Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Иранда порттогу жарылуудан каза болгондор 70ке жетти


Ирандын түштүгүндөгү Бандар-Аббас порт шаарына жакын жайгашкан Шахид-Ражаи портунда жарылуудан улам күйүп кеткен автоунаалардын жанында турган куткаруучу. 26-апрель, 2025-жыл.
Ирандын түштүгүндөгү Бандар-Аббас порт шаарына жакын жайгашкан Шахид-Ражаи портунда жарылуудан улам күйүп кеткен автоунаалардын жанында турган куткаруучу. 26-апрель, 2025-жыл.

Ирандын маанилүү Шахид-Ражаи портунда болгон катуу жарылуудан каза болгондордун саны 70ке жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. Ички иштер министри Эскандар Моменинин айтымында, 26-апрелдеги жарылууга "кайдыгер мамиле жана шалаакылык” себеп болгонун айтты. Жарылуудан жараат алгандардын саны 1000ден ашты.

Момени айрым “күнөөлүүлөр аныкталып, суракка чакырылганын” кошумчалады.

Порт жайгашкан түштүктөгү Хормозган провинциясынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Мехрдад Хасанзаде мамлекеттик телеканалга берген маегинде жабыркагандардын көпчүлүгү ооруканадан үйлөрүнө чыгарылганын билдирди.

27-апрелде Ирандын кризистик кырдаалдар боюнча уюмунун өкүлү Хоссейн Зафари жарылууга порттогу контейнерлерде химиялык заттардын туура эмес сакталгандыгы себеп болушу мүмкүн экенин айткан.

Айрым булактар тараткан маалыматтарга караганда, Иран февраль-март айларында бул порт аркылуу Кытайдан ракета даярдоодо колдонулуучу химиялык компоненттерди алып келген.

Ирандын Коргоо министрлиги ал жерде ракета үчүн жүк сакталган деген маалыматты четке какты.

The New York Times басылмасы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын булагына таянып, натрий перхлораты жарылганын жазды. Химиялык зат ракета майынын негизги курамын түзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG