Кыргызстандын эгемендик күнүнүн урматына уюштурулуучу концертке согушту колдогон орусиялык ырчылардын чакырылышы нааразылык жаратууда. Бийлик өкүлдөрү аларга гонорар төлөнбөй турганын, өздөрү демилге көтөрүп келүүнү каалаганын билдирди. Коомчулукта бул жоопко ишенбей сындагандар көбөйдү.
Согд облусу Тажикстандын түндүгүндө жайгашып, Сырдарыя агып өткөндөн улам айыл чарбасы жакшы өнүккөн. Күрүч жана пахта көп эгилет. Тажикстандын аймагындагы Сырдарыянын узундугу 144 чакырымды түзөт. Дарыяга курулган Кайраккум жана Фархад ГЭСтеринде электр энергиясы өндүрүлөт.
Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы бир нече күн мурда аялдарга коомдук жайларда ырдоого, үнүн чыгарып китеп окууга жана жүзүн ачып жүрүүгө тыюу салган жаңы мыйзамдарын жарыялады. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга тынчсыздануу билдирди.
Телеграм мессенжеринин түптөөчүсү Павел Дуровдун Париж аэропортунда кармалышы Францияга караганда Орусияда байма-бай талкууланып, Батышка каршы пропаганданын жаңы толкунун пайда кылды. Дүйшөмбүдө сот анын камактагы мөөнөтүн дагы 48 саатка узартканын AFP агенттиги кабарлады.
Германиянын Золинген шаарындагы кол салуудан кийин 15 жаштагы кыргыз жараны кармалганы тууралуу маалымат немис медиасында жарыяланды. Бирок расмий эч бир тарап бышыктай элек. 23-августта фестивалга чогулгандарга белгисиз бирөө бычак менен кол салганда үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, камактагы Райымбек Матраимовдун туугандары Руслан жана Исламбек Матраимовдорго 50 миӊ сомдон айып пул салды. Ош шаардык соту аларды 11-майда камакка алган. Бирок тергөө абагынан качан чыкканы тууралуу маалымат жок.
Башкы прокуратура Бишкектин тургуну Иван Сологубовдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Маркумдун жакындары Сологубовго милиция кызматкерлери күч колдонгон деп айыптап, ишти адилет тергөөнү суранып президентке кайрылды. Ички иштер министрлиги дооматтарды четке кагууда.
1-августта АКШ, Батыш менен "тарыхый айырбаштоо" деген жараяндын алкагында Европа абактарында отурган сегиз киши Орусияга кайтып келди. Алар үчүн Кремль 16 саясий туткунду бошотту. Путин өзү тосуп алгандардын арасында Польшада тыңчылыкка айыпталып камалган Пабло Гонсалес же Павел Рубцов да бар.
"Азаттыктын" түркмөн кызматынын мурдагы кабарчысы Худайберди Аллашов 13-августта узакка созулган оорудан көз жумду. Анын өлүмү дүйнөдөгү эң жабык, авторитардык өлкөлөрдүн бири болгон Түркмөнстанда журналисттер куугунтукка, кыйноого жана атүгүл өлүмгө дуушар болуп жатканын көрсөттү.
Дагы жүктөңүз