Коргоо министрлиги аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, материалдар Аскер прокуратурасына берилгенин билдирди.
Бул окуя аскер бөлүктөрүндө токтобой келаткан өкүмзордук, жаңы баргандарга үстөмдүк кылуу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек.
"Сержант түз тургула дегенде, мен аны бир карап койгом. Эмне карап жатасың, түз тур дедим эле го, түз тура албай жатасыңбы деди. "Никак нет" дегенде эле кекиртектен кармап кир кургаткан бөлмөгө кирчи деди. Ал жактан биринчи жолу төшкө тепкенде эле башым караңгылашып кетти. Кийин кайда тепкенин байкабай, сезбей калдым. 15-ноябрь болчу, эртеси шайым ооп, температурам көтөрүлүп кетти. Дааратканага барсам, кан аралаш заара чыкты".
Улуттук гвардияда кызмат өтөп жатканына 1,5 ай гана болгон 18 жаштагы Эрик Шаршенбаев ур-токмокко кабылып, ооруканага түштү.
Окуя болордон бир апта мурда эле ант берип, аскер билетин алганда кубанычы коюнга батпаган жоокер көп өтпөй минтип ооруканага түштү. Төшөк тарткан уулун көргөн сайын энеси алапайын таппай турганын айтууда.
Айнура Кыдырбаева баласы армияга барарда тыкыр текшерүүдөн өтүп, ооруган жери болбогонун белгилеп жатат. Ал өлкө жетекчилерине кайрылып, бул маселеге көңүл бурууга чакырды:
"Ант берүүгө келгенде балам күлүп-жайнап сонун эле тосуп алды. Сонун жер экен, тамак-ашы дагы жакшы экен деп кубанып, мактап, биз дагы сүйүнүп кеткенбиз. 22-ноябрда чалып өпкөмдү, бөйрөгүмдү текшерткенге деп акча сурады. "Суук тийгизип алган окшойм, бөйрөгүм ооруп, кан сийип ооруканадамын" деди. Дарысына улам акча салып жаттык. Келбей эле коюңуз деди, ошол учурларда аба ырайына байланыштуу жол дагы жабылып калган. Аны күткөнчө эле ооруканада чогуу жаткан ата чалып, "бала керекпи силерге, абалы оор, ичи менен дем алып жатат" деди. Келип көрсөк, чындыгында эле мууну бошоп, аябай кыйналып калыптыр. Чыныңды айтчы, эмне болду деп ыйлап сурадым. Ошондо гана эки сержант кир кургаткан бөлмөгө алып кирип алып төшкө, анан беш-алты жолу ичке тепкенин айтты. Андан кийин дагы эшикке алып чыгып чуркатып, кайра тээп ушундай кылышкан окшойт. Өзүмдүн апам дагы келген, башка ооруканага дагы барып текшерттик. Ал жактагы догдур табарсыгы жарылып, бөйрөгү чачырап кеткен өңдүү деди. Ошондон кийин эле өзүмдү жаман сезип, жыгылып калыптырмын. Биз келгенден кийин, "кечирип коюңуз, бизден кетти" дешип, баламдын чоңдору дагы келишти. 18 күн болуп атат, күчтүү дарыларды алса дагы абалы жакшы эмес. Оорукананын башкы дарыгери бөйрөгү сезгенип калыптыр (пиелонефрит) деп айтты. Бул суук тийип, өтүшүп кеткенде, бойрөккө катуу күч келгенде пайда болчу оору экен. Балам жаш болсо, суукка калбаса, жаңы эле армияга келсе, кандайча андай ооруп калат? Эч кимге арыз жазган жокпуз, сабагандар деле баламдан бир-эки жаш улуу балдар экен".
Эрик Шаршенбаев жети бир туугандын улуусу. Ал эл-жерин коргоп, борбордо мамлекеттик тууну кайтарууну бала кезинен кыялданчу экен. Аны эки сержант эмне себептен урганын, мурда деле ошол жайга алып кирип башкаларды сабаган учурлар болгонун айтып берди:
"Заарам кан аралаш чыкканда деле тамак-аштан деп түшкө чейин жүрүп алдым. Чогуу кызмат өтөгөн балага көрсөтсөм, сенин бир жериң ооруп жатыптыр деп, санитардык бөлүмгө барып көрүнүп келгем. Ротага келип жатып, эртеси жыйып-терип жатканбыз. Балдарга ооруп жатканымды айтып, бир аз жардамдашып, отура калып аткам. Биздин дагы бир сержантыбыз бар, мен анын сейфин карачумун. Ал мага ачкычты эч кимге бербе деген. Башка сержант келип ачкычты сурады. "Менде эмес" дедим. Ал "сага бербе деген да ээ?" деди. "Так точно" дедим. Ошондон кийин эле "бетти тос" деп, жаакка чапканда, көзүм караңгылашып кетти. Ошондо дагы баса албай жатасыңбы деп жамбашка тепти".
- Бул окуяга чейин дагы уруп-сабаган учурлар болду беле же көрдүң беле?
- Ушундай мамиле болчу, ушундай болот экен.
Эртеси жоокер санитардык бөлүмгө, кийин Аскер госпиталына барып жатып, шишиги тарабай, жакшы болбогондон кийин беш күндөн кийин Улуттук госпиталга которулган.
Эрик Шаршенбаевдин шишиги тараганы менен, кан басымы түшпөй, бөйрөгү, бели ооруп баса албай жатыптыр.
Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалап жатышат. Нефролог Искендер Рыскулов жоокердин абалы тууралуу мындай деди:
"Бейтап бизге 21-ноябрда кайрылган. Башында денеси шишип, заарасынын өңү өзгөрүп, алсыз болуп жатканына арызданган. Бизге суук тийгизип, ошондон кийин ооруп калганын айткан. Аскер госпиталдан дарыланып, ал жакта натыйжа болбой фельдшер менен чогуу бизге келген. Келгенде бөйрөккө күч келген жок беле, сокку болгон жок беле деп сураганбыз. Өздөрү алып келген, биз тапшырган анализдерин карап, бөйрөктүн өнөкөт оорусу, гломерулонефриттин курч түрү, нефротикалык синдром, артериялык гипертензиянын 2-даражасы деп диагноз койгонбуз. Урологдор оң бөйрөгү жабыркагынын белгилешкен. Ал сабалганын бизге төрт күндөн кийин гана айтты. Азыркы абалы орточо оор, алгачкы келгенден жакшы, шишик кетти. Бирок заарасынын түсү өзгөрүп, бели ооруп жатканын айтып жатат. Азыр дарыланып, көзөмөлдө".
Коргоо министрлиги Улуттук Гвардияда кызмат өтөп жаткан аскердин аёосуз сабалганы боюнча 2-декабрда маалымат берди. Мекеме бул окуяга байланыштуу Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын командачылыгы алдын ала кызматтык иликтөө жүргүзүп, тергөөнүн материалдары Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүп берилгенин билдирди.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Шаршембиевдин эмне себептен мындай абалга келгенин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалганын "Азаттыкка" билдирди.
"Учурда аталган окуя боюнча тиешелүү тергөөгө чейинки текшерүү амалдары улантылууда, анын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык мыйзамдуу чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.
Бул армияда сабалып, ден соолугунан жабыркаган биринчи учур эмес. Эрик Шаршенбаевдин токмоктолуп ооруканга түшүшү аскер бөлүктөрүндө токтобой келаткан өкүмзордук, жаңы баргандарга үстөмдүк кылуу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Бул маселени учурда Акыйкатчы институту өз көзөмөлүнө алып, мекеменин эксперттери жоокерден кабар алышты.
Башкы укук коргоо мекемесинин эксперти Мэлор Мойдунов аскерлердин абалына жыл сайын мониторинг жүргүзүлүп турарын "Азаттыкка" белгиледи. Анын айтымында, быйыл жарым жылда Аскер госпиталына ар кандай жараат алган 600дөй учур катталган. Эксперт алынган маалыматтарга таянып, мунун болжол менен 10% армиядагы уруп-согуу же чоңсунуунун кесепети деп божомолдойт. Ал жоокерлердин армияда сабалышы көбүнчө ачыкка чыкпай, жашыруун каларын белгиледи:
"Чоңсунуу армияда жок деп айта албайбыз, бар. Бул маселени биз толук кыскартып же жоюп жибере элекпиз. Көп учурда жашыруун эле кала берет же жабырлануучу менен өз ара келишип алган учурлар болот. Коомчулукка жарыяланып, резонанс жараткан учурларда гана белгилүү болгону дагы бар. Бул көйгөйдү кыскартуу же жоюу үчүн мыйзамдар иштеп, Коргоо министрлиги, прокуратура жана биз өзүнчө комиссия түзүп, алдын алуу иштерин көбүрөөк жүргүзүшүбүз керек".
Буга чейин Акыйкатчы институтунун демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ соңку беш жылдын ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеген. Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, тажрыйбаны изилдеп чыгып, укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу демилгесин көтөргөн.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова аскер бөлүктөрүн жабык жайлардын реестрине киргизүүнү сунуштайт:
"Адам каалаган убакта ал жерден чыга албаса, каалагандар кире албаса, демек, ал жер жабык жай. Ошондуктан бул жерге көзөмөлдү күчөтүп, байкоо жүргүзүп туруу керек. Экинчиден, бул Аскер прокуратурасы ушундай иштер боюнча абдан солгун иш алып баргандыктан болууда. Аскер бөлүктөрүндөгү медицина кызматкерлери өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылганы дагы бул маселенин жоюлбай жатышына себеп болууда. Эң биринчи ошолор жана аскер бөлүктүн командирлери Аскер прокуратурасына маалымат бериши керек. Иликтөө иштер изин суутпастан жасалууга тийиш. Ушинтип унутта калган учурлар көп".
Армияда кызмат өтөп жаткандардын арасында чоңсунуу көйгөйү чечилбей жатканы көп айтылып жүрөт. Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар орун алган.
Шерине