүлсөк, “Устатым Чоюн алптын дүйнөлүк жүгү” деген макала менен башталат экен. Анда Касаболоттун жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиевдин “Кыргыз мамлекеттүүлүгү: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган аналитикалык китеби боюнча адабиятчы катары барандуу ой-толгоолору камтылыптыр.

Ал эми поэзиядан анын эл акын Шайлообек Дүйшеевдин соңку жылдары чыккан үч томдук китебине жазган баш сөзү, миграциядагы акын Нарсулуу Гургубайдын “Алыстагы ак жарык” аталган поэтикалык китеби боюнча талдоосу киргизилген.

Мындан сырткары атактуу акын Жолон Мамытовдун поэзиясы, акын Анасбек Жумалиевдин 1971-жылы чыккан ыр китеби, Калчоро Көкүловдун ырлары, Толук Бек Байзактын, Марат Токоевдин, Нуриза Өмүрбаеванын, маркум акын Илим Курмушуевдин соңку жылдары чыккан эмгектерине карата адабий талдоолору бар.

Прозадан Эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери, Нарсулуу Гургубай менен Нуриза Өмүрбаева бирге жазган “Кат турмуш”, Арслан Койчиевдин “Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси”, Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү”, Махабат Саидрахманованын “Шаарчадагы жаз”, Талант Шабиевдин “Китепландия” (жомок китеп) китептери боюнча адабий сыны бар.

Ал эми синтетикалык жанрда Жыргалбек Касаболот адабиятчы Ризван Исмаилованын Жолон Мамытовдун чыгармачылыгы боюнча жазган “Үнү каткан улар” китебин, акын Бактыгүл Көкөтаеванын чыгармачылыгын талдоого алат. Эмгектин соңунда кинорежиссер Садык Шер Нияз тарткан “Курманжан датка” тасмасы боюнча макаласын окууга болот.

Китеп 300 нускада гана жарык көрүптүр, эмгекти жолугушууга келгендер автордун өз кол тамгасы менен алып жатышты.

"Сынга өтө муктаж элек"

Китепте эмгектери талдоого алынган акындардын бири Толук Бек Байзак калемдеши сын жанрына билек түрө киришкенин айтты:

Толук Бек Байзак
Толук Бек Байзак

“Мурун соцреализм мезгилинде сын жакшы болчу. Анан Союз ыдырагандан кийин бул багыт жакшы жолго түшпөй калган. 1990-жылдардан кийин массалык адабият да каптап кетти. Ошондуктан сын китептерге, сын макалаларга абдан муктаж элек. Бул эми жакшы башталыш болду. Эми Жыргалбектен кийин башка адабиятчылар да бул багытта жигердүү эмгектенет деп ойлойм”.

Китептин жаңылыгы эмнеде, ал жаңы көз карашта, мазмунда жазылдыбы же мурунку салттуу адабий сынды уланткан эмгек болдубу? Бул сурообузга Толук Бек Байзак:

“Бул жаңы багыттагы, жаңы көз караштагы сынды баштады. Өзү айткандай, мурда сын эки багытта болуп, биринде талкалоо болсо, Жыргалбек авторлордун чыгармачылыгын башка өңүттө ачып берип жатат. Башкача айтканда, талдоого басым жасоодо”, - деп жооп берди.

"Жыргалбек жакынына карабай сындайт"

Медиа эксперт Марат Токоев Касаболоттун чыгармачылыгы, сын макалалары менен мурдатан тааныш. Ал кийинки учурларда калемдешинин чыгармаларын соцтармактарга жарыялап, ал менен адабий багытта бирге да иштөөдө.

Токоев Касаболотту жакшы акын эле эмес, даярдыгы бар сынчы катары сыпаттайт:

Марат Токоев
Марат Токоев

“Жыргалбектин өзгөчөлүгү - ал өзү мыкты акын. Анан дагы бир касиети - ал автордун чыгармачылыгын сындаганда таанышыбы, жакын досубу, ага карабай сындайт. Ал жалпы адабияттын ченеминен карайт. Ушул багыттан алганда Жыргалбектин айтканы, жазганы салмактуу келип, окурманды ынандырат. Анан калемдешибиздин дүйнө таанымы, билими, эстетикалык даярдыгы дароо байкалып, башкалардан өзгөчөлөнүп турат”.

"Терең көз караштарга кайтарыбызга үмүт байлап калдым”

Жолугушууга келген акын Кыял Тажиева “Сын китеп” кыргыз адабиятына жаңы дем, жаңы күч берет дейт:

Кыял Тажиева
Кыял Тажиева

“Себеби буга чейин атактуу адабий сынчы Кадыркул Даутовдон кийин сын жазган адамдардын, дегеле сынга, адабиятка күйгөндөрдүн катары суюлуп калган. Жыргалбек ага буга чейин сын жазып жүргөнүн билебиз. Бирок ушул багыттагы китеби чыккандан баштап мен буюрса биз кайра баштапкы бир адабий айдыңга, бийик жана терең көз караштарга кайтарыбызга үмүт байлап калдым”.

Жыргалбек Касаболот 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1994-жылы жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сыйлыгын, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин журналисттер үчүн чыгарылган “Алтын калем” сыйлыгын, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган.

Акын, публицист 2017-2020-жылдар аралыгында "Азаттыктын" кыргыз сайтынын веб-редактору болуп эмгектенген. Ага чейин өлкөдөгү бир нече басылмаларда баяндамачы болуп иштеп, эл аралык коомдук уюмдар менен кызматташкан. Калемгер соңку жылдары адабият менен эле алпурушпастан өлкөдөгү орчундуу окуяларга да жеке пикирин активдүү билдирип келет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG