Бишкектин четиндеги Кашка-Суу айылында болгон жол кырсыгы бир үй-бүлөнүн тагдырын заматта өзгөрттү. Катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа жол четинде турган эне менен анын балдарын, сиңдисин сүзүп, беш адамдын өмүрүн алды.
Кырсык
АКШда төрт кишинин өлүмүнө айыпталган кыргызстандык айдоочу иштеген трак компаниянын иши токтотулду. Окуя федералдык деңгээлде иликтенип, айдоочуга күбөлүк берген окуу жайдын лицензиясы алынды. Америкадагы кыргызстандыктар ачкан трак компанияларды текшерүү башталды. “Азаттык” көп жылдан бери трак индустриясында иштеп жүргөн мигранттар менен байланышып, акыркы окуялар, анын кесепети, миграциялык саясат тууралуу маалымат алды.