Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Дубайда жапырт мушташтан кийин Өзбекстандын 15 жараны кармалды


Дубай. Иллюстрациялык сүрөт.
Дубай. Иллюстрациялык сүрөт.

Дубайда жапырт мушташтан кийин Өзбекстандын 15 жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.

"Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын жана Өзбекстандын 15 жараны кармалганын билдирди. Соңку учурда өзбек жарандарынын арасында мыйзам бузуу көбөйүп жатканы белгиленип, бул жагдай эки өлкө ортосундагы визасыз режимге таасир этиши мүмкүн экени айтылды", — деди Бурханов.

Мушташ тууралуу маалыматтардан кийин интернеттин өзбек сегментинде БАЭ бийлиги өзбекстандыктарга өлкөгө кирүүгө тыюу салды деген кабарлар тараган.

Бирок Бурханов бул маалыматты төгүндөп, Ташкент менен Абу-Дабиyby ортосунда визасыз режим күчүндө экенин билдирди.

2024-жылдын ноябрында Бириккен Араб Эмираттарында раввин Цви Коган киши колдуу болгон. Анын өлүмү боюнча үч өзбек жараны кармалган.

Бул окуядан кийин Абу-Дабиге 30дан ашуун өзбек жараны киргизилбей калганы тууралуу маалымат тараган.

2025-жылдын март айында Израилдин басылмалары расмий булактарга таянып, Когандын өлүмүнө айыпталган үч өзбек жараны өлүм жазасына тартылганын жазышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG