Биздин аңгеме баяныбыздын мурдагы бир берүүсүндө таланттуу жазуучу Айдарбек Сарманбетовдун "Малкиши" деген баянын айтып бергенбиз.
Көргөн-бакканы телефон болуп, анын туткунунан чыга албай калган бир шордуунун баянына токтолгонбуз. Ыраматылык Касым Сулаймановдун алдыда сөз болчу аңгемесинде биздин учурдун өзгөчө маанилүү көйгөйү козголгон.
Ата-энеси жалгыз кызынын көзүн карап аябай эрке өстүргөн. Анысы эрке кыз күйөөгө чыкканча билинбеди. Турмуш эркеликти көтөрө албайт экен, анын катаал сабагын жаш адам аңдагыча кыйла убакыт колдон суурулуп өтүп кетти. Жашоо-тирдик эрке кыз эсине келсин деп күтпөйт, түшүнгөндө кеч болуп калган.
Эркетай
Жаңы доордо чөнтөктөн түшпөгөн телефон ушунчалык өтүмдүү, кары-жаш дебей элдин баарынын колундагы аялуу буюмга айланары эч кимдин оюна деле кирбесе керек.
Асылкандын качан, кантип телефонго байланып калышынын татаал тарыхы деле жок. Ата-энеси жөнөкөй, анан да бардар кишилер. Келинчеги кыйла жыл боюнда болбой, үй-бүлөлүк мамиле арасат боло баштаганда төрөлгөн Сонунбүбүнүн тун кызы.
Көптөн күткөн наристенин келиши ата-энесине кандай кубаныч тартуулаганын сөз менен жеткириш кыйын. Келинчеги кош бойлуу болгончо Кадыр башка аял алсамбы деп ойлоп, тымызын жаш кыздарды караштыра баштаган. Анан ушул Асылкан жарык дүйнөгө келип, артынан үч кыз, бир уулдуу болушту. Үй толо балдар бир тең, зарыгып көргөн тун кызы баарынан жакыны, жолдуусу болчу.
Ата-энесинин үстүнө үйрүлүп түшүшүн кадыресе көрүнүш катары эсептеген Асылкан кичинесинен чыргоо, ыйлаак, өзүмчүл болуп чоңойду. Ойноп аткан балакайлар менен урушуп кетсе, апасы келип асылын капа кылгандардын катыгын берчү. Сонунбү кийин кызы мектепке барганда мугалимдерге сес көрсөтүп, эрке кызын урушуп койгондордун артынан калчу эмес.
Соттотуп жиберем деп, колун серелеп, ачуусун кармай албай калчу. Байкуш мугалимдер кызына болушчаак ата-энеге теңелбей, эрке талтаңдын жосунсуз жоруктарын билмексен-көрмөксөн болуп, Асылкан мектепти бүткүчө эмне кылса да унчукпай, жок жерден чуу жаратчу ата-энеге теңелишпеди. Асылкан 7-класска көчкөндө ата-энеси телефон алып беришкен, ошону менен сабак да калып, эрке талтаңдын колунан түшпөгөн эрмеги башталды.
Кызымды эмнеге уруштуң деп ата-энеси буракандап мектепке барбай, сөз укпаган тажаалдардын насыя жемесинен кутулган мугалимдер да тынчып, чөнтөк телефон жакшы ишке жарады.
"Ошол телефон менен көрүнгөн, көрүнбөгөн жак менен сүйлөшүп, ошону чукулап эрмек кылып орто мектепти бүткөн болду. Кийин чоңойгондо ден соолугу жакшы болуп, сулууча келген ак маралдай келбеттүү кыз болду. Кадыр кызына чоң ишеним менен карап университетке чет тилдер факультетине жайгаштырды. Асылкан бир да сабакты өздөштүрө албады. Жазган жазууларын адам окуп болбойт. Орто мектепти сабатсыз бүтүргөнү билинип калды, Кадыр менен Сонунбү "начар окуткан" деп мугалимдерге доо коюп жүрдү.
Асылкан бат эле окуудан чыгарылды. Эки-үч жыл үйүндө бош жүрдү. Күндөрдүн биринде кокустан эле бир жигит менен таанышты. Ага чейин Асылканды тааныган бир да жигиттин көңүлү түшпөдү. Асылкандын келбети келишип сулуу болуп чоңойсо да, аны тааныгандар ыйлаак, эрке, сиркеси суу көтөрбөгөн жалакай, эңкейип жумуш кылбаган жалкоо катары билишер эле. Ары анын апасы Сонунбү да кызына ашыкча болушчаак, суук тилдүү экени белгилүү болчу. Асылкандын эрмеги чөнтөк телефонду кечке чукулап "агентке" кирүү эле. Андан кийин социалдык желелерде күнү-түн тынбай ар ким менен мааниси жок сөздөрдү сүйлөшүп, күн өткөрүп жүргөндө эми жаңы таанышкан жигити эрмек болуп калды".
Асылкандын телефондон тапкан жигити деле алыс жерден эмес тура. Булардын айылынан отуз чакырымдай алыс, мектепти бүтүп эле Орусияга барып кара жумуш кылып жүргөн жигит болуп чыкты. Курулушту өздөштүрүп, ыңгайы келсе айылдан кыз таап үйлөнүп, жашоо-тирдигин орус жеринде өткөрүүнү чечкен жигит максат-мүдөөсүн жашырбай айтып берди. Аты Асан, келинчегин иштеген жерине алып кетерин билдирип, ошол жерден экөөлөп жашоо-тирдигин жөндөрүн ырастады. Мунусу Асылканга жакты, тие турган күйөөсү көп акча таап келсе, Асылкан кымбат кийимдерди кийип, жапжаңы машиналарда чалкалап, жыргал турмушка азыр эле кирип барчудай толкундана баштады. Көрө элек, бет келип таанышып сүйлөшпөгөн жигитке берилип, окуудан куулуп, айылда атасыныкында отурганын жашырып койду.
Асанга телефондон таанышкан кызынын сулуулугу, сыр жашырбастыгы, жөнөкөйлүгү жакты. Баарынан да бир жерден чыгып калышканын айтпайсызбы?! Экөөнү тааныштырган телефон болгон сырдын баарын ортого жайып, биринин экинчисине деген ыкласы кыска сүйлөмдөргө батпай, узун-узун маектер ышкылуу жигит-кызды көп жылдан бери чогуу жүрүшкөндөй сырдакана, жакын кылып жиберди. Асан буга чейин жигит дегенге колун карматпаган уяң кыздын акылына таңданды, жакынкы эле айылда жашаган периштедей сулуу кызды мурда көрбөгөн жигиттердин сокурлугуна табасы канды, кыска сүйлөмдөргө катылган улуу сезимге арбалып, сүрөттөгү бар тарабы келишкен селкиге алыста жүрүп эле сугу артып, качан жолугар экенбиз деп дегдей баштады.
Алыстан жанган ышкы
Бу алоо сезим телефондо деле "дүрт" этет турбайбы, колу бошосо эле сөздөрү бүтпөгөн экөөнү мына бул алакандай буюм ушунчалык ысык, жакын кылып койгонун өздөрү да сезбей калышты. Сулуу кыздын ушунчалык сезимтал, жароокер, эстүүлүгүн кыска билдирүүлөрдөн, ар кыл белгилерден, анын уккан адамды өзүнө тартып алчу керемет үнү – баарысы Асанга жагып, өзүн коёрго жер таба албай жүрдү. Жаңы кылым, жаңы доор, бири орустун суук жеринде кажынып иштеп жүрсө, экинчиси ата-эненин мамык төшөгүндө керелден кечке интернеттен башы чыкпаган эрке селки. Экөөнү жаңы кылымдын керемет техникасы жуп кылып койду. Асылканга Асандын суукка кайыл болуп иштеп акча тапканы жагарын жаңы таанышканда эле шардана кылган. Телефонду кадалып карап отуруп тапкан сөздөрүн алыстагы жигитине жиберип, анын куулук-шумдук кошулбаган сырларын укканда кадимкидей толкунданып, капыс келген бактысына ыраазы болуп калчу.
"Аны менен өтө эле этият, ката кетирбөөгө аракеттенип сүйлөштү. Акылдуу ойлорду айтууга аракеттенип, өзүн дегеле турмуштун бардык тарабын билгендей кылып көрсөттү. Бүгүнкү заманда ошондой кылып Орусияда иштеп, жашоого каражат табуу эң туура чечим экендигин айтып, анын бул оюна кошуларын билдирди. Асанга жагынуунун бардык амалдарын изденди. Асан өз ичинде бул акылдуу сулуу кыздын башы бош экенине аябай сүйүндү. Асылкан Асандын айткандарынын бардыгына макул болду. Бирок ата-энеси уруксат берсе гана Асандын ойлору ишке ашарын айтты. Өмүрлүк түгөйүм сендей жигит болсо бул дүйнөдө арманым жок эле дегенге чейин барды. Асылкан Асанды бардык жагынан арбап алды. Асан Асылканга тунук сүйүүсүн арнагандыгын айтты. Асылкан экөө үйлөнүшсө, өмүрү өткөнчө Асанга ак кызмат кыларын билдирди. Экөө бири-бирисиз жашай албай калышты.
Асылкан Асан жөнүндө апасына толук айтып берди. Сонунбү кызынын айтканына төбөсү көккө жетип сүйүндү. Бирок кызы үй-бүлө курууга такыр даяр эмес эле. Сонунбү кызынын келечекте бактылуу болушу үчүн үй-бүлө куруп жашоого үйрөтүү жагын эч колго албады. Жалаң кызынын аман-эсен чоңоюусун тиледи. Эси болсо башына келгенде өзү үйрөнүп алат деген ойдо болду. Аны бардык кыйынчылыктан коргоп, суук абаны да ыраа көрбөдү. Тим гана кызынын бактылуу болушун кудайдан тиледи. Бардык нерсеге жөндөмдүү кылып тарбияласа гана кыз бала болорун туйбады. Асан менен Асылкан баш кошууга шерттешти. Асылкан бактылуу Асанга турмушка чыгууга макул болгонун апасына ачык эле айтып салды".
Эрке кызынын таламандын тал тушунда күйөөгө тиерин жарыя кылышына апасы ишенип-ишенбей, отургузуп алып баарын кайталап сурады. Кызы күйөөгө тиерин, сүрөтү эле болбосо өзүн көрө элек жигитке башын байлоого даяр экенин укканда бир алдын чочуп, анан өзүнө келди да, эркесинин чекесинен сүйүп баланын ата-энеси булардын алдына келип кудалыктын жол-жобосун жасашы керектигин билдирди. Кызынын ойлогону атасы окшойт, "бизди айнытып жибербесин" деп ийди. Негизги иш бүттү, калганын апасы жайгарат, атасын көндүрөт, калың, сеп-меп дегендерди жасайт. Асылкан бөлмөсүндөгү чоң күзгүгө келип жаңы кийимдерин биринен сала экинчисин кийе баштады. Күзгүдөн аны жаштыгына сулуулугу келишкен бир жан карап турду. Табияттын кеңпейилдигине рахмат, ушунча сулуу жаралган кызын бөпөлөгөн ата-энесине бали! Кыздын кыялы көкөлөп, булут аралап кетти.
"Эми ЗАГСка кийүүчү ак көйнөктү кийгендеги өзүнүн келбетин элестетти. Анын аппак жүзүнө чачынын жасалгасынын жарашыгын айтпа, тим эле узун солкулдаган ак көйнөктү кийгенде ак куу болуп ак булуттун арасында учуп жүргөндөй болду. Асылкан эшикке чыгып асманды да тиктеди. Асманда ак булуттар каалгып түндүк жакты карай сүрүлүп баратыптыр. Ошол ак булуттун арасында учуп баратты. Булуттарды узатып карап туруп анан селт этип жерде турганын сезди. Жаштык жана романтикалык кыял ушунчалык күлүк белем Асылкан учуп жүрүп кайра көз ирмемде жерде болуп калды. Асманды тиктегенде шамал анын чачтарын желпилдетип сапырып турду. Асылкандын капкара чачы да узун болчу. Сонунбү жашынан анын чачына өзгөчө камкордук кылып жууп берип жүрөт. Ушул убакка чейин бир жолу да чачын өзү жууп өрбөптүр. Ал көп учурда чачын жуугандан кийин кургатып аны өрбөстөн тегиз тарап туруп артына таштап коё берет. Асылкандын чачы далысын жаап селкилдеп жүргөнү жүргөн. Асан Асылканды маңдайына бүткөн бир перисиндей көрөт.
Анын бардык кыймылы, сүйлөгөнү төп келишип, жарашып турганын байкайт. Аны ичинен кир жугузбай баккысы келет. Асылкан менен таанышкандан бери Асан да өзү боюна карап жарашыктуу кийинип, узун бойлуу кең далылуу болгондуктан, кыздар суктанарлык келбеттүү жигит болуп көрүнүп калды. Асан кудайдан: "Асылканды менден мурда бирөө алып качып кетпесе экен",- деп тиледи. - Тойду да кечиктирбей, тез арада өткөрөлү деп атасы менен апасына айтсамбы,- деп да ойлоду".
Ошондон көп өтпөй Асылкандын ата-энеси той камын көрүп, кудалары менен кездешип, эки үйдө камылга катуу жүрдү. Тез эле той өтүп, атасынын үйүндө телефон чукуп отурчу сулуу кыз бирөөнүн бүлөсү болуп калды. Алгачкы күндөрү жаш келиндин өз бөлмөсүнөн чыкпай, телефон менен отурушун күйөөсү, кайната-кайненеси жаш эмеспи, бара-бара кагылып-согулат деп, анча маани беришпеди. Бирок да Асылкандын сыртка чыкпай бөлмөсүндө такай телефон чукуп отурмайы күйөөсүнө жакпай, бир күнү экөөнүн ортосунда олуттуу кепке айланды.
Асан башында катуу кетпей, "экөөбүз тең телефон чукулап отуруп алсак, тамак-ашты ким таап келет?" десе, келинчеги: "сен да, сен телефон чукулап отурбайсың" деп айтпаспы. "Мени багам деп алгансың" деди. Жашаганына бир ай өтүп-өтпөй турмушка болумсуз кыз менен жигиттин келишпестиги билинип, анысы бир күнү Асылкандын апасына жетип, булкулдаган неме кызынын буюм-тайымын машинеге жүктөтүп үйүнө алып кетти. Арадан бир айдай убакыт өткөн соң Асылкан өзү Асанга телефон чалды. Анын айтканы менен болорун, кара жумуштан качпасын, эми баарына даяр экенин айтып үмүттүү күтүп турду.
Асылкандын андай сөзүнө Асан ишенбей, "телефонуңду чукулап отура бер" деп сүйлөшүүнү токтотуп койду. Кыз кийин да бир нече ирет телефон чалды, бирок жооп болбоду. Ошону менен виртуалдык дүйнөдөн табышкан экөөнүн мамилеси биротоло үзүлдү. Асылкан Асанга түшүнбөдү, урушпай-талашпай ушинтип ажырашып кетеби? Уруш-жаңжалды апасы салчу, Асылкан бирөөгө катуу айткан жан эмес, телефонду элдин баары эле колдонуп, колунан түшүрбөй жүрүшпөйбү? Ушундай да болобу деп таң калды.
Шерине