Түркияда түркмөнстандык эки оппозициячыл блогер 28-апрелде кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн редакциясы кабарлады. Маалыматка караганда, Алишер Сахатов жана Абдулла Орусов Түркиянын Синоп шаарында кармалган.
Сахатовдун жубайы Гулала Хасанова билдиргендей, күйөөсүн дүйшөмбү күнү эртең менен саат жетилер чамасында белгисиз адамдар кармап кетишкен.
Ошол эле күнү Абдулла Орусов полицияга да чакырылган. Полиция бөлүмүнө бара жатып, "Азаттыкка" берген кыскача комментарийинде ал мекенине депортацияланса, кесилип кетиши ыктымалдыгын айткан.
Түркмөнстандагы адам укуктарына көз салган Хельсинки фонду маалымдагандай, медициналык кароодон кийин Сахатов менен Орусов Анкарадагы депортациялык борборго жеткирилген.
Алишер Сахатов 2018-жылдан бери үй-бүлөсү менен Түркияда жашайт. Ал "Эркин көз караш" деген YouTube каналы аркылуу Түркияда жашаган түркмөндөрдүн көйгөйлөрүн чагылдырып, расмий Ашхабадды сындап келет.
Абдулла Орусов да социалдык тармактар аркылуу түркмөн аткаминерлеринин кемчиликтерин сындап жүрөт.
Соңку жылдары Түркияда жашаган түркмөнстандык оппозициячыл активисттерге жергиликтүү полициянын кысым көрсөткөн учуру көп кездешет. Байкоочулардын айтымында, бул негизинен Ашхабаддын өтүнүчү менен ишке ашырылат.
Буга чейин Түркияда бир катар башка блогерлер да кармалып, мекенине депортацияланган. Алардын арасында Фархад Мейманкулиев, Ровшен Клычев, Сердар Дурдылыев жана Мердан Мухаммедов бар.
Депортациядан кийин алардын кээ биринин тагдыры белгисиз бойдон калууда. Түркмөн бийлиги Мейманкулиевди 22 жылга эркинен ажыраткан.
Шерине