Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:50

Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков косоволук клубга өттү


Бекназ Алмазбеков
Бекназ Алмазбеков

Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков косоволук "Llapи" клубу менен үч жылдык келишимге кол койду. Бул тууралуу 2-сентябрда аталган клуб Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирди.

Алмазбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасында да түркиялык клубдан кеткенин жарыялап, машыктыруучулары жана күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу, 19 жаштагы Бекназ Алмазбеков 2022-жылдын февраль айынан баштап "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыга баштаган. Былтыр анын негизги курамына кирген. Ал 2019-жылдан бери клубдун жаштар командасына ойноп жүргөн.

2020-жылы Алмазбеков International Fair Play Committee футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн World Fair Play Awards сыйлыгына татыган.

Спортчунун футболдогу жетишкендиги үчүн Түркиянын университеттери да сыйлыктарды тапшырган. 2022-жылы 28-сентябрда Алмазбековду The Guardian басылмасы 2005-жылы төрөлгөн дүйнөнүн мыкты 60 жаш футболчуларынын тизмесине кошкон.

"Llapi" - Косово футболунун тарыхындагы эң ийгиликтүү клубдардын бири. 1932-жылы негизделген. Команда Косовонун эки жолку чемпиону жана Косово кубогунун беш жолку жеңүүчүсү. 2018-2019-жылы "Llapi" командасы УЕФА Европа Лигасынын биринчи тандоо раундуна катышып, еврокубоктордогу дебютун жасаган. (ElB)

XS
SM
MD
LG