Казакстанда Психикалык саламаттык борборунда дарыланып жаткан эки кыз "мекеменин кызматкерлеринин зордуктоосуна" кабылганын айтып чыгышты. Кыздардын бири жашы жете элек өспүрүм экени, зордуктоодон кийин боюна бүтүп, аборт жасатканы белгилүү болду. Полиция иш козгоду, бирок шектүүлөр аныктала элек.
Укук коргоочулар менен адвокаттар Самат Матцаковдун камалышын адвокаттардын ишмердүүлүгүнө коркунуч деп баалашты. Алар кыргыз бийлигин жактоочуну эркиндикке чыгарып, куугунтукту токтотууга чакырды.
3-декабрда кыргызстандык укук коргоочулар, юристтер жана жарандык активисттер адвокат Самат Матцаковдун камакка алынышын кескин сындаган билдирүү таратты.
75 жаштагы Гүлира Абдраимакунова абакта жаткан небереси Азамат Ишенбековдун беш жылга кесилгенин уга элек. Апа дагы эле Temirov Live редакциясында иштеген акын небересинин соту бүтө элек деп ойлойт. Ансыз деле Азамат Ишенбеков камалгандан бери ыйлай берип, эки көзү тең көрбөй калган.
Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түштү. Анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабаркап, баса албай жатканын айтышууда.
Караколдун тургуну 24 жаштагы майыптыгы бар кызы зордукталгандан кийин тергөө иштери адилет жүрбөй калганын айтып, үч күндүк нааразылык акциясын өткөрдү.
Кыргызстанда түрдүү жагдайда ата-энесинен айрылган балдардын саны 2800дөн ашат. Алардын 500гө чукулу атайын интернаттарда тарбияланат. 18ге толгондон кийин өспүрүмдөр кайда барарын, кимден жардам сурарын билбей кыйналат. "Азаттык" ата-энеден ажырап калган балдар жана алардын тагдырына кызыкты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду кармаганы белгилүү болду. УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек.
Бишкектин Биринчи май райондук соту “алдамчылыкка” шектелип кармалган адвокат Самат Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырды. Чечимди райондук соттун судьясы Миран Шерматов кабыл алды. Матцаков соттун чечимин “мыйзамсыз” деп атап, апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.
Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган Ноокаттын Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу мекемеге өз эрки менен барганда кармалганын, уруп-сабалганын айтып чыкты. Мындан улам өлкө башчыларына кайрылып, ага козголгон кылмыш ишинин акыйкат териштирилишин суранды.
Өткөн апта соңунда Москвага учуп барган бир нече балалуу аял Шереметьево аэропортунан артка кайтарылган. Аларды орусиялык чек арачылар "коопсуздук маселесинен" улам деген жүйө менен өлкөгө киргизбей койгон, айрымдарына диний маанидеги суроо узатып, текшерүүгө алышкан.
25-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева жана Азамат Ишенбековдун иши карала баштады. Алардын адвокаттары ишти карган эки судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, алардын акыйкат чечим чыгарарынан шек санай турганын айтып жатышат.
Дагы жүктөңүз