Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Зеленский Путиндин үч күндүк элдешүү сунушун сындады


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 24-апрель, 2024-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 24-апрель, 2024-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия лидери Владимир Путиндин Жеңиш күнүнө байланыштуу согушту үч күнгө токтотуу сунушун катуу сынга алды. 28-апрелде Кремль тараткан билдирүүгө ылайык, Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу ок атышууну убактылуу токтотууну сунуштаган.

Зеленский бул сунушту шылдың катары кабыл алып, атышууну токтотууну күтүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты:

"Эмнеге баары 8-майга чейин күтүп, анан гана атышууну токтотушат? Болгону Путиндин парады учурунда тынчтык болсун деген шылтоо. Биз үчүн парад эмес, адам өмүрү кымбат. Атышууну токтотуу үчүн 8-майга чейин күтүүнүн эч кандай зарылдыгы жок экенине ишенебиз, дүйнө да ишенет. Бир нече күнгө токтотуп, кайрадан адамдарды өлтүрүп баштоонун эмне кереги бар? Ок атышууну жок дегенде 30 күнгө дароо, толук жана эч кандай шартсыз токтотуу керек".

Украин президенти ошондой эле АКШ тарабынан сунушталган ок атышууну токтотуу демилгеси дагы эле күчүндө экенин эске салды. Вашингтондун демилгесине украин бийлиги макул болгон. Ал эми Орусия ар кандай шарттарды коюп, азырынча четке кагууда. Ушуну менен соңку бир айда Кремль ок атышууну убактылуу токтотууну экинчи жолу сунуштап жатат. Буга чейин Пасха майрамын утурлай ушундай демилге көтөрүлгөн. Бирок анда эки тарап тең келишимдин шартын бузуп, ок атты деп бири-бирин айыптаган.

28-апрелде Украинада орус соккусунан каза болгон 17 жаштагы Даниял Худиянын тажыясы өттү. Ал Киевдеги ракеталык чабуулда набыт болгон. Бул чабуулда анын ата-энеси да каза тапкан. Жалпысынан 12 адамдын өмүрү кыйылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG