Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган автоунаа экинчи жолу кырсыкка кабылгандан кийин коомчулукта коопсуздук маселеси көтөрүлдү.
Таңкы саат беш жарым. Львовдо катуу жардыруунун үнү чыгып, жер бир силкингендей болуп, асманга кара коюу түтүн көтөрүлдү. Ракеталык сокку калаа борборундагы темир жол вокзалынын жанына урулган. Ондогон үйлөрдө өрт тутанып, терезелери күбүлүп түшкөн.
Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча келишимдер бар. Бирок сугат системаларынын эскириши, макулдашылган иш-аракеттердин жоктугу суу каатчылыгын курчутуп, келечекте камсыздоо канчалык туруктуу болот деген кыжаалат ойду жаратат.
Жаңы кылымдын таланттуу, дүйнөгө белгилүү скрипачтардын бири Даниэл Лозакович Бишкекте 29-августта экинчи ирет концерт берди. Буга чейин Кыргызстанга 2022-жылы да концерти өткөн. Аны бул ирет белгилүү музыкант, искусство таануучу Михаил Казиник коштоп келди.
Коңшу Өзбекстанда узун сакал койгондор айыпка жыгылат. Бийлик өкүлдөрү сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратарын жүйө келтирет. Мындай мажбурлоого кабылгандардын арасында чет элдик турист, таанымал ырчы жана Париж олимпиадасынын чемпиондору да бар.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, учурда тергөө абагында отурган Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын Оштогу бир нече мүлкү мамлекетке кайтарылды. Анын арасында "Эрем", "Динамо" спорт клубдары да бар. Жергиликтүү бийлик аларды кандай багытта иштетерин азырынча ачыктай элек.
Волгограддагы түрмөдө болгон тополоңдон кийин орус абактарында кыргыз жарандары кандай шартта кармалат деген маселе көтөрүлдү. Алардын көбүнүн жакындары абактагы балдарын Кыргызстанга которуунун аракетинде. Бир ай мурун Кыргызстанда экстрадиция боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.
Нарында аялын иштеген жерине барып бычактаган кишинин окуясы үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Мунун алдында 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу күйөөсү эки айга камакка алынганы белгилүү болгон.
Жогорку Кеңеш эки айлык эс алуудан кийин ишке киришти. Алдыда талаш-талкуу жараткан бир катар мыйзам долбоорлору турат. Бул чакырылышта 20дай депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. Бул парламент канчалык өз алдынча бийлик бутагынын милдетин аткарып жатканы тууралуу суроолорду жаратты.
Бишкектеги айрым ишкерлер банктык которуулардагы кыйынчылыктардан улам бизнес өкүлдөрүнүн арасында криптовалюта менен эсептешүү популярдуу болуп бара жатканын айтышууда. Акыркы жылы криптовалюталык алмаштыруулардын жүгүртүүсү бир нече эсе өстү.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иликтөөсү Өзбекстан президентинин күйөө баласынын Ташкенттеги көмүскө курулушка тиешеси бар экенин көргөздү. Булактар билдиргендей, ал долбоордун алкагында 20 турак жай түрттүрүлгөн. Атүгүл райондогу жападан-жалгыз мечит көчүрүлүшү мүмкүн.
Дагы жүктөңүз