Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:59

Өзбекстан: Сакал койгону үчүн кысымга кабылган жылдыздар


Өзбекстандагы жума намаз
Өзбекстандагы жума намаз

Коңшу Өзбекстанда узун сакал койгондор айыпка жыгылат. Бийлик өкүлдөрү сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратарын жүйө келтирет. Мындай мажбурлоого кабылгандардын арасында чет элдик турист, таанымал ырчы жана Париж олимпиадасынын чемпиондору да бар.

Париж олимпиадасынын чемпиондорунун бири, атын атабоону өтүнгөн спортчу "Азаттыктын" өзбек кызматына ("Озодлик" радиосу) билдиргендей, дүйнөлүк оюндар жүрүп жатканда өзбекстандык сакалчан атлеттерге президент Шавкат Мирзиёев менен видео байланышка чыгардан мурун сакалыңарды алгыла деген тапшырма берилген.

Өзбекстандык маалымат каражаттары Ташкентте бир нече адам сакал койгону үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганын жазды. Кабарларга караганда соттор аялдарга жүзүн жапкан кийим кийүүгө тыюу салган берене боюнча бир катар эркектердин да жоопкерчилигин караган же күч органдарынын түздөн-түз буйругу менен алардын сакалын зордоп кырдырышкан.

"Озодлик" радиосу сакалын кырууга же кыскартууга аргасыз болгондордун басымдуу бөлүгүн динге ишенгендер, коомдук активисттер жана артисттер түзөрүн жазды.

Ал эми Өзбекстанга Германиядан барган турист жигит Ташкентте полиция кызматкерлери аны сакалын алууга мажбурлашканын соцтармактарга жазды.

"Балким, ошол күнү бардык жерде жума намазы окулуп жаткандыктан ушундай болгондур? Көчөдө полиция кызматкерлери көп болчу. Алар мени токтотушту. Мен болсо өзбекче билбейм. Ошентип, мен алар менен эптеп орусча сүйлөштүм. Мени эч кандай түшүндүрмөсүз полиция бөлүмүнө алып барышты. Анан сакалымды өзүм алышым керек экенин же алар кырып салышарын айтышты", - деп жазат чет элдик турист.

Скриншот
Скриншот

"Озодлик" чет элдик туристтин айткандарын тастыктай албайт. Бирок соңку жылдары Өзбекстанда ондогон кишинин ушуга окшош окуяларга кириптер болгону маалым. Укук коргоочулар мындай кескин чаралар басымдуу калкы мусулман болгон чөлкөмдөгү бул өлкөдө 2016-жылы Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийинки дин эркиндиги боюнча реформаларды тескерисинче артка кетирди деп сындашты.

Буга чейин полиция Ташкент жана Наманган облустарында эркектерге сакал коюуга тыюу салып, айрым учурларда мажбурлап алдырып жатышканы айтылган. Өзбек бийлиги бул дооматтарды четке каккан.

Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясынын кызматкерлеринин бири артисттерге да эфирге сакал коюп чыгууга бейрасмий түрдө тыюу салынганын айтат. Ал мындай эреже мамлекеттик эмес телеканалдардын кызматкерлерине да тиешелүү экенин кошумчалады.

Атын атагысы келбеген кызматкердин сөзүнө караганда июль айында сакал коюп алганы үчүн ырчы Шохжахон Жураевди Zoʻr телеканалындагы "Артист" долбооруна катыштырбай коюшкан.

"Ал сакалын кырып салгандан кийин гана шоунун калыстар тобунун катарына кирди", - дейт телерадиокомпаниянын кызматкери.

Инстаграмда 800 миңден ашык катталуучусу бар Шохжахон Жураев соңку сүрөттөрүндө сакал-мурутун алып салган. Ал буга чейин бул маселе боюнча мындай деген:

"Мага сакал жарашат деп, аны кырбашымды суранган күйөрмандарыма айткым келет: эң негизги көйгөй - телеканалдар сакал койгон артисттерди эфирге чыгарбай жатат".

Мыйзам эмне дейт?

Өзбекстанда эркектерге сакал коюуга атайын тыюу салган мыйзам жок.

Өлкөнүн укук коргоо органдары мындай аракеттерди "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын талабы менен түшүндүрүүгө аракет кылууда. Коомдук жайларда жүзүн жаап жүрүүгө тыюу салган өзгөртүүлөр былтыр октябрда киргизилген. Мыйзам бузгандарга 5,1 миллион сумга (400 долларга) чейин айып пул салынат.

Коңшу Өзбекстанда расмий орточо айлык акы 4,9 миллион сумду (390 долларды) түзөт.

Эгер эркектер сакалын алуудан баш тартса, алар бейбаштык кылганы же тартип коргоочуларга баш ийбегени үчүн айыпка жыгылышы ыктымал.

Сакал коюуга каршы өнөктүк Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда башталган. 1999-жылы негизги мамлекеттик объектилерди, анын ичинен өкмөт имаратын бутага алган бир катар жардыруулардан кийин Өзбекстан коомдук жайларда эркектерге сакал коюуга жана аялдарга жоолук салынууга тыюу салган.

Серепчилер Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден бери бул багытта "жылыш" болуп жатканын белгилешкен. Маселен, мечиттерде Каримовдун тушунда тыюу салынган азан жаңыра баштаган. Динге байланыштуу беренелер боюнча соттолгон бир жарым миңден ашуун киши абактан бошотулуп, диний көз карашынын айынан "кара тизмеге" кирген 16 миңге жакын жаранга чет өлкөгө чыгууга кайра уруксат берилген.

Былтыр эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму Өзбекстандын бийлиги убада бергенине карабай жарандардын дин тутуу эркиндигин чектөөнү улантып жатканын билдирген. Уюмдун баяндамасында "диний сезимдердин мыйзамдуу түрдө чагылдырылышы дагы эле бийлик тарабынан "экстремизм" катары каралууда" деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG