Документте 2022-жылдын июнь айынан 2025-жылдын январына чейинки убакыт камтылган.
Долбоордун авторлору маалыматты орусиялык армиянын катарында жүргөн жеке булактардан алганын айтууда. Бул маалыматтарга таянсак, 196 тажик жалданма аскеринин ичинен теңи 2024-жылы каза тапкан (147 адам). Согушка баргандардын жашы 18ден 70ке чейин.
"Озоди" радиосу Орусияда көчөдөн кармалып, же миграциялык борбордон жана түрмөлөрдөн күч менен согушка тартылып, Украинада каза тапкандар тууралуу буга чейин да жазган.
Алар кимдер?
Аты аталгандар арасында Абдурахмон Жоми районунун тургуну Назрулло Жунайдов бар. Ал 2023-жылы каза болгон. Туугандарынын бири "Озодиге" маркум согушка чейин "Яндекс.Таксиде" иштегенин айтты.
"Чакыруу келди. "Барбасаң отургузабыз" дешти. Ал каалабады, бирок барбай койгонго аргасы да жок болчу", - деди тууганы.
Назрулло орус жарандыгын алган, мындайлар тизмеде жетиштүү. Долбоордун маалыматында айрымдары өлкөдө мыйзамсыз жүргөндүктөн орус бийлиги аларга "түрмө же фронт" деген талап койгон.
41 жаштагы Диловар Нажмуддинов 2016-жылдан бери Орусияда документи жок жүрөт. Ал 2023-жылы келишим түзүп, декабрда согушта өлгөн.
Тажикстандын дагы бир тургуну Бустон Этмишев 2017-жылы Орусияда куралдуу кол салууга айыпталып, 11 жылга соттолгон. Долбоордун маалыматында ал дагы фронтко барган. Анын Тажикстандын кайсы аймагында туулганы азырынча аныктала элек.
Тизмедеги айрым согушкерлер орусиялык базага депортация коркунучу тооруп турган "байкоодогу адамдар" катары кирген. Алардын арасында Дүйшөмбүнүн тургуну Аслан Наврузов да бар. Анын согушка кантип барып калганы белгисиз.
Орусияда мигранттарды тартип же эреже бузганы үчүн кармап, миграциялык борбордон эле согушка айдоо акыркы эки жылда күч алды. Ушундай эле даттануулар орусиялык түрмөлөрдөн да келип түшүүдө.
Алсак, 2020-жылы маңзат иши үчүн 10 жылга соттолгон Мустафо Назирзоданын иши. Аны дагы түрмөдөн эле согушка айдашкан.
"Вагнерчилер" жана күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери
Айрым тажикстандыктарды согушка Орусиянын Куралдуу күчтөрү эмес, "Вагнер" аскердик жеке компаниясы тарткан. Айталы, кулябдык Насимжон Сафар 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын майына чейин Бахмуттун алдында согушкан.
Муминабад районунан чыккан 38 жаштагы Ёрбек Палавонов Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын "Альфа" бөлүгүнүн мурдагы кызматкери.
Украин долбоорунун маалыматында ал орус армиясынын катарына 2022-жылы апрелде Чеченстанда жүргөндө кошулган.
Ёрбектин агасы Журабек Палавонов инисинин өлүү-тирүүсүн билбей турганын "Озодиге" айтты:
"2022-жылдан бери байланышка чыга элек. Кичине эки баласына да жардам берген жок. Райондук хукуматтан келишип, атам менен сүйлөшүп кетишкен, башка эч нерсе белгисиз".
Жалданмалардын рекорддук саны
"Жашагым келет" долбоорунун өкүлдөрү Борбор Азияда орусиялык армия менен келишим түзгөндөрдүн ичинен тажикстандыктар рекорд койгонун айтышууда. Буга чейин алар Казакстандын жана Кыргызстандын жарандары тууралуу тизмени чыгарышкан, бирок тажикстандыктардын саны алардан кыйла көптүк кылат.
Долбоор мындан тышкары "Орусиянын бийлик органдары жана аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү тажикстандыктарды депортация менен коркутуп жана алдап келишимге кол койдуруп жатканын" белгилешкен.
"Биз Тажикстан Республикасынын бийлигин, ЖККУга мүчө башка мамлекеттердей эле жарандарынын орусиялык армияга тартылышына көз салып, бул жаатта аракет көрөт деп ишенебиз", - деген украиналык долбоорду негиздегендер.
Тажикстандын тизмеге карата расмий жообу азырынча жок. Бирок "Озодинин" маалыматында, күч органдары ушундай тизме түзүп жатат. Хатлондун ички иштер бөлүмүнүн кызматкери аймактагы согушка кеткендердин баарына мониторинг кылуу тапшырылганын билдирди.
"Биз бардык үй-бүлөлөр менен сүйлөштүк. Жарымынын кош жарандуулугу бар экен. Орусиядан тастыктама же адам өзү келмейинче иш козгоо кыйын", - деди ал.
Тажикстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 401-беренесине ылайык жалданмачылык үчүн жоопко тартуу каралганы менен ушул кезге чейин бир дагы иш козголгон эмес.
Расмий маалыматка таянсак, 2023-жылы Дүйшөмбү орусиялык абактарда жаткан Тажикстандын 100дөй жараны согушка тартылганын гана ырастаган.
"Алар бул биздин согуш эмес экенин түшүнбөйт"
Миграция боюнча тажикстандык эксперт Дилшод Абдурахмон "Настоящее время" телеканалына курган маегинде, мекендештери эмне үчүн согушка барып жатканын минтип түшүндүрдү.
- Эң башкы себеп, Орусияда иштеген биздин жарандардын билиминин төмөндүгү. Экинчи себеп, Тажикстан өкмөтүнүн өз жарандарынын орус армиясына тартылып жатканына кайдыгер караганы. Бул кайсы бир деңгээлде Тажикстандын Орусиянын бийлигине тилектеш болгонун, Москванын саясатын колдогонун билдирет. Дүйшөмбү азыркы режимин сактап калыш үчүн Москвага колдоо көрсөтүп, жарандарына карата Орусиянын аракеттерине көз жумду мамиле кылууда.
– Орусиянын армиясынын катарында согушкан жалданма тажик аскеринин портретин тарта аласызбы?
– Негизинен билимсиз, бул анын согушу эмес экенин түшүнбөгөн адам. Эгер ал кырдаалды түшүнсө, Орусия тарапта эмес, Украинанын аскеринин катарында согушмак. Бул адамдар Орусия Украинаны жеңсе, орусиялык аскерлер Дүйшөмбүдө да аскердик аракеттерин жасабайт деген кепилдик жоктугун аңдабайт. Экинчиден, булар фронтко тажик өкмөтүнүн кандайдыр бир колдоосу жоктугунан улам барышкан. Тажик мигранттары кароосуз калган, аларды Орусиянын өкмөтү каалагандай калчайт. Бул жана мен айткандай, Дүйшөмбүнүн кайдыгер жана кылмыштуу үнсүздүгүнүн айынан болууда.
- Тажикстандык жалданмачылар Орусиянын түрмөлөрүндө жаза өтөп жатып кеткендерби же өз ыктыяры менен баргандарбы? Тизмеге карасак, Тажикстандан барган жалданмачылардын саны 2024-жылы мартта "Крокуста" болгон жарылуудан кийин көбөйгөн экен. Бул маалда мигранттарга каршы чабуул күчөбөдү беле?
– Орусиянын абактарында отурган Тажикстандын жарандарынын саны жогору жана бул баш оору бойдон калууда. Алардын тагдырына Тажикстандын бийлиги да, эл аралык уюмдар да кызыкпайт. Мындай эч качан болгон эмес, согуш башталганда да мындай эмес эле. Акыркы жылдары алардын абалы оорлой баштады. Алар басымга, кыйноого жана ар кандай кодулоого кабылууда. Бул адамдарды түрдүү ыкма менен келишимге кол койдуруп, канды булоонго айдап жатышат. Аны менен эч кимдин иши жок.
Тажикстандыктардын согуштагы статистикасына "Крокустагы" окуя да таасир этти. Менде көптөгөн тажикстандыктардай эле бул терактка байланыштуу күмөн саноолор жана суроолор жетиштүү. Бирок бул окуя Орусиядагы мигранттардын жашоосуна терс таасир этип, орус бийлигине аларды репрессиялоого жол ачты.
Таңкалычтуусу, бул теракттын пайдасын орусиялык бийликтер көрдү. Алар мурда эле мигранттарды адам катары эсептеген эмес, теракттан кийин каалаганын кылууга мандат алышты. Көрүнүп тургандай, мигранттарды, айрыкча Тажикстандын жарандарын тобу менен кармашып, келишим түзүүгө мажбурлап, кан күйгөн жерге айдап жатышат.
Мунун фонунда Тажикстандын бийлигинин былк этпей отурганы кечиримсиз, өлкөдө депортация коркунучу тооруган мигранттардын кайтып келиши үчүн кандайдыр бир шарт түзүлгөн жок. Үйгө карай билет же согуш деген дилемма болсо, тажикстандык согушту тандайт, анткени мекенинде аргасыздык, жумушсуздук жана жакырчылык күтүп турганын жакшы билет.
Мен Орусиянын армиясына 900дөн ашуун жалданмачы барганын, анын 200дөйүнүн каза тапканын реалдуу статистиканын азганактай гана бөлүгү деп ишенимдүү айта алам. Менимче, орусиялык армиянын катарында жүргөн тажикстандыктардын саны мындан да көп.
Буга чейин украин өкмөтүнө караштуу “Жашагым келет” долбоору Орусия тарапта согушуп жүргөн кыргызстандык 300дөн ашуун жарандын тизмесин чыгарган.
Борбор Азия мамлекеттердин өкмөттөрү өз жарандарын чет өлкөдөгү куралдуу кагылыштарга катышуудан баш тартууга жана ага мыйзамдык жаза каралганын эскертип келишет.
Шерине