8-сентябрда Иордания менен оккупацияланган Батыш жээктин ортосундагы чек арада атышуу болуп, үч адам каза тапты. Алар Израилдин жарандары экени, окуя Алленби өткөрмө бекетинде болгону маалымдалды.
Бекбосун Жайчыбеков мыкты сүрөтчү, адамгерчилиги бийик инсан эле. Тирүүлүктөгү майда-чүйдө азгырыктарга алданбай, бир келген өмүрүн бийик өнөргө, асылдык дүйнөсүнө арнап, мыкты чыгармаларды жаратты. Анысы китептерде, журналдарда калды.
Ош шаарынын бийлиги таза суу маселесин толук чечүү үчүн жеке менчикке өтүп кеткен суу кудуктарын (скважина) кайтарып алуу аракети башталганын билдирди. Экинчи борборду 2009-2013-жылдары башкарган Мелис Мырзакматовдун жеке менчигинде калган эки кудук мамлекетке алынганы белгилүү болду.
Манас таануучу, Филология илимдеринин кандидаты Айнек Жайнакова - өмүрүн «Манасты» изилдөөгө арнаган окумуштуулардын бири.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын мурдагы орун басары, экономика боюнча эл аралык серепчи Жаныбек Оморов болду.
Сардоба (суу кампа, кудук) – сууну топтоо, сактоо максатында салынган байыркы гидротехникалык курулма. Орто кылымда Борбор Азиядагы суу алтындан кымбат саналган чөлдүү жерлеринде мындай курулуштар кеңири тараган.
Кыргызстан Ооганстанда бийлик жүргүзгөн “Талибан” кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. “Талибан” кыймылы Кабулдагы бийликти кайра басып алганына үч жыл болду. Ооганстанда да Кыргызстандын элчилиги иштеп жатат.
Жумага караган түнү Орусия ракета, дрондордон сокку урууну улантканын Украинанын аскерлери билдирди. Акыркы күндөрдөгү чабуулдарды айрымдар Курск операциясы үчүн өч алуу катары баалашууда. 6-сентябрда украин аскерлери Орусиянын аймагына кирип барганына бир ай болду.
Бишкекте пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев эскерилди. Маркум талант август айынын соңунда 48 жашында рак илдетинен көз жумган.
Кыргызстанда алгачкы ирет бейтаптарга эндоскопиялык жол менен операция жасалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук онкология борборунан билдиришти. Эндоскопия учурунда аспап табигый жолдор менен ички көңдөйгө киргизилет.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды зарыл иши болбосо Орусияга барбай турууга чакырды. Аталган мекеме муну Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши менен түшүндүрдү. Соңку кырдаал бул өлкөдө иштеп жүргөн миңдеген кыргызстандыктарга кандай таасир этүүдө?
Панжшанбе (Бейшемби) – Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири базарлардын бири. Анын тарыхы байыркы доорлорго барып такалат. Коженттеги базар - дүйнөнүн чар тарабынан келген туристтерге да эң кызыктуу жай. Базарда сатылган мөмө, жашылча жемиш, азык-түлүк Сырдарыя жээгинде өндүрүлгөн.
Дагы жүктөңүз