Сумыда карылар үйүнө сокку урулуп, адам өмүрү кыйылды. Ал тапта Киев жана Москва 19-сентябрга карата фронттогу жана Орусиянын Курск облусундагы абал боюнча эки башка маалымат берип жатат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Москва шаарында жана облусунда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттар тууралуу комментарий берди.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча милициянын мурдагы башчысынын акталганын сындады. Уюм бул аялдар укугун басмырлоого жатарын белгиледи.
19-сентябрда Бишкек шаардык соту активист, акын жана ырчы Аскат Жетигендин иши боюнча апелляциялык арызды кароону улантты. Жараянда Аскат Жетигендики деген видео кайрылуу боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер көрсөтмө беришти. Алар адвокаттардын өтүнүчү менен чакырылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кардарлардын арызынын негизинде бир нече ири микрокредиттик компаниялардын ишин текшерип жатканын ырастады. Мунун алдында бир нече финансылык мекемелер тинтүүгө алынып, кеңселерине мөөр басылганы кабарланган.
9-11-сентябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк мамлекеттер уюму тарабынан түзүлгөн орток түрк алфавитин иштеп чыгуу боюнча комиссиянын 3-жыйыны өттү. Анын алкагында 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавитинин долбоору кабыл алынды.
Ливанда аралыктан жардыруунун экинчи толкуну кеминде 32 адамдын өмүрүн алды. Расмий маалыматка караганда, каза болгондор арасында АКШ, Израил жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган "Хезболла" радикал тобунун мүчөлөрү бар. Жардыруу жашы жете элек төрт баланын да өмүрүн алды.
“Жер кодексинин” жаңы редакциясында Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны же эл оозунда "кызыл китеп", "жашыл китеп", “көк китеп” деп аталган документти жоюу сунушталды.
Тажик полициясы Дүйшөмбү шаарында өлкөнүн муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салган кишини кармап, "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бирок талдоочулар муфтий атайын кызмат менен тыгыз байланышып, динчилдердин укугун тебелеген саясатты жүргүзүп жатканын айтышат.
Мамлекеттик "Керемет банк" жеке колго сатылганы белгилүү болду. Убагында колдон колго өткөн банкты өкмөт кымбат баага алып, арзан саттыбы? Ачык маалыматка таянсак, банктын жетекчилигине казакстандык банкирлер келди. Банктын директорлор кеңеши жаңыланып, башкармалыгынын төрагасы да жаңы болду.
Кыргызстанда 18-сентябрдан тарта импорттолгон дары-дармектер менен медициналык каражаттардан кошумча нарк салыгы кайрадан алына баштайт.
Дагы жүктөңүз