Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Тагдыры өзгөчө калемгерди эскерип


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

Туура бир жыл мурун белгилүү жазуучу Мирзохалим Каримов менен коштоштук эле. Өмүрүнүн соӊку мезгилинде оор кеселге чалдыкканын укканда, “Азаттыктын” балдары жашаган жерине барып, темир кепедеги турмушун чагылдырган эле, жазуучунун акыркы сөздөрүн элге жеткирген болчу.

Ошондо бир катар калемдештери, жердештери, замандаштары кабар алып, жардам берди. Пенсиялык картасына акча которгондор да болду.

Мирзохалим Каримовду инилеринин бири Куштарбек Тойчиев Токмоктогу үйүнө алып барып, көз жумган чакка чейин асырады. Соңку жылдарда Асел жеңе дайыма жөлөп-таяп жүрдү.

Академик Бектемир Мурзубраимов менен Жазуучулар союзунун мурунку төрагасы Нурлан Калыбеков, ошондой эле Кыргызстандагы Тажиктер ассоциациясынын өкүлдөрү да улам кабар алып, калемгер кайтыш болгондо, бейитине барып, топурак салышты. (Нурлан жазуучунун тандалма аӊгемелерин чыгаралы деп бейит башында айтты эле, жетишпей калды. Азыркы төрага жыйнактын быйыл жарык көрүшүнө кол кабыш кылат деген үмүт бар.)

Бектемир агай Өкмөттөн, парламенттен жардам алып берели деп депутат Нуржигит Кадырбековду жана башка бир катар кишилерди “түрткүлөп” турду.

Кошуна улуттар ортосундагы маданий байланыштарды чыӊдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик “Даӊк” медалы менен сыйланган жазуучу жердешим жөнүндө он беш жылдай мурун жазган макаламды окурманга сунуштайм.

ЭКИ ЭЛДИН ЭРКИН ЖАЗУУЧУСУ

Мирзохалим Каримов Тажикстандын кыргыз району Жерге-Талда кош улуттуу үй-бүлөдө туулган. Армияда кызмат өтөп келгенден кийин айдоочу болуп эмгектенип, элдин турмушун жакындан көрүп-билген. Ошондуктан Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика жана филология факультетинде окуп жүргөн кезинде эле бир катар аӊгеме, повесттерин жазып, дараметтүү жаш калемгер катары таанылган.

Тилинин “даамдуулугу”, стилинин өзгөчөлүгү, сюжеттеринин көпкө унутулбас таасирдүүлүгү менен айырмаланган алгачкы чыгармаларына кыргыз прозасынын классиктеринин бири болгон Түгөлбай Сыдыкбеков өзү көӊүл буруп, атайын үйүнө чакырып, ак дасторкон четинде аталык батасын бериптир. “Сен колдонгон сөздөрдү, сөз айкаштарын кээ бирөөлөр диалектилик деп жериши ыктымал, бирок аларга кулак салба – бул кыргыздын эзелки төл сөздөрү!” – деген экен адабият аксакалы.

Эки элге данакер болгон жазуучу дүйнө салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:07 0:00

“Кыя жолдор”, “Мажүрүм тал” жыйнактары, “Жер жылдызы Жерге-Тал” документалдуу китеби жарык көрүп, окурмандардын жылуу пикирине арзыган соӊ, 1990-жылы Кыргызстандын, 2000-жылы Тажикстандын жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Жазуучунун бул жана башка ийгиликтеринин үч сыры бар. Бири – дээринен таланттуулугу. Экинчиси – тилдик туюмун жана көркөм табитин жакшы өнүктүрүүгө түзүлгөн эӊ сонун жагдай – жаштайынан түрк жана фарси тилдүү адабияттардын үлгүлөрүнө каныгып өскөндүгү. Үчүнчүсү – кайдыгер эместиги. Атактуу Гёте айткандай, “жер шарынан жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт”. Биздеги өзүн жазуучу же акын деп эсептеген көп адамдарга бул үч “сырдын”: 1) дээр, 2) башка адабияттарды да билүү жана 3) чын ыкластуу дилгирликтин - бири же кээде үчөө теӊ жетишпейт окшойт.

Атүгүл расмий “эл…” наамын алууга жетишкендердин арасында да ортозаарлары, башка элдердин эмес, өзүбүздүн эле адабиятты (мисалы, “Манасты”) үстүрт билгендери, кыргыз тилинин байлыгын жакшы өздөштүрбөгөндөрү кездешет. Ал эми чечүүчү учурларда калыс сөзүн айтпаган, улут тагдырына түздөн-түз тиешелүү маселелерди дегеле ойлоп койбогон кайдыгерлер жөнүндө сөз кылуунун да кажети жок. Чындыгында бул үч “сыр” – нукура эркин чыгармачылыктын зарыл шарты.

Темир үйдө дарт менен алышкан жазуучу
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:07 0:00

Мен Мирзохалим Каримов менен Жерге-Талда райондук “Коммунист” гезитинде иштеп жүргөн кезинде таанышканмын. “Ала-Тоо” адабий журналында жарык көргөн “Кыя жолдор” повестин, гезитке жазган курч макалаларын окуп, бизден ушундай жазуучу чыкканына сыймыктанчумун. “Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаӊ бир киши” дегендей, жакындан таанышкан соӊ бул адамдын өтө жөнөкөйлүгүнө, ар кимдин ички абалын түшүнүү үчүн кунт коё уга билген сабырдуулугуна таӊ калганмын.

Ошол жылдары мен Ош пединститутунун, Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетине тапшырып, паракорлордун айынан эки ирет катары менен өтпөй, акыл сурап барган жеримдин баарында кайдыгерликке кабылып, абдан чөгүп жүргөнмүн. Маӊдайынан чын ыкластуулуктун, дилгирликтин нуру жанып турган узун бойлуу бул адам мага бир тууганындай мээримдүү мамиле жасаган. “Биздин Орто Азияда парасыз же таанышсыз окууга өтүшүӊ дээрлик мүмкүн эмес, эми кайра убара болбой, орус тили боюнча даярданып көр, аларда калыстык бар”, - деп мага эӊ туура кеӊеш берген экен ошондо.

Кийинки жылы Куйбышев (азыркы Самара) шаарындагы пединститутка өтүп, Лев Толстой атындагы стипендия алып окудум. 1990-жылы институтту аяктаганда, түз эле Фрунзеге учуп келип, “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеп жаткан Мирзохалим Каримовго артыкчылык дипломумду сүйүнчүлөдүм. Ал мени абдан кубана тосуп алып, үйүнө чакырып меймандады, өзүбүздүн райондук гезитке “Кызыл диплом” аттуу куттук макаласын жазды.

1992-жылы аспирантурадан окуйм деп Бишкекке келдим. Анда Мирзохалим Каримов Профсоюздар федерациясынын “Эл жарчысы” гезитинде иштечү.

Кийин “Азаттык” радиосуна көп жыл иштеп, тажикстандык кыргыздардын эӊ курч маселелерин эл аралык деӊгээлде айтып турду. Радиодон кеткенден кийин мындан төрт-беш жыл мурда Жерге-Талдагы кыргыз мектептеринин абалы, кыргыз тилине кайдыгер мамиле, Кыргызстанга өткөрүүчү чек ара постторундагы ээнбаштык ж.б.у.с. маселелерди атайын өзү уюштурган пресс-конференцияда айтып чыккан.

Шатман Садыбакасовдун айтылуу “Ак боз ат” тарыхый драмасын өзбек тилине которгон. Тажик адабиятынын классик жана белгилүү жазуучуларынын прозасын кыргызчалатып, чоӊ жыйнак түрүндө чыгарган. Жергеталдык кыргыздардын диалектологиялык сөздүгүн түзгөн. Кийинчерээк Мухаммед пайгамбардын хадистерин кыргызчалаткан. “Ата-бабалар табериги” (кыргыздын ырым-жырым, үрп-адат, салт-санаа жана жөрөлгөлөр) жыйнагын түзүп жарыкка чыгарган.

Кийинки жылдары анын калеминен “Кыз күйүтү”, “Алтын көпүрө” жана башка көркөм, публицистикалык жыйнактар жаралды.

Мирзохалим Камиров “Калемгер” адабий фондунун аӊгемелер конкурсунда жеӊүүчүлөрдүн сабында болду. Андан көп узабай эле “Каратегин” жана “Тажикстандык кыргыздар” деген эки жыйнагы жарык көрдү. Бул китептерин залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовго тартуулаганда абдан кубанып кабыл алган экен.

Таланттуу жазуучу, курч калемдүү публицист Мирзохалим Каримов азыр да жемиштүү чыгармачылыгын улантууда. Кээде жаӊыдан жаза баштагандарын мага да айтат же көрсөтөт. Сын пикирди сабырдуулук, ыраазылык менен угат. Кыргыз деп сөз эмес, иш жүзүндө күйүп-жанган замандаштардын бири.

Жолдош ТУРДУБЕВ, адабиятчы

Шерине

XS
SM
MD
LG