29-ноябрь түнү башталган сот процесси түнү бою жүрүп, чечим 30-ноябрь эртең менен жарыяланды. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалат.
Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин адвокаты Матцаковду күч кызматтары 29-ноябрда кармаган.
Самат Матцаковго Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен иш козголгону сотто маалым болду.
Адвокаттар тергөөчүдөн 379-берене менен кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон документти сотто көргөзүүнү талап кылып, судья аны алып келүүгө тергөөчүгө жарым саат убакыт берди.
Матцаковдун адвокаттары ишти караган судья Миран Шерматовго ишенбөөчүлүк көрсөткөн, бирок өтүнүч четке кагылды.
"Баары жакшы болот, күрөшөбүз", - деди Матцаков залда турган журналисттерге.
Сот имаратына журналисттерден тышкары Матцаковдун кесиптештери, 50гө жакын адвокат келгенин "Азаттыктын" жеринде жүргөн журналисти кабарлады. Алардын 30га жакыны Матцаковдун сотто кызыкчылыгын коргоо үчүн ордер берип, бөгөт чарасын кароого катышты. Адвокаттар козголгон иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышты.
Алар мунун алдында иште жабырлануучунун арызы жана шектүүнү суракка алуу протоколу жок экенин айтып, ошол документтерди көрсөтүү өтүнүчүн келтиришкен. Судья бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.
"Мен кармалышымды адвокаттык ишмердүүлүгүмө байланыштырам"
Адвокат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, "алдамчылык" беренеси менен иш козголгонун "Азаттыктын" кабарчысына билдирди.
"Алдамчылык менен иш козгоп, бирок Ташовдун ишине байланыштуу диктафон жана төрт дискти алып кетишти. Мен кармалышымды адвокаттык ишмердүүлүгүмө байланыштырам. Мага каршы илинчек издеп атканы белгилүү болчу. Өткөн жумада эле "алдамчылык" беренеси менен иш козгошкон. Бирок бардык жарандык келишимдер бар. Иш козгой тургандай негиз жок".
Матцаковду күч органдарынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алып кетишти.
Ага Нурсултан Жаныбеков жактоочу болот.
"Азыр өзүнө шектүү экенин угузушту. Соттун токтому жок эле да. Тергөөчү шашылыш эле бир токтом менен келди. Алдын ала маалыматтар боюнча менчикке каршы кылмышка шек санап атышат, алдамчылык дешип. Бирок өзүнүн айтымында, эч кандай алдамчылык фактысы болгон эмес. Үйүн тинткенде Ташовго байланыштуу дисктерди алып кетти", - деди ал.
Жаныбеков өзү да суракка чакырылып жатканы тууралуу буларды айтты:
"Эртең менен Матцаков менен суракка чогуу кирмекпиз. Бирок сүйлөшкөнгө жетишпей калдым. Азыр эч нерсе билбейм. Биз эми жактоочубуз да. Элдин душманы эмеспиз, элге каршы чыкпайбыз. Мыйзамга каршы иштебейбиз. Мыйзам алкагында өз ишмердүүлүгүбүз менен алектенсек, эмнеге мындай кылып жатышат билбейм. Ыкчам кызматкерлердин айрымдары "Журналисттерге эмнеге чалдыңар?" деп атырылышты, эмне дегенин айтпай эле коеюн. Азыркы кармоолордун биздин ишибизге тиешеси барбы деп ойлоп жатам".
28-ноябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулова тергөө абагында жаткан ишкер Ташовдун 26-ноябрда жазган катын Фейсбукка жарыялаган.
Катта ишкер анын укугун коргоп жаткан адвокаттарга басым-кысым болуп жатканын билдирип, башкы прокурорго, акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылган.
38 жаштагы Самат Матцаков Кыргызстан эл аралык университетинде юриспруденция адистигин бүтүргөн. Магистратураны Юридикалык академияда окуган. 2010-жылдардан бери юрист катары адам укугу, кыйноолорго каршы жаатында бир топ долбоорлордо иштеп келет. Матцаков адвокат катары өлкөдөгү жарандык активист, саясатчы, журналисттердин укугун коргогон. Ар кандай долбоорлор менен жарандарга юридикалык кеңеш берет.
“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова адвокаттын камалышына мындай баа берди:
“Авторитардык өлкөлөрдүн тажрыйбасында саясатчыларды, журналисттерди, адвокаттарды кармашат. Ошондуктан менде чочулоо бар. Анткени Матцаковдун көзөмөлүндө бир топ иштер бар. Ошол эле Актилек Капаров, Аскат Жетиген бар. Тергөөдөгү туура эмес иштерди да айтып жүрөт. Өзү билимдүү, мыйзамдуулукту жакшы түшүнгөн жигит”, - деди Абдирасулова.
Саясат талдоочу Руслан Акматбек Фейсбук баракчасына адвокаттын кармалышын укукка карата чабуул катары баалады.
"Журналисттер камалганда, сөз эркиндиги чектелгендей эле кеп. Укуксуз, өз оюн эркин айта албаган коом эмне кыйратып, кантип өнүкмөк эле? Элестетсеңиз бир үй-бүлөдө балдарыңыз коркок, өз укугун билбей, оюн айта албай, жалтаңдап, эки жүздүү болуп кошоматтанып турса... Алардын келечеги кандай болот? Ким пайда табат? Кимге жакшы? Ким утат? Журналистин, активистин, адвокатын камап, коркуу атмосферасын түзүп, эркиндикти чектеп, анан гүлдөп, жыргап кеткен өлкө көрө элекмин деги...".
Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун коргойт.
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Ал кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.
Атайын кызмат Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.
Шерине