Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:00

Индия-Пакистан чыры курчуду. Ал эмне үчүн кооптуу?


26 адамдын өлүмүнөн кийин Пахалгам аймагына келген Индиянын аскерлери.
26 адамдын өлүмүнөн кийин Пахалгам аймагына келген Индиянын аскерлери.

Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелде кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин эки өлкөнүн алакасы курчуду. Абалдын чыңалышы согушка алып келиши мүмкүнбү?

Өзөктүк куралы бар эки каршылашты алыңыз. Тирешкен тараптар ортосуна согуш тарыхын жана ондогон жылдар бою козголоңдун очогу болгон талаштуу аймакты коюңуз. Бул чыңалууга жоочулардын жай тургундарга кол салышын кошуңуз.

Индия менен Пакистандын ортосундагы абал 22-апрелде Кашмир жана Жамму аймагында Индиянын жарандары каза тапкандан кийин курчуп кетти.

Индия Пакистанды транс-чек аралык терроризмди колдогону үчүн айыптаса, Пакистан өкмөтү 26 адамдын өмүрүн алган чабуулга тиешеси жок экенин айтууда.

Нью-Дели менен Исламабад ортосунда кырдаал курчугандан бери дипломатиялык жана соода байланыштары чектелди, башкы чек ара өтмөгү жабылып, бири-биринин жарандарына берилчү визалар жокко чыгарылды.

Кийинчерээк Пакистан өкмөтү Индиянын кол салуу үчүн жаза катары маанилүү дарыялардын агымын бууганын "согуш актысы" катары эсептерин жарыялады.

Пакистан 26-апрелде өлүмдү бейтарап иликтөөгө чакырып, "тынчтыкты жактай турганын" жана кайсы иликтөө болбосун кызматташарын билдирди.

25-апрелде индиялык жана пакистандык күчтөр эки тарап тең өзүнө таандык эсептеген талаштуу Кашмир аймагында экинчи жолу ок атышты.

Тарыхка карасак, Нью-Дели жана Исламабаддын бири-бирине каршы үч согушунун экөө ушул аймакта өткөн.

Чыңалуу курчуп тургандагы бул эпизод өкмөттөрдү Индия менен Пакистан кайрадан чыр-чатакка барышы мүмкүн деп чочулатууда.

Экөөнүн ортосундагы алака акыркы жылдары начарлап кеткенин төмөндөн билсе болот.

Кашмирдин Пахалгам аймагында эмне болду?

22-апрелде жоочулар талаштуу, мусулмандар көпчүлүктү түзгөн Кашмирде жай тургундарга кол салышкан.

Нью-Дели Гималайдагы табияты кооз Пахалгам шаарына жакын аймактагы чабуулду Пакистандан көргөнү менен ага эч кандай далил келтирген жок. Бирок мындан кийин Пакистанга каршы жаза чаралары күчөтүлүп, Исламабад ага контрчаралар менен жооп кайтарды.

Кол салуу үчүн жоопкечиликти өзүн "Каршылык Фронту" деп атаган белгисиз топ алган. Индия бийлиги болсо жоочулар пакистандык "Лашкар-и-Тайба" уюмунун мүчөлөрү экенин айтууда.

Исламабад кан төгүүгө тиешеси жок экенин билдирип, Индиядан ынанымдуу далилдерди талап кылууда.

Учурда кол салууга катышы бар үч шектүүгө издөө жарыяланды, анын бири Индиянын, экөө Пакистандын жараны экени белгилүү болду. Индиянын армиясы Кашмир өрөөнүндө аларды "издөө жана жок кылуу" операциясы башталганын жарыялады.

Чабуул Индия менен Пакистандын ортосундагы эскалацияны кантип чыңалтты?

Индия жана Пакистан Кашмирди 1947-жылы субконтинентти Британия бөлгөндөн бери талашып келет. Чек арадагы кагылышуулар Түштүк Азияда көп жылдан бери олку-солку абалдын себепчиси болгон.

Эки атаандаш Кашмир үчүн үч жолу согушкан, куралчан көтөрүлүшчүлөр үч жолу индиялык башкарууга каршы чыгып, Кашмирдеги мусулмандар көтөрүлүшчүлөрдүн же Пакистан менен аймакты бириктирүү керек, же өз алдынча мамлекет болуу керек деген талабын колдошкон.

Индия Пакистанды аймакта ондогон жылдардан бери зомбулукка шерик болгону үчүн айыптаса, Исламабад аны четке кагып келет. Бул жылдар аралыгында он миңдеген жайкын тургундар, көтөрүлүшчүлөр жана өкмөттүк күчтөрдүн каны төгүлдү.

Кашмирдин Индияга жакын бөлүгүндө жоочулардын акыркы ири кол салуусу 2019-жылы болгон, анда индиялык коопсуздук кызматынын ондогон өкүлү каза тапкан. Кол салуудан кийин Индия абадан чабуул коюп, ал масштабдуу согушка айланып кете жаздаган.

Пахалгамдагы чабуулдан кийин индиялык медиалар
премьер-министр Нарендра Модинин өкмөтүн кайсы бир деңгээлде жактаган жана өлкөнүн саясий бийлигинин Пакистанга сокку урууга ыктаганы тууралуу комментарийлерди бере баштады.

"Биз бул чатакты баштагандарды эле таап тим болбойбуз. Биз Индиянын жеринде мындай арамза аракеттерге баргандарды көшөгө артында тукургандар менен да эсептешебиз", - деп билдирди 23-апрелде Индиянын коргоо министри Раджнат Сингх.

Индия мындан тышкары 24-апрелден тарта абада жана деңизде аскердик окууларын баштады, аналитиктердин баамында, бул аскердик аракеттерге жол ачышы мүмкүн.

"Моди көптөгөн күтүлбөгөн кырдаалдарды, анын ичинде пакистан армиясынын сезилерлик мүмкүнчүлүгүн эске алышы керек", - деп жазды индиялык саясий аналитик Раджа Мохан Indian Express басылмасына.

"Бирок бүт өлкөнү селт эттирген чабуулдан кийинки нааразылыкты, кол салуудан каза тапкандардын Индиянын 15 штатынан экенин эске алганда премьер-министрдин айрым кооптуу кырдаалды изилдегенден башка аргасы жок".

Исламабаддагы Куэйд-и-Азам университетинин саясат талдоочусу Химаят Улланын пикиринде Нью-Дели дагы, Исламабад дагы келечектеги эскалациянын кесепетин түшүнүп турат.

"Андыктан толук масштабдуу согуштан качууга аракет кылышат, бирок Индиянын Моди башында турган өкмөтү элинин алдында айрым бир чектөөчү чараларга барышы мүмкүн", - деди Химаят Улла "Эркин Европа-Азаттык" радиосуна берген комментарийинде.

Индиянын суу келишимин токтоткону эмнеге кооптуу?

Чабуулдун эртеси Индия Инд дарыясын колдонуу боюнча 60 жылдык келишимди токтоторун жарыялады, суу ресурстарынын чектелиши эки өлкө ортосунда жаңы өрттүн тутанышына себеп болушу мүмкүн, анткени чыңалуу курчуп жатат.

Пакистан буга жооп катары Индиянын дарыянын агымын бууп же анын нугун бурган аракеттер "согуш актысы" катары караларын эскертти.

Суу боюнча келишим 1960-жылы Дүйнөлүк банктын ортомчулугу менен ишке ашкан, Инд дарыя эки тарап үчүн тең өтө маанилүү.

Пакистан бул маселеге "өмүр үчүн баалуу улуттук кызыкчылык" катары карайт, келишимге ылайык, 240 млн адамы бар өлкөнүн гидроэнергетикасы жана айыл чарбасы ушул дарыянын суусу менен иштеп келген.

Исламабад буга удаа 1971-жылы индия-пакистан согушунан кийин кол коюлган Симл келишимин токтото турганын эскертти. Бул куралдуу жаңжал Бангладештин Пакистандан бөлүнүп чыгып, көз карандысыз мамлекет катары түзүлүшүнө себеп болгон.

Симл келишимине ылайык, Индия жана Пакистандын ортосунда ок атышууну токтотуу линиясын бекитилген, бул аскердик чек аранын ортосунда Кашмир турат.

Мындан ары эмне болот?

Өкмөттөр жана аналитиктер өзөктүү куралга ээ эки кошунанын күтүүсүз чыңалган алакасына көз салып турушат.

Кашмирдеги ок атышуудан кийин Бириккен Улуттар Уюму тараптарды "сабырдуулукка" чакырды.

"Эки тарапты карманууга, биз көз салып турган окуялардын айынан кырдаалдын курчуп кетпешине кепилдик беришине чакырабыз", - деди 24-апрелде БУУнун өкүлү Стефан Дюжаррик.

Индия дипломатия айдыңында аракет көрүп, тышкы иштер министри Викрам Мисри 25 мамлекеттин, анын ичинде G20дагы өнөктөштөрүнүн, Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жана Пакистан менен тыгыз кызматташкан Кытайдын өкүлдөрүнүн алдында брифинг өткөрдү.

Бээжинди кошкон бул ири формат өз жообун таразалап жаткан Индиянын глобалдык консенсус түзүү аракети катары каралууда.

Индия жана Пакистандын дипломатиялык алакасы чабуулдан кийинки чаралар жана контрчаралар башталганга чейин эле начар болгону дагы бир фактор катары каралууда. Нью-Дели 2019-жылы Кашмирдин жарым автоном деген статусун жойгондон кийин Пакистан Индиянын чабарманын чыгарып жиберип, өз элчисин бул өлкөгө жиберген эмес.

Исламабад университетинин профессору Халид Султан "Эркин Европа-Азаттык" радиосуна эскалация тобокелдиги жогору экенин, чыңалган абал кырдаалды чийинден күтүүсүз чыгарышы мүмкүн экенин айтты.

Бирок ал буга чейинки "эл аралык басым" Индия менен Пакистандын ачык согушун токтотуп калганын белгилеп, Нью-Делинин жигердүү дипломатиясы Индиянын жообу чектелүү экенинен кабар берип турат деген пикирде.

Индиянын күн сайын чыгуучу The Print гезитинин улуттук коопсуздук боюнча редактору Правин Свами "Эркин Европа-Азаттыкка" Нью-Делинин жообу башка өкмөттөргө жана коомчулукка бөлүшкүдөй ынанымдуу далилдерге жана илинчектерге жараша аныкталарын айтты.

"Эгер Индия "Лашкар-и-Тайбанын" катышы барына далил тапса, кандайдыр бир реакция болот. Ансыз сокку уруу же согуш баштоо мүмкүнчүлүгү чектелүү", - дейт Свами.

Рид Стэндиш жана "Машаал" радиосунун редактору Дауд Хаттактын макаласы англис тилинен которулду.

Макаланы Санжи Туйтунова кыргызчалады

Шерине

XS
SM
MD
LG