Казакстандын Актау аймагында учагы кыйраган Azerbaijan Airlines компаниясы учактын кыйроосуна “сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү” баштапкы себеп болгонун билдирди.
Кырсык
ишемби 28 Декабрь 2024
Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учактан аман калгандардын абалы тууралуу маалымат берилди. Кечээ, 25-декабрда 29 киши ооруканага түшкөн, алардын үчөө кыргыз, тогузу орус, 16сы азери жараны. Ооруканага жаткырылгандардын 11и жандандыруу, 13 киши травматология бөлүмүнө жаткан. “Азаттык” кырсыкка кабылган учактагы жүргүнчүлөрдүн бири, кыргызстандык Тилек Осмоновго байланышты.