Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:03

"Качкан жокмун, ИИМге өзүм келдим". Мурдагы милиция башчысы бийликке кайрылды


Тимур Абдисатар уулу
Тимур Абдисатар уулу

Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган Ноокаттын Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу мекемеге өз эрки менен барганда кармалганын, уруп-сабалганын айтып чыкты. Мындан улам өлкө башчыларына кайрылып, ага козголгон кылмыш ишинин акыйкат териштирилишин суранды.

Абдисатар уулу өткөн аптада Ноокаттагы Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынган. Анын алдында ал райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисин айыптап, ачык видео кайрылуу жолдогон. Көп өтпөй Абдисатар уулунун өзүнө пара алуу беренеси менен кылмыш иши козголгону, издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

Абдисатар уулунун кайрылуусу

Тимур Абдисатар уулунун камалар алдындагы кайрылуусун өзүн анын иниси деп тааныштырган Азамат Алтымышев таратты. Анда милициянын майору кесиптештери уруп-сабаганын, саламаттыгына жана өмүрүнө коркунуч жаралганын айткан.

"Аны убактылуу кармоочу жайга алып кетишти да. Мен ага ошондо жолуктум. ИИМдин алдында күтүп тургам. Кичине тамак-аш, кийим-кечесин бердим. Адвокат бир сааттай кечигип калды. Ал келгенге чейин эле "мен эч кайда качпайм, чындыкты издейм, министрге кирип жолугам" деп өзү барды. Бирок киргенде эле аны Кылмыш-иликтөө башкы башкармалыгына колуна кишен салып алып кетишиптир. Ошол абалда тепкилешти, кийимдеримди айрып салышты деп айтып берди".


ИИМдин басма сөз кызматы Абдисатар уулунун дооматына байланыштуу комментарий кийинчерээк берилерин билдирди.

Милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сейитов Абдисатар уулу сабалды деген маалыматтарды жокко чыгарды. Ага пара алуу беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп-иликтөө уланып жатканын, бул ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин билдирди:

"ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, ошол фактыга тиешелүү, ошондой фактылардын болушуна жол берген кызматкерлердин баары тартиптик жаза алышты. Көк-Жар айылдык милициясынын башчысы акча, пара алып жатканы тууралуу видеолор да тарап жатат. Ушул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө ал изин таптырбай кеткен. Ошонун негизинде издөө жарыяланган. Ушундай иштер жүрүп жатканда ал кечээ өзү келип, тергөө кызматына көрсөтмө берип жатат. Эч ким аны уруп-сабаган жок. Ал жерде элдин баары, коомчулук көрүп жатат. Ал өзү жалгыз келбестен, блогерлер коштоп жүрөт. Ал өзү милицияда кызмат өтөйм деп ант берген, жетекчилик курамга чейин жеткен киши. Өзү башкалардын баарын күнөөлөп кайрылып жатат, бирок анын таза эмес экенин мен эле эмес, жалпы коомчулук көрдү да. Мыйзам чегинде бардык чаралар көрүлөт. Бул кылмыш ишинин тергелиши ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Тапшырма берилген, баары адилет, кылдат териштирилип, сот органдарына өткөрүлүп берилет. Ошол жерден мыйзамга ылайык ар кимдин жоопкерчилиги каралат. Кармалган кызматкерлердин баары убактылуу кармоочу жайларда кармалып турат. Ал жердеги камералардын баары санариптешкен. Күзөт нөөмөтү күнү-түнү карап турат. Ошол эле кезде ИИМдин жетекчилигинин дагы караганга мүмкүнчүлүгү бар. Кимдин канчалык күнөөсү бар экенин убакыт көрсөтөт", - деди Сейитов.

Интернетте тараган видео

20-ноябрда социалдык тармактарда Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео тараган. Анда жарандык кийимчен Абдисатар уулуна түспөлдөш кишиге милиция формачан адамдар акча берип жатканын көрүүгө болот. Абдисатар уулунун иниси Азамат Алтымышев ал акчанын кайсы бир бөлүгү милициядагы курулуш, оңдоо иштерине, кайсы бир бөлүгү жетекчиге берилип турганын айтып жатат.

"Алардын баарын башчысына берчү экен. Ич ара өздөрүнүн дагы чогултмай акчалары бар экен. Ремонтко деген акча болгон. Ошолордун баарын булар "пара" деп чыгарышкан экен да. Анын баары кагазга жазылып, тизмеси бар дейт. Ошо оңдоп-түзөгөнгө, райондук милициянын алдындагы торчолорго, ажаатканалардын эшигин алмаштырганга деп беришкен экен. Параны башчысына да алып барып берип турчу экен. Ал "мен качпайм, ушунун баарын толук айтып, маалымат берем, чындыкка жетем" деп барган ".

Буга чейин Абдисатар уулу баштаган бул аймактык милиция бөлүмүнүн бир канча кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, Ноокат милициясынын ошол маалдагы жетекчиси Талгат Өскөналиев тууралуу айтып чыгышкан. Анда райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен мындан ары иштеше албасын айтып, аны басым-кысымга, уставга жат мамиле, ишке айыпташкан. Өскөналиев алардын айткандарын жалганга чыгарган.

ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында Абдисатар уулу ички иштер органдарындагы кызматтан алынган. Райондук милициянын башчысы Өскөналиев ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган. Анын эки орун басары, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, коомдук коопсуздук кызматынын дагы бир инспектору да кызматынан төмөндөтүү менен алынган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурланбек Буркановго, орун басарларына жана бир катар жооптуу кызматкерлерине эскертүү жана сөгүш берилген. Чуулгандуу тасмадан улам Ноокат милициясынын беш кызматкери жана Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы камалган.

Аргасы кеткенден кийинки кадамбы?

Милиция кызматкерлеринин, айрыкча жетекчилик орунда тургандардын ачык видео кайрылуу менен чыккан учурлары өтө сейрек кездешет. Жарандык активист Урмат Казакбаевдин баамында, милициянын майорунун кайрылуусу анын аргасы кеткенден кийинки кадамы болушу мүмкүн. Азыркы ички иштер органдарында кызматкерлердин өз укугун коргоого шарт түзүлгөн эмес.

"Милиция кызматкерлеринин баары эле ишке киргенден кийин анын ичиндеги жазылган жана жазылбаган эрежелерге макул болуп иштешет. Бул кызматкердин ачык кайрылуу менен чыкканы, менимче ошол жерде кандайдыр бир адилетсиздик болгонун билдирет. Тажап, максаты ишке ашпай, айласы жоктон айтып чыкты го деп ойлойм. Биздин тажрыйбада биздин билишибиз боюнча ушинтип кайсы бир маселени ачык айтып чыккан кызматкердин келечекте милицияда иштеши кыйын, мүмкүн эмес болуп калат. Аларга милициянын эшиги дээрлик жабылат. Андай кызматкерлерди жаман көрүшөт деп айтышат. Биздин милициянын иштөө ыкмасы союздан калган. Ал жерде ар бир кызматкер эле өз укуктарын коргой албайт. Эгер кайсы бир кызматкердин укугу тебеленип калса, ал өзү жалгыз эч нерсе кыла албайт. Ошол жакка баш ийип эле, баары карышкыр болсо карышкыр болуп, баары мышык болсо, ал дагы мышык болуп иштей берет".

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 27-ноябрда Абдисатар уулунун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG