"Апоо, кандайсыз? Менде баары жакшы! Ойлонбоңуз. Мен согушка кол койгон жокмун. Сизди жакшы көрөмүн". Бул Үмүткө орус абагында отурган уулу жазган кат. Үмүт сыяктуу биз менен сүйлөшкөн ата-энелерде мындай каттар ондоп саналат. "Азаттык" бул макалада орус абактарында кармалган кыргыз жарандарынын тагдырына жана аларды экстрадициялоо маселесине кайрылат.
Үмүттүн абакта жаткан уулдарына жазган каты "Согушка барба, балам" дегенден башталат. Анын эки уулу, келини бир жылдан бери Волгоград облусундагы убактылуу кармоочу жайда камакта жатат. Ал "Азаттыктын" журналисти менен сүйлөшкөндө көз жашын тыя албай турду:
"29-майда мага котормочу менен жактоочу чалды. Алар "уулдарыңыз согушка кеткенге макул болуп, кол коюп беришти" деди. Мен ызылдап, Тышкы иштер министрлигине чыгып, элчиликке жазып, жаман болдум. Согушка кетип калабы деп аябай корктум. Балдарыма кат жазып, котормочуга сүрөтүн жибердим. Ал аларга көргөзүптүр. Же жете албай, же барып алып кала албай аябай жүрөкзаада болдум. Акырында уулдарымдан "Согушка барбайбыз" деген кат колума тийди. Ошондо гана тынчый түштүм".
"Кандай, уулум? Кайдагы согуш? Тынч отур, экинчи укпайын. Мени ойлогула, уулум. Согуштан тирүү кайтпайсың, ушуну ойлодуңбу? Бул менин сага энелик сөзүм. Согушту унут бүгүн. 29.05.24-жыл, 23:55", - деп жазылган Үмүттүн уулдарынын бирине жолдогон катында.
Үмүттүн эки уулуна, келинине Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 228-беренеси ("Маңзат каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же берүү") менен айып тагылган. Алар Орусияга иштегени баргандан көп өтпөй кармалышкан. Көз жашын төккөн эне уулдары анын операциясы үчүн каражат тапканы чет жакка кеткенин айтты:
"Эки уулум, бир кызым бар. Өзүм бир гана эркек төрөдүм. Эки баламды багып алдым. Улуусун өспүрүм кезинде, кенже кызымды төрөлгөндө эле асырап алгам. Азыр эми эки балам жанымда жок. Эки уулум, келиним абакта жатат. Үч баланын күйүтү жаман экен. Мен азыр тирүүлөрдүн арасында өлүкмүн. Тирүү эмесмин. Кармалган балдарымдын улуусу Орусияга барганына 27 күн, кичүүсүнө 14 эле күн болгон болчу. Менин башымда шишик бар. Израилдеги ооруканалар менен сүйлөшүп, ошол жакка дарыланууга кете турган болгом. Ошондо уулдарым кичине акча табалы деп, Орусияга кетишти. Алар мага операцияга акча табам деп кетишпеди беле. Эми неберем атасы да, апасы да жок калды. Бир жыл ичинде тапканымдын баарын балдарга жумшап, акчам да калган жок. Азыр эми биз менен мамлекеттик жактоочу иштеп жатат. Канча жолу жактоочуларга алдандым. Балдарымдын бири бая күнү "Апа, мага 27 эпизод менен иш козголуптур, башында төрт болчу" деди".
Үмүт уулдары, келини кармалганда орус полициясынын кыйноосуна кабылганын да айтты. Алар энесине жолдогон катында күнөөсү жоктугун, аларга басым-кысым болуп жатканын такай жазышат. "Азаттык" андай каттардын бирин төмөндө жарыялайт.
"Азыр мени ойлондурганы, тергөөчү байкеме ар кандай суроолорду берип, каматканы жатат. Ага каршы бирок аларда эч нерсе жок. Манжа тагы да табылган эмес. А.ны (Үмүттүн келинин) да коркутуп атат, "мойнуңа ал, сага азыраак мөөнөт беребиз, кызыңды ойло" деп жатышат. Сиз көргөндөй, азыр ар кандай мыйзамдар чыгып жатат. СИЗОдон, түрмөдөн согушка алып кетип атышат. Биз бул сыноого тик турабыз. Анткени сыртта, Апоо, сиз бизди күтүп жатасыз", - деп жазган Үмүттүн кенже уулу.
"Балдарымды кыйнап, ур-токмокко алышыптыр. Улуу балам эсине келгенде ага кылмыш иши козголгонун билиптир. Азыр деле аларга кандай мамиле, шарт түзүлгөнүн билбейм. Кыйнап, согушка жибереби деп корко берем. Мүмкүн, башка кагазды алып кирип, кол койдурат. Аларга бир да кагазга кол койбогула, алданбагыла деп жазып атам", - дейт Үмүт.
Эне балдарынын үнүн жарым жылдан бери уга элек. Азыр орус абактарында телефон менен орусча гана сүйлөшө аласың. Үмүт уулдары менен кыргызча сүйлөшкөнү үчүн ага телефон менен байланышууга тыюу салынган. Азыр ал котормочу, жактоочу аркылуу алган уулдары менен кат-кабар алышып турат. Соңку кат бир ай мурун тийген экен.
"Үндөрүн уга элегиме көп болду. Мен өзүм орус тилинде сүйлөй албайм. Акыркы жолу балам чалганда кыргызча сүйлөшкөн элек. Түрмөдөгүлөр орус тилинде сүйлөшкөндү талап кылышат экен. Ошол сүйлөшүүдөн кийин бизге уруксат бербей коюшту. Азыр эми алардан алган каттарды окуп, сагынычымды таратам. Бая күнү туулган күнүмдү куттуктап жазышты. Үндөрүн укканга зармын. Балдарымдын соту болгондон кийин гана аларды Кыргызстанга которуу маселеси каралат дешти. Мен эки жолу барып келдим. Кайра-кайра барганга каражат тартыш. Эми зырылдап, күтүп отурабыз", - дейт ал.
"Азаттык" менен сүйлөшкөн каармандар ушул тапта Кыргызстанда. Алар орус абактарындагы жакындары менен ушинтип кат аркылуу гана байланышат. Жолдун алыстыгынан, акча-тыйындын тартыштыгынан улам абактагы балдарын жылдап көрө элек ата-энелер бар.
"Привет, сестра!"Абактан салам кат
Бул 21 жаштагы Тимур. Ал бир жарым жылдан бери Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы СИЗОдо жатат. Тимурга Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 228-беренеси ("Маңзат каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же берүү") менен айып тагылып, ал алты жылга кесилген. Аны менен бир тууган эжеси байланышып турат.
"Инимди СИЗОдон абакка которушкан жок. Бир эле жерде бир жарым жылдан бери отурат. Абактагы шарты тууралуу айтпайт. Аларга айтканга болбойт окшойт. Каттарында гана акча сал же күрмө, жылуу кийим жибер деп жазып калат. Атайын бир эсеп беришет. Ошого акча которобуз. Эки апта дегенде араң жетет экен ал акча. Өзү көп деле акча салбагыла деп айтып калат. Бир-эки жолу барып, көрүп келгем. Кайра-кайра барганга каражат жетишсиз. Өзү да келбегиле дейт. Азыр бир гана почта аркылуу байланышабыз. Ал каттар да текшерүүдөн өтсө керек. Дайым орус тилинде гана жазат. Азыр өз тилиңерде сүйлөшпөгүлө деген мыйзам чыкпады беле. Ошого байланыштуу окшойт. Орусча эптеп жазып атат байкушум", - дейт Тимурдун эжеси.
"Эже, кандайсыз? Менде баары жакшы, кам санабагыла. Акчаңызды алып, дүкөндөн майда-чүйдө алдым. Азыр колумда 1100 рубль калды. Сиз Кыргызстанга кеттиңизби? Мага күрмө, шампунь салып жибериңизчи. Апама, атама салам айтыңыз".
Тимур 20 жашында миграцияга кеткен. Ушул эле берене боюнча аны менен кошо башка кыргызстандыктар соттолгон. Ошондон улам аларды сот "кылмыштуу топ" деп таанып, катаал чечим чыгарган.
"Мени менен сүйлөшкөндө эркиндикке чыккысы келерин, жаштыгын абакта өткөрүп жатканын көп айтат. Ал Бишкекте жүргөндө достору менен маңзатты ар кайсы жерге жашырып иштеген экен. Анын достору Бишкекте камалыптыр. Ал ошондон кийин Орусияга кетиптир. Бирок ал жакта тобу менен соттошту. Ошон үчүн жаза мөөнөтү да узак болду. Орус абактарында эмне болуп жатканын билбейсиң. Ал почта аркылуу каттарында муктаждыктарды жазат, ал эми өзүнчө каттарында кыргызча жакшы жазып, жактоочулары аркылуу жиберген каттарында кенен айтканга аракет кылат".
Тимур акыркы бир жыл ичинде жакындарына онго жакын кат салган. Алардын биринде камерадагы шартты сүрөттөп, орусчадан кыйналып жатканын жазган.
"Камерада алты адам отурат. Үч орус, бир өзбек, бир беларус, анан мен. Мени бул жакта "кыргыз" деп коюшат. Эң кичүүсү менмин. Эмне берсе да баарын жеп атам. Болбосо ачка калат экенсиң. Адвокат менен башында орусча сүйлөшө албай кыйналдым. Азыр кичине аракет кылып, түшүнө баштадым. Бассам-турсам чыгып кетейин деп тилек кылып атам. Буйруса чыксам чоң той беребиз, ата".
"Ооруган тишин өзү жулуп салган"
Кийинки каарманыбыздын бир тууган иниси эки жылдан бери Екатеринбург шаарындагы абакта отурат. Ал абакта борбор азиялыктар көп.
"Менин иним отурган жерде эки жыл мурун кыргыз бала асынып алган. Аны өзүн-өзү өлтүргөнгө жеткиришкен да. Иним ошол абакка которулгандан тарта мен ал колониянын тарыхын окуп, маалымат издеп жаттым. Инимдин ал түрмөгө барганына декабрда эки жыл болот. Анын абалына санааркайбыз. Инимдин тиши ооруп, эч ким карабаптыр. Ошол ооруган тиши менен үч күн жүрүп, акыры өзү чыдабай жулуп салыптыр. Абактагылардын бекиткен дары-дармегин алып, өзү дарыланыптыр. Түрмөдө тишиң ооруса же башка жериң ооруса сени эч ким карабайт экен. Баары бир абакта мусулмандарга, мигранттарга мамиле башка. Ал жерде эч ким сени аябайт. Мигранттарды башка абактарга, камераларга отургузуп бөлүшөт экен. Эч ким сени урбаса деле психологиялык жагдай абдан оор экен".
Каарманыбыз Орусияда жашап, иштейт. Абактагы инисине бир нече жолу барып, анын абалын көрүп келген:
"Ал мага тамак-аштан кыйналганын айтат. Эт жешпейт экен. Жумуртканы бир жумада бир алып келип беришет экен. Жыттанган, эскирген балык алып келип берет экен. Айына 30 кг азык-түлүк алып кирсең, ошонун бир киллограмы эле лимон болот. Балыкка, тамакка ошол лимонду сыгып, даамын кичине жакшыртып жешет экен. Мен өзүм бир нече жолу узак мөөнөттөгү жолугушууга барып келдим. Жылуу кийимдерди алып барсам, калың байпакты киргизбей койду. Түрмөдө ич кийим кийгиздирбейт экен. Майканы алып кире албай кыйналышат. Мисалы, мен үч күнгө жолугушууга киргенде майка кийип кирип, аны иниме чечип бердим. Ал мага эскирип, жыртылып кеткен майкасын берди. Ошентип алмаштык".
Каарманыбыздын иниси Москвада таксиде иштеп жүрүп, маңзат менен кармалган. Ал жети жылга кесилген. Анын эки жылга жакынын орус абагында өткөрдү.
"Мен инимди бир жылда тезирээк Кыргызстанга которууга аракет кылдым. Себеби бир нече жолу согушка чакырык болуптур. Мен иниме барып, утур-утур кабар алган үчүн да анда "согушка барам" деген каалоо жок эле. Бирок менин байкашымча, ал жердеги балдар өздөрүн эч кимге кереги жок же күнөөлүү сезишет экен. Ошондон улам да согушка барууга макул болгондор бар. Мен бир жыл жактоочуга ай сайын 50 миң рублдан төлөдүм. Мен да миграцияда тапкан акчамды тең экиге бөлүп, жарымын иниме, жарымын балдарыма жумшап жаттым. Иним - үйдө жалгыз эркек. Ата-энемди баккан ошол бала эле. Биз жактоочу аны Кыргызстанга которгонго жардам берет деп ойлодук. Бир жыл анын которулуп кетишин күттүк. Былтыр 6-августта баштаганбыз. Жакында эле жообун алдык. Сентябрга анын соттук отуруму Кыргызстанда белгиленди. Ага чейин иши Москвага өтөт. Азыр эми Кыргызстандын мыйзамына өзгөртүү кирип, Орусияныкы менен бирдей болуп калыптыр. Экстрадиция эми тезирээк ишке ашса керек".
Экстрадиция: мыйзамдагы өзгөрүүлөр
26-июлда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Ага ылайык, чет өлкөдө соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоонун шарттары өзгөрдү.
Орусияда камалгандарды Кыргызстанга экстрадиция кылуу - татаал жараян. Абактагы жаранды башка мамлекетке которуу үчүн эки өлкөдө тең сот жараяны өтүп, мыйзамдык жактан шайкештик болушу зарыл. Чет өлкөдө соттолгондорду Кыргызстанга экстрадиция кылуу иштери менен Башкы прокуратура алектенет.
Экстрадицияга уруксат берилген учурда да анын чыгымын төлөй албай калгандыктан, Кыргызстанда ошол эле берене боюнча азыраак мөөнөт берилгендиктен же жаза өтөө шарты башка болгондуктан жараян токтоп калган учурлар бар.
Ушуга байланыштуу, түзөтүү абагынын түрүн, жазаларды кошуу эрежелерин жана камакта кармоо мөөнөтүн эсептөөнү аныктоо бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67 жана 80-беренелерине, Жаза аткаруу кодексинин 73-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Аталган мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк соттун өкүмүн аткаруу Жогорку сотко жүктөлгөн.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Жогорку Кеңеште болгон талкууларда бул мыйзам долбоору соттолгондорду өткөрүп берүү процессин тездетерин айткан:
"Жарандардын жакындары кайрылган учурда Орусияда кармоо режими бул жакта да сакталат. Бул бөлүк орус абактарына тиешелүү. Мисалы, Орусияда баңгизат менен соттолгондор күчөтүлгөн режимде отурса, Кыргызстанга которулганда алар жалпы режимдеги түзөтүү мекемесине жайгаштырылат. Жеңилдетилип жатат. Соттолгондордун жакындарынын да талабы ушул болуп жатат".
Былтыр Орусиянын түрмөлөрүндө отурган кыргыз жарандарын экстрадициялоо маселесин караган мекеме аралык жумушчу тобу түзүлгөн.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын элчиликтери жана башкы консулдуктары Орусияда абакта отурган ар бир кыргыз жаранына Кыргызстанга которулуунун жол-жобосу түшүндүрүлгөн кат жөнөтүп жатканын билдирген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын абактарында 1500гө жакын кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Расмий маалыматка караганда, алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү менен (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирет. 2023-жылдын 11 айында абактагыларды Орусиядан Кыргызстанга өткөрүү боюнча 132 суроо-талап Москвага жиберилген. Былтыр 73 адам, быйыл жарым жыл ичинде 30 киши орус абактарынан Кыргызстанга экстрадицияланган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 494 соттолуучу экстрадициядан баш тарткан.
Буга чейин Орусиянын абактарында отурган кыргызстандыктардын жакындары аларды мекенине экстрадициялоо маселесин чечип берүүнү суранып, бийликке бир нече жолу кайрылган. Экстрадициялоо процессин тездетүү Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, эл өкүлдөрү эки өлкөнүн мыйзамдарындагы дал келбестиктерден улам аны ишке ашырууда кыйынчылыктар жаралганын айтышкан. Ушундай маселелерден улам 450дөн ашуун жаран Кыргызстанга которулуудан баш тартканын белгиленген.
Мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков экстрадиция маселеси абакта жаткан кыргыз жарандарынын олуттуу көйгөйү экенине токтолду:
"Бул абдан оор процесс. Кыргызстандан мыйзам кабыл алып, эрежелер өзгөргөнү менен, биз Орусиянын мыйзамдарынан көз карандыбыз. Анткени маселе мыйзамдагы беренелер дал келбегенинде болуп жатат. Ошол эле кезде буга аябай көп каражат керектелет. Жактоочу, Орусиядагы чыгымдардан тышкары кээде Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүн Орусияга алып баруу үчүн ата-энелер акча сарптаган учурлар болгон. Негизи мыйзам боюнча экстрадиция акысыз болуш керек. Бирок ал үчүн бул процессти ишке ашырган органдарга кыргыз өкмөтү казынадан каражат бөлүш керек. Иш жүзүндө ата-энелер болгон акчасын буга жумшаган учурлар болгон".
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы чет өлкөлөрдө соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоо боюнча 18 мамлекет менен кызматташат.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2016-жылдан бери чет мамлекеттерде кылмышы үчүн соттолуп, абак жазасын өтөп отурган 550дөн ашуун кыргызстандык жаран мекенине кайтарылган. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан. Ошондой эле Ирандан, Түркиядан, Түштүк Кореядан, Кытайдан жана Бириккен Араб Эмирликтеринен да кыргызстандыктар экстрадицияланган.