Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Султанбай Айжигитов жубайы менен кошо УКМКга чакырылганын билдирди


Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

Жакында БШК депутаттык мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитов УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 29-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеодо билдирди.

Анда саясатчынын үйүнө УКМКнын кызматкери келип, жубайы экөөнү тергөөгө чакырганын көрүүгө болот. Тасмада өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган адам Султанбай Айжигитовдун жубайынын Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы кызматына орноштурууга байланыштуу Кылмыш кодексининин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш тергелип жатканын, анын алкагында Айжигитов жана жубайы көрсөтмө бериши керектигин билдирген. УКМКнын кызматкери делген адам Султанбай Айжигитовду күбө катары чакырып жатканын да кошумчалаган.

Бул иш боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети комментарий бере элек.

БШК 28-мартта Султанбай Айжигитовдун мандатын алган. Ал жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов Султанбай Айжигитовду 2021-жылы депутаттыкка талапкер кылып каттоодо “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам бузулганын айткан. Ал талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты бербей, жашырып койгон деп билдирген.

Султанбай Айжигитов соттуулугу жок экенин, анын мандаты саясий негизде алынганын билдирип, БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна даттанган. Бирок сотко чейинки териштирүү болушу керек деген жүйө менен арызын алган.

67 жаштагы Султанбай Айжигитов соңку окуяларды парламентте Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге каршы чыкканы менен байланыштырып келе жатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG