Кремл Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүдө. Президент Владимир Путиндин сунушуна ылайык, эми Орусияга каршы кадимки курал-жарак колдонулса да өзөктүк сокку менен жооп кайтарылышы мүмкүн. Киев муну “опуза” деп атады.
Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол кенин казууга даярдык башталды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-сентябрда аймактагы иш сапарынын жүрүшүндө бул жерде титаномагнетти өндүрүү башталарын, өлкөнүн казынасына чоң каражат түшөрүн билдирди.
Бишкектин Ленин райондук сотунда прокуратура жапырт баш аламандыкка айыпталган 11 журналистти алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Адвокаттар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылды. “Эл аралык басма сөз институту” мамлекеттик айыптоонун мындай өтүнүчүн сынга алды.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке какты.
Германиянын Мүнхен шаарына сөөктөрү коюлган казак диссиденттеринин бейиттери көчүрүлүп, айрымдары жакынкы жылдары түрттүрүлүшү мүмкүн. Алардын арасында Мустафа Шокайдын санаалаштары, "Азаттык" радиосунун мурдагы журналисттери да бар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-сентябрдын кечинде БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөдү. Андан кийин АКШ президенти Жо Байденге "жеңиш планын" сунуштай турганы күтүлүүдө. Ал тапта Орусиянын армиясы Украинага тынымсыз абадан сокку уруп, өлкөнүн чыгышында чабуулдарын күчөттү.
Кезектеги Элдик курултай 20-декабрга белгиленди. Мунун алдында парламент “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке какты.
Кыргызстандык Бегайым Самудунова быйыл августта АКШда жол кырсыгында каза тапты. Анын трак айдай баштаганына эми гана беш ай болгон. Маркум ага чейин Кыргызстандын Жогорку сотунда 11 жыл иштеген.
Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) бир кылымдык мааракесин белгилөөнүн алдында турат. Айрым тарыхчылар өзүнүн аталышы менен “Эркин Тоо” адеп жарык көргөндө кылымдар бою эркиндикти эңсеген элдин мүдөөсү, үнү, үмүтү катары кабыл алынганын жазышат.
Ливанда Израил армиясынын соккуларынан 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын расмий Бейрут билдирди. Мерт болгондордун 90дон ашууну балдар жана аялдар.
Дагы жүктөңүз