Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Украинанын аймактары дрон чабуулуна кабылды. Өлгөндөр, жараат алгандар бар


Украина. Орусиянын Днепротпетров облусундагы соккусунун кесепети. 29-апрель, 2025-жыл
Украина. Орусиянын Днепротпетров облусундагы соккусунун кесепети. 29-апрель, 2025-жыл

Украинанын Днепропетров облусунда Орусиянын дрон чабуулунда 12 жашар кыздын өмүрү кыйылды.

Дагы төрт киши, анын ичинде алты жашар бала жараат алды. Дрон чабуулу шейшембиге караган түнү болгонун Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак Телеграмга жазды.

Анын айтымында, дрон Самаровск районунда турак жайга тийген. Уранды алдынан үч киши менен бала тирүү чыгарылган.

Никополь районунда учкучсуз учактын соккусунда 47 жаштагы аял жараат алды.

Орусиянын армиясы 29-апрелге караган түнү Украинанын башкалаасы Киевге да дрондор менен сокку урду.

Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди.

«Деснянский районунда дрон калдыгынан эс алуу базасынын үч кабаттуу имараты күйүп кетти. Азырынча бир киши жараат алганы тууралуу маалымат түштү. Дарыгерлер ага жеринде жардам көрсөтүштү», — деди ал.

Орусия тарап комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG