АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан ат салышып жаткан Камала Харрис менен республикачылардын атынан кайра эң жогорку кызматка барууга бел байлаган Доналд Трамптын алгачкы дебаты өттү.
Кыргызстандын мектептерине миңден ашык мугалим жетишсиз. Бишкекте кээ бир мектептер мугалимдерди "Лалафо" аркылуу издеп, иш тажрыйбасы маанилүү эмес дегени талкуу жаратты. Ал тапта тиешелүү министрлик быйыл Орусиядан 200 ыктыярчы келип, башкалаанын мугалим тартыш мектептеринде иштейт деп билдирди.
Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) "Чет элдик өкүлдөр" реестрине киргизилгени маалым болду. Буга чейин бул тизмеге кирген айрым бейөкмөт уюмдар жана долбоорлор ишин токтотуп жатканы айтылган.
Өзбекстандын "Миллий тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") саясий партиясынын лидери, өзбек парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Алишер Кадыров “советтик пропаганданы тараткандарга мыйзам менен тыюу салууну” сунуштады.
Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундундагы 2-турунда Өзбекстан курама командасы менен ойноп, 2:3 эсебинде жеңилди.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда "Бедел" өткөрмө бекети ачылып, иштей баштады. Бул эки өлкө ортосундагы үчүнчү өтүү жайы болуп калды. Кезектеги бекеттин ачылышы эки өлкө ортосундагы экономикалык жана саясий байланышка кандай таасир этет?
Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Майыптыгы бар адамдардын Бишкектен Токмокко чейин пландалган жөө жүрүшү өтпөй калды. Уюштуруучулар буга коопсуздук маселеси негиз болгонун билдиришти.
Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов дин чөйрөсүн жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “дааватка каршы” деп атоо туура эместигин белгилеп, коомчулукту бул теманын айланасында бурмаланган маалымат таратуудан алыс болууга чакырды.
Италиянын Милан шаарында өткөн Европадагы кыргыз диаспораларынын форумунда Европадагы кыргызстандык кыз-келиндердин ассоциациясын түзүү боюнча декларация кабыл алынды.
Кээ бир Кыргызстандын өкмөттүк эмес уюмдарынын (ӨЭУ) өкүлдөрү «чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин иштеринде кыйынчылыктарга туш болуп, уюмдарын же айрым долбоорлорун жабууга аргасыз болушканын билдиришүүдө.
Дагы жүктөңүз