28-январдын таңында Бишкектеги “ЗооБишкек” деп аталган реабилитициялык зоопаркта өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тилсиз жоонун кесепетинен зоопарктын контейнерден жасалган, ичи жыгач менен капталган 10 чарчы метрлик жайдын жасалгасы күйгөнүн билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, натыйжада жети жаныбар (алты маймыл жана бир кенгуру) өлдү. Окуянын чоо-жайын жана өрттүн себептерин тийиштүү органдар териштирип жатышат.
Ал эми реабилитациялык зоопарктын жетекчиси Владислав Шевченко соцтармактар аркылуу коомчулукка кайрылуу жолдоп, өрткө "жаныбарлардын ыңгайы үчүн жылуулукту камсыздап турган электр чубалгыларынын иши үзгүлтүккө учураганы" себеп болгонун билдирди. Ошону менен катар ал өрттүн анык себеби расмий мекемелердин иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен такталарын кошумчалап, бардык сын-пикирлерди кабыл алууга даяр экенин айтты.
“Азыр эмне сезип турганыбызды сөз менен жеткирүү оор болууда. Команда нес абалда. Биздин кызматкерлерге түшүнүү менен мамиле жасап, күнөөлөбөөгө, айыптаган жеке каттарды жазбоого чакырам. Мындай кырсыкты эч качан күтпөйсүң. Азыр борбордо 200дөй жаныбар бар. Аларга камкордук кылып, табиятка чыгарууга даярдоону уланта беребиз. Бул чоң эмгек”, - деп айтылат Шевченконун кайрылуусунда.
Бул кырсык жаныбарлар кармалган жайлардын шартына байланыштуу тынчсызданууну жаратты.
Экоактивист, фотожурналист Влад Ушаков мындай жайларда түзүлгөн шарт кайсы бир саналуу гана адамдардын эмес, мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керектигин айтууда:
“Мен мындай жайларды зоопарк деп атоодон алысмын. Зоопарк - бул "жаныбарлар" жана "сейил бак" деген эки сөздүн айкалышы. Демек, бул жаныбарлар кенен-кесир басып, өзүн ыңгайлуу сезе турган жай болушу керек. Эгер алар тар тосмолордо жашап жатышса, анда бул эч кандай зоопарк эмес, жөн гана жаныбарларды кармаган жай. Мындан тышкары, кантип Кызыл китепке кирген жаныбарлар ушундай жайга түшүп калганы да өзүнчө каралышы керек. Маселен, кенгуру же маймыл Кыргызстанда жок. Мындай жаныбарларды чек арадан кантип алып өтүп жатышканын да тыкыр кароо зарыл. Мунун баары жеке жактардын эмес, мамлекеттик структуралардын көзөмөлүндө болушу шарт”.
Бирок өрт чыккан “ЗооБишкек” мекемесинин маалымат катчысы Мария Зозуля өздөрүн зоопарк эмес, реабилитациялык борбор катары сыпаттарын билдирүүдө:
“Биз зоопарк эмес, реабилитациялык борборбуз. Болгону адамдарга бизге келүүгө да болорун түшүндүрүү үчүн “ЗооБишкек” деген аталышты тандаганбыз. Бизге дайым камкордукка муктаж жаныбарларды алып келишет. Бул жерде жаныбарларды дарылап, өзүнө келтирип, мүмкүнчүлүк болсо, кайра коё беребиз. Ар бир жаныбардын жеке паспорту, аты, тарыхы бар. Ар бири үчүн алып келген киши кол коюп берет. Жаныбарларды сатып алды деген күмөн болбошу керек. Бул зоопарк сыяктуу коммерциялык долбоор эмес. Бул Кыргызстан боюнча жалгыз уникалдуу социалдык долбоор. Өзүбүз каржылайбыз”.
Зозуля жапайы жаныбарлар кайсы бир кезде аткезчилик жолу менен өлкөгө алынып келинген жаныбарлардын балдары экенин да белгилеп, мамлекеттен эч кандай колдоо көрсөтүлбөй турганын кошумчалады.
Ал эми Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Биология институтунун Омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын башчысы Аскар Давлетбаков бул окуя жаныбарларга камкордук кылууда укуктук актыларды иштеп чыгуу маселеси бышып жетилгенин көрсөткөнүн айтууда:
“Бизде жапайы куштарды кармоо боюнча Жобо бар, бирок башка жаныбарларга камкордук кылуунун атайын Жобосу жок. Мисалы, ошол кырсык катталган жай жаныбарлар үчүн абдан тар болчу. Контейнерден жасалган. Бул туура эмес. Жаныбарларды кармоонун атайын эл аралык талаптары бар. Мисалы, өрт учурунда жаныбарлар чыгып кете ала турган кошумча эшиги болушу керек. Бул окуя ушундай Жобо тез арада кабыл алынышы керектигин жана зоопарктарды уюштуруунун мыйзамдык актыларын иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөтүп койду”.
Бишкектеги реабилитациялык зоопарктын уюшулганына он жылдай убакыт болду. 2022-жылкы маалыматтарга ылайык, анда жаныбарлардын 30дан ашык түрү багылчу.
Шерине